ЖОЛБОРС УЙЛАРДЫ КАНТИП АЛДАДЫ?

№533 18-24-январь, 2013-ж

(Бирма эл жомогу)

Илгери-илгери өткөн заманда токойдо аябай куу жана арамза Жолборс жашаптыр. Токойдон анча алыс эмес жерди бир топ уй жайыт кылышчу. Уйлар ынтымактуу болуп, дайыма чогуу жүрүп, эч качан бөлүнүшчү эмес. Арамза Жолборс көптөн бери бир уйдун кардын жарып, этине тойсом экен деп эңсеп жүрчү. Жолборс бул оюн ишке ашыруу үчүн алардын ортосуна чок салып, топту бузууну ойлонот да, четте оттоп жүргөн Уйдун жанына келип, минтип шыбырайт:
– Эй, шуңшуйган мүйүздүү Уй, кулак салчы мага! Тээтиги мүйүзү ийри, капталдары кирип турган Уй сени сүзүп салсамбы деп эңсеп жүргөнүн билесиңби?
– Жо-ок! Чын эле анын ушундай ою бар бекен?
– Ооба,- деп баш ийкеген Жолборс акырын токойго кирип кетет. Эртеси ал башка Уйдун жанына келип, ага мындай дейт:
– Эй, узун куйруктуу Уй! Мен карасам, сен эч нерседен кам санабай гана оттоп жүрөсүң. Же сен көрбөй жатасыңбы тээтиги шуңшуйган мүйүздүү Уйду? Карасаң, ал тим эле керсейип, сени сүзүп гана салгысы бар!
Ошентип, уйлар Жолборстун сөзүнө ишенип, бири-бирине ишенбестик менен карай башташат. Көп өтпөй болбогон бир нерседен чыр чыгат. Ошондон баштап алар мурдагыдай чогуу жүрбөй, ар бири өз алдынча оттоп, өз алдынча сууга барып, бөлүнүп кетишет.
Жолборско ушул гана керек болчу. Ал шуңшуйган мүйүздүүнү да, узун куйруктууну да, мүйүзү ийри Уйду да бир-бирден жара баштайт. Ошентип, айлакер Жолборс бададагы бардык уйларды жеп бүтүптүр. Бул окуядан кийин эл арасында "уйлар бөлүнсө, жолборс сүйүнөт" деген кеп калган экен.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо