Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРА КҮРҮЧ – ЖҮРӨК ООРУСУНУН ДАБАСЫ

№533 18-24-январь, 2013-ж

Жапайы кара күрүч азыр деле Түндүк Америкада кездешет. Маданий түрлөрү болсо бир топ өлкөлөрдө: Бали, Кытай, Таиландда, Түндүк Америкада өстүрүлөт. Кара күрүчтүн илимий аталышы – суу цицаниясы же суу күрүчү. Европанын айрым жерлеринде көлмө четтеринде кооздук үчүн эгилет. Кара күрүчтүн күрөң, кочкул күрөң (шоколадга окшош), көмүрдөй капкара түрлөрү бар. Кара күрүчтөн ак күрүч сымал эле палоо, суюк тамак, салат түрлөрү, суши жана башкалар жасалат. Бышыруу, жасоо ыкмалары ак күрүчтөй эле.
Күрүчтөрдүн ичинен тай күрү­чүнүн сапаты жакшы деп бааланат. Аны бышырганда бири-бирине жабышпайт, кайнап жатканда суу киргилт да тартпайт.

КАСИЕТИ
100 грамм кара күрүчтүн кура­мында: 15 грамм аминокислоталуу белок, фолий кислотасы (чоң адамдын 1 күндүк керектөөсүнө тең өлчөмдө), В, Е витаминдери, антиоксиданттар, 433 миллиграмм фосфор, 177 миллиграмм магний, 6 миллиграмм цинк, 1,3 миллиграмм марганец бар. Антиоксиданттар артерия кан тамырларын бекемдеп, кан тамырларды серпилгич кылат. Рак ооруларынын алдын алат.
Кара күрүч иммунитетти кө­тө­рүп, жүрөк булчуң­дарын азыктандырып, артериалдык кан басымды түшүрөт. Негизи эле жүрөк-кан тамыр ооруларында пайдалуу. Төрөттөн, операциядан кийин адамды бат калыбына келтирет. Климакстын өтүү учурун же­ңил­детет, кандагы холестериндин дең­гээлин азайтат. Көрүүнү жакшыртып, чачтын түсүн оңдойт.

АК КҮРҮЧТӨН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?
1. Курамында ак күрүчкө салыштырмалуу натрий аз. Организмде натрий канча аз болсо, оорулар да ошончо аз болот. Натрий азыктардан этте, жаңгакта, сүт азыктарында болгондуктан, кээде анын нормасы организмде көп болуп кетет. Мындай кезде кан басым көтөрүлүп, жүрөк-кан тамыр оорулары козголот.
2. Ак күрүчкө салыштырмалуу кара күрүчтө белоктор 2 эсе көп. Ошондой эле селен, магний, калий, кальций да көбүрөөк.
3. Клетчаткалар да көп бол­гон­дуктан, ичегилердин иштөө­сүн жөнгө жакшы салат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
13.02.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара гуруч деген гречкабы ия?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо