№533 18-24-январь, 2013-ж
Социалдык тармактардын биринде "Миң кыял" радиосунун ди-джейи Гүлназ Бакирова менен кесиптеши Алтын Мырзанын жылуу кучакташкан сүрөтү колдонуучулардын бүйүрүн кызытып койгон эле. Иштин чоо-жайын сурап ди-джей кызга байланышканыбызда ал: «Ооба, Алтын Мырза экөөбүз кыз-жигитпиз. Мурун 3 жыл чогуу иштешкен кесиптеш катары бири-бирибизге достордой мамиле кылып жүрчүбүз. Кийин Алтындын жашоосунда айрым окуялар болуп кетип, 2 жылдай көрүшкөн жокпуз. Ошол кезде ал үйлөнгөн болчу. Бирок былтыр экөөбүз жолукканга чейин ажырашып кетиптир. 1 уулу бар. Экөөбүз өткөн жылдын жай айларынан бери кыз-жигитпиз, Кудай насип этсе, жайында үйлөнөлү деп пландап жатабыз. Учурда Москвада ата-энемдин жанындамын. 8 жылдан бери алардан алыс жашап, абдан куса болупмун. Буюрса, жазында мекениме барам» деген сөзүн айтты. Эмне демекчибиз, башыңарга бакыт кушу консун, кесиптештер!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |