Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БАЛДЫЗЫМ» МЕНЕН БАКТЫЛУУМУН, БИРОК...»

№533 18-24-январь, 2013-ж

– Султандын ырларын көп угат экенсиз...
– Оо, айтпа, акыркы күндөрү Исанын «Гүлзарына» да ашык болуп жүрөм.
– Төө-Ашууга чейин онунчу жолу «Кош айтамды» угуп баратасыз, бир ырды кайра-кайра угуудан тажаган жоксузбу?
– Ээ, бул ырда менин махабатым ырдалгандай сезиле берет, ырды угуп, өткөн күндөргө кайтып барам.
Мына ушундай диалог менен айдоочу окуясын баяндап берди. Ошентип, демейде жетпечүдөй сезилген даңгыр жолдо айдоочунун ашыктык баянын угуп отуруп узун жолубуз кыскарган эле...
– Жашым 43тө. Сен азыр сураарыңды билип турам, «ушул жашка келгенге дейре сүйүүңүз өчө элекпи?» дейсиң. Акылга баш ийип, сезимди сыйлабаган жанмын да мен. Жашпыз, 8-класстан эле сүйүүгө кабылгам, айылыбыздын татынакай кызын жактырчумун. Биздин убакта бирөөгө сезимиңди билдирип кат жаздың дегиче, кат ташыган бала эле жалпыга айтып, дароо дүң дей түшүп, сырыбыз ачылып калчу. Айзада экөөбүздүн сүйүүбүз да ошентип ачыкка чыккан. Бирок биздин мамилени кат ташыгычтар жайбай эле, анын сиңдиси жеткирген...
Мен момпосуй алып берип, 1-класста окуган сиңдисинен катты берип жиберем, эртеси ал жообун ала келет. Бир күнү Айзада сиңдиси Ханзаданы катуу урушуп, какыс-кукус да кылып жиберген окшойт. Ачуусу келген «агентибиз» ата-энесине «Айзадаңыз Сабырдын баласы менен сүйүшөт» дептир. Бир чети аларга айтканы деле жакшы болуптур, көпкө сүйлөштүк, ата-энеси деле каршы болушпады. Мен окууну бүттүм, техникумга тапшырдым, 3 жылдан соң Айзада да мектепти бүтүрүп, училищеге тапшырды. Баягы бала кезден бери таанып, кулк-мүнөзүбүздү жаттап калганбыз да, айлуу түндө айды карап, жылдыз санап далай сонун түндөрдү өткөргөнбүз.
Мен айылга келип жумушка орноштум, ал Жалал-Абадда окуйт, студент. Жай айы эле, каникулга келиптир. Жолукканда «группалашымдын туулган күнү, Араванга чакырып жатат» дегенинен кыйылып жатып макул болдум. Эртеси кабар келди, «Айзаданы ала качып кетиптир» деген. Угар замат апамды алардын үйүнө жөнөттүм. Ата-энеси «кызыбыз жаш, Исмат барып «менин болочок колуктум» деп алып келсин» дешиптир. Эки-үч досту чакырып, милициядагы айылдаш аганы кошуп алып барып калдык. Кызыл шапкечен агабызды көргөндө эле корккондорунан «кызыңарды алып кете бергиле» деп кечирим сурап, салып беришти. Жолду катар урушуп келдик. «Бир көргөн адамды эле кантип ала качып кетсин? Мурдатан тааныш болчусуңар» деп Айзаданын кулак-мээсин жедим. Ал актанат, мен ишенбейм. Акыры ыйлап жибергенде гана кызга боорум ачып, ишендим.
Күндөр өтө берди. Бир күнү ал «бизди пахта тергенге жиберүүдө, жакшы тур» деген кат жазып жибериптир. Арадан үч күн өтпөй Айзаданын күйөөгө тийгени жатканын сиңдисинен уктум. Үйдөгүлөргө «сүйлөшкөн кызымды дагы ала качып кетиптир» деп кантип айтам? Эркек киши үчүн ушул сөздү айтуу түйшүк да. Эртеси апасы келиптир, «кызымдын ал балада көңүлү жок экен, Барпыга ала качып кетиптир, жүрү, алып келели» деп. Менден мурда атам: «Сагынбү, менин уулум оюнчук эмес, кызыңарды улам бир көшөгөдөн сууруп чыккыдай. Кызың сүйлөштүбү, эми отурсун, улам бир босогону аттай береби?»- деди ачууланып.
«Мына, мен барган күндө деле атам ак батасын бербеси анык болуп калды го» деген ой келди. Айылдагы айың кептер жүдөтөт экен адамды. Мен барбай койдум, Айзада башкага тийип кетти. Жаштык кез, ачуума чыдабай арак ичкенден көрө мен да аял алайын деп коңшу айылдан бир кызга баш коштум. Ортодо сүйүү болбосо бекер экен, уулубуз бир жашка чыкканда «мени сүйбөсөң кантип жашайм?» деп кетип калды. Сынып калдым, улуулар кыздарга «бактылуу бол» деп көп бата беришет эмеспи. Көрсө, эркек баланын деле бактысын тилеш керек тура.
Турмуштан жолум болбой калабы деп жүргөндө айылдан Айзаданы жолуктурдум. Бир уулдун энеси болуптур, салкын учурашып өтүп кетти. «Үйлөн, кимди күтүп жүрөсүң?» деген жемени көп уккан жаным бир күнү мына сага деп бизге кат ташыган Ханзаданы шаарда окуп жүргөн жеринен ала качып келе бердим. Бир чети күлкүлүү эле. Атынан айтпай, балдыз деп эркелеткен кыз минтип көшөгөмдө отурат. Алгач кайын журт каршы болду, бирок кыздын көңүлү бар экен, калып калды.
Кыскасы, азыр очор-бачар болуп, төрт баланын ата-энесибиз. Оозубуздан бир да жолу «сен ошондо...» деген сөз чыкпайт. Бир кезде мен жактырган кыз азыр кайнежем, ушул жашка келсем да, көзүнө тик карай албай кыйналам. Балким, бул жаш кездеги жакшы бир күндөрүмдү эске салаттыр... Мына, жетпей калган ырларды, анан гүлзарды аралаган ырларды аралаштырып укканымдын сыры ушунда...

Исмат
Жаңыл Калыкова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  24 
Комментарийлер(67)
23.01.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ала качуу эч кандай кылым карыткан салт эмес ал тээ жоокерчилик заманда башка уруунун кыздарын ала качып уйлонуудон кийин башталат. Кыргыздар ата энесинин макулдугунан эле уйлонушкон жана белкуда деген нерселер жолдон чыкпаса керек! Ала качуунун айыбынан канчалаган ушундай байкелер жана эжелер кыйналышат омур бою.....
23.01.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетпей калган Суйуунду коргондо журогун жарылып кетчудой болот го. Ошого кантип чыдап журот болду экен! Сонун баян экен!
23.01.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Астапыралла, тообо! Эжесинин суйгонуно синдиси тийип... Укмушун кур эй!Тымырайып тийип алганын карасан! Эжеси аттин кылат да, убагында жигитинин бош, ыргылжын экенине. Суйгон кызын ала качканга жол берген эркек ал алсыз эркек го. Бир кызын карай албай))) но бактылуулук болсун, башы бутун болгон сон
26.01.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
best-life, суйгон кызын алдырган еркек емне алсыз еркек бекен, бул жашоодо суйуудон да ойдо турган нерсе бар ушуну бир билгин!
24.12.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
best-life, ukmuwun kur ei degen soongoi :)
24.01.2013. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байке жакшы окуя экен бирок духунуз жетип балдызынызды алганызга соз жок атак кыйын балдызын менен суйгонундун уйуно чайга чакырса кандай барасын . синдиси бираз наглыйлык кылыптыр .
кандай болсода адушу бактылуу болун байке
24.01.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх....жашоооо....суйуу....
24.01.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сочувствую байкеге. Кыйын тагдыр. Мындайдын жарасы бутпойт, коргон сайын кайра козголуп. Сапар Эркебаев ырдаган "Унутам сени" да мындайда козгогуч ыр
24.01.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чуркагандыкы эмес буйругандыкы деген макал дагы да озун чыналтты бул окуядан!бактылуу болушсун.
24.01.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх суйуу суйуу!!!
24.01.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула
24.01.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буйрукда.бактылуу болгула!
25.01.2013. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунузду кыйнап бекер кылыпсыз...эжесине да кыйын сизди коргондо..
25.01.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кызык киши екен,биринчи алып кеткенде эле экоо уйлонуп албайт беле.Обычно жигити кошогодон аолып кеткенде сразу уйлонот го,анан журуп албай дагы алып качып кеткенче.чечкиндуу эемес экен да.
25.01.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аттин жетпей калган экенсиз,бирок ошол сиз суйгон адам азыркы убакытта кайнежениз болуп калганы бир четтен окунучтуу бир четтен жакшы.менин бир суроом бар унуттунузбу же ырларды укканда эстеп коюп журосузбу???
25.01.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Опппооо!!!!!
25.01.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу деп ушуну айтса керек?.
26.01.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кош айтамды ким ырдайт озу
26.01.2013. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
simple_boy, Sultan Sadyraliev yrdait. jakshy yr) birok maga okshogon jaraluu jurokotrdu ezip salat(
24.12.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aigowa, anda sen da okuyandy aityb berchi????
26.01.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makaldi birinchi Uret ugushum ukmushko
26.01.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тагдырдан качып кутула албасын дегени ушу да...
27.01.2013. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кош айтам"деген кайсы ыр?Ким ырдайт?
28.01.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
27.01.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо сонун окуя экен мага жакты
28.01.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде байке чечкиндуу болсо суйгонуно жетмек. Анткени биринчи алакачкан жерден алып келгенде эле уйлонуп алса болмок. Озу журо берген камырабай, ортодо жон эле бир кызды алып аны да бактысыз кылыптырсыз. Ушундай чечкинсиз эркектер жакпайт, жигиттер чечкиндуу болушса.
01.02.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуу,суйуу деп эле тушунбодум бул адамга.Акыл эси жайында немеби бироонун чырактай кызына неге уйлонот анда, анын да турмушуна так кылып.Очошуп уйлонгондой болуп,булардын суйуусу учун бироо жабыркап.Уулучу ал жетим кетти апасынын колунда,озу болгон окуя бекен? Начар, я не поддерживаю.
24.12.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mir82, tuura kowulam
09.02.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ала качкан эркектин, эркектигине жатпайт мындай иш... Салт деп шылтап коебуз, менин жеке оюм эркексинби озуно ишенесинби, ала качпа! Суйлош тааныш, жакынырак бильгиле бири биринерди. Эртен окунбогудой болуп
12.03.2013. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура ой жугуртуп, туура комментарий жазышты уйронсонор, оюнарга келгенди жазып коё бербей, бул деген 89 жылдан 96 жылга чейинки болгон окуя болуп жатат ... Просто Исмат аганын бешенесине ушундай болуп калган, жетпей калды и сразу синдисине уйлонуп алган жок, арадан 5-6 жыл отуп уйлонгон. Мындан 10,15 жыл илгери Жалал-Абадтан уккан эмесмин суйлошуп уйлонгондорду, только ала качып уйлонушкон
14.03.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жетпей калган суйуу таза, жеткенден кийин жомоктогудай еле, ертеси башталат проблема суйгонун козуно ажыдаар болуп корунот кор оокаттын айынан
24.12.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meris, da net ai ni do takoi stepenii ..
18.03.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashtyk ...bardygyn ordundai kyluu kyiyn bolgongoo
14.06.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошогодон сууруп алып келгенден кийин сразу улонуп алыш керек эледа негизи, ошондо суйуусу менен бирге болмок.
15.06.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жомок жакшы жазылган, бул жомогунду баланды уктатып атканда айтып бергин ээ досум
13.09.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонунго
05.10.2021. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо