№533 18-24-январь, 2013-ж
Ош шаардык мэриясынын жаштар комитетинин мүчөлөрү Баткен облусунун Чарбак айылындагы жабыр тарткан тургундарына жардам көрсөтүү акциясын уюштурушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Жаштар комитетинин активдүү мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик, шаар тургундары баткендик мекендештерибизге 3 тонна ун, 150 килограммга жакын өсүмдүк май, 500 килограмм макарон, 200 килограмм кумшекер жана 80 миң сом акчалай жардам беришкен. Буга жалпы жонунан 320 миң сомдун тегерегиндеги акча керектелген.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
здравствует Кыргызстан!