«КҮРД КЕЛИНДЕРИ ӨМҮРҮ КАЙНАТАСЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШПӨЙТ»

№534 25-31-январь, 2013-ж

Талас жергесинде башка улуттар менен катар эле күрддөр да жашашат. Таласта командировкада жүрүп, алардын салт-санаасы, ырым-жырымдары жана башкалары менен таанышмакка күрддөр айылы деп аталган Кара-Буура районундагы Тамчы-Булакка жөнөп калдык. Барып, Торохали оглы Сулеймандын үйүнө түшүп, үйдүн кожойкеси Солто айым менен маектештик. Биз кыргызча баарлаштык. Анткени бул айылдагы күрддөрдүн баары кыргызчаны суудай билишет.

Күрддөрдүн түпкү мекени – Күрдүстан (Жакынкы Чыгыш). Күрдүстандын аймагы азыркы Түркия, Иран, Ирак жана Сириянын аймактарына бөлүнүп кеткен. Аныкталган чек арасы жок.
Кыргызстанда – 13171 күрд бар. Талас облусунда 5547 күрд жашайт (2009-жылкы маалымат боюнча).
Негизги отурукташкан жерлери – Манас жана Кара-Буура райондору. Сталиндик репрессия кезинде, 1937-жылы Кавказдан Таласка көчүрүлгөн.
Тили – Күрд тили (иран тил тобуна кирет).
Дини – Ислам.

– Солто айым, алгач сиздин үй-бүлө менен таанышып алалы. Канча уул-кызыңыз бар?
– Жашым 53тө, күйөөм 54 жашта. Үч уул, эки кыздын ата-энесибиз. Ушул 53 жашымда 16 неберелүү болуп отурам.

– Анда канча жашыңызда турмушка чыккансыз?
– Бизде салт боюнча кыздарды 15-16га чыкканда эле күйөөгө беришет. Балдарыбыз деле ушул жашында үйлөнүшөт. Мен 15 жашымда турмушка чыккам. Кызымды да 15инде турмушка бердим эле, азыр, 35ке чыккан кезинде 1 неберелүү болуп отурат.

– Бизде жээн туулганда кыздын апасы бешик алпарат, сиздердечи?
– Жээнге биз да бешик, кийим-кечек, таттууларды алпарабыз. Алгач бешикти адырашман менен аластап коёбуз. Кыргыздар адырашманды барып эле жулуп алышат, а биз ырымын кылып, анан үзөбүз.

– Кантип?
– Адырашман, адырашман,
Мени сага жиберди Осман атам (ыйык ата).
Дарылыкка алмакка...- деп айтып, адырашмандын башын 3 сыйра сыйпап, анан үзөбүз. Болбосо анын дарылык касиети жок болуп калат делет.

– Эми жаңы төрөлгөн балага ат коюу ырымы кандай экенин айтсаңыз. Сиздерде да азан айтып ат коёбу?
– Азан айтышпайт. Уул балага атты көзү өткөн аталардын атынан коё беребиз. Мисалы, Хусейин, Дурсун, Мамед деген сыяктуу. Бул алардын ысымы унутулбасын деген ырым. Баланы төрөт үйүнөн алып келгенде ырымдап 40 кашык сууга киринтебиз. Бешикке кыркы чыккан соң салабыз. Кыркын дал 40 күндө чыгарбайбыз. 40 күндөн 5 күндү уурдап, 35 күндө чыгарабыз. Бирок айтканда кыркын чыгардык дейбиз.

Баланын карын чачын алуу ырымы да колдонулабы?
– Бизде баланын чачы бир жашка чыккыча алынбайт. Бир жашка толгондо алгач балага өкүл ата-өкүл апа дайындайбыз. Алар балага 4-5 сыйра кийим-кечек, колунда болсо алдына салганга килем, акча, таттууларды алып келишет. Баланын жакын туугандары чогулуп, чакан тойчук өтөт. Кийин сүннөт той беребиз, баланы отургузганда.

– Баланы үйлөнтүүдө кандай салт-санааны колдоносуздар?
– Кыз-жигит сүйлөшкөн болсо, анда кадимкидей кудалашып, кызга алтын сөйкө салып келебиз. Анан той берип алабыз. Кээде кызды ала качып келгендери да болот. Кызга кудалыкка барганда азыр 15 миң сом алпарышат, калыңга деп. Болду, ошону менен бала тарап кутулат.
Келин келгендегини айтайын. Келинди сиңдилери, жеңелери, инилери болуп 10 чакты адам коштоп келет. Дарбазадан киргизип, жоолук салгандан соң келиндин башынан тыйын чачабыз. Анан алдына казанды көмкөрүп, үстүнө тарелка коюп, ага жыгач кашык салып коёбуз. Келин казанды тээп, ошол тарелка менен кашыкты сындырышы керек. Көбүнчө тарелканы сындырышканы менен, кашыкты сындыра албай калышат. Ким экөөнү тең сындырса, «ии, келин тириликке бышык. Көп байлык алып келет экен» деп ырымдайбыз.
Келинди үйгө киргизерде колун балга салдырып, эшиктин үстү жагына сүйкөтөбүз. Бул эки жаштын жашоосу таттуу болсун деген ырым. Той башталып, эл дасторконго отурат. Баланын жеңелери кызды узатып келген кыз-келиндердин колун хна менен боёшот. Келинге баланын ата-энеси алтын чынжырча, алтын шакек сөзсүз салат. Тойдун акырында молдо эки жашка нике кыйып, бата берет.

– Көшөгө тартасыңарбы келинге?
– Жок, тартылбайт. Келин келгендин эртеси жумушка аралаша берет.

– Кайындарын тергейби? Отко киргизүү барбы?
– Отко киргизүү, тергөө деген бизде жок. Келин улуу кайнагалары, кайнатасы менен өмүр өткүчө сүйлөшпөйт. Улуулардын атын айтпаганы менен, кайнилерин, кайын сиңдилерин атынан айта берет. Кайненесин сыйлап 2 аптадай сүйлөшпөйт.

– Сиздерде туугандардын кызын ала бергенге уруксатпы?
– Уруксат. Бөлөлөрүн, таяке-жээндерин ала беришет. Мисалы, менин келиним – бир тууган сиңдимдин кызы. Кызым кайнимдин кызын келин кылып алды.

Кызды төркүлөтүү салты барбы?
– Бар. Эки жаш баш кошкондон 2 апта өткөн соң эле келинди ата-энесиникине алпарабыз. Кайын атасы капчыгына карап күйөө баласына 5-6 миң же 10 миң карматат. Анан кыз-күйөөгө кийимдерди кийгизип, толтура таттууларды берип узатат. Ошентип күйөө бала берген калыңынын теңин же көбүн эле кайра алып келет.

– Кызга энеси сеп береби?
– Ооба, сандык алып, ичине идиш-аяк, кийим-кечек салат. Жумшак эмерек, жууркан-төшөк берет. Буларды кыздын ата-энесиникине барганда эле кошуп беришет. Шарты жок болуп калса гана кийин берет.

– Эми улуттук кийимдер боюнча айтсаңыз...
– Улуттук кийимдер улгайгандарда гана сакталып калды. Көйнөк – крас, кенен шым – хэвалкрас, жилет – элек, юбка – навдэере, алжапкыч – шалек, кур – бэне пэштэ, аялдардын баш кийими – кофи (элечекке окшош), жүн байпак – горэ деп аталат.

– Эми сөздү адам кайтыш болгондогу жөрөлгөгө бурсак...
– Бизде сөөктү кайтыш болгон күнү эле жерге беребиз. Майрам сууга алып, кепиндеп, жаназа окулат. Бирок кыргыздардай болуп мал сойбойбуз. Кадимкидей боорсок, халва, каттама жасалып, дасторконго коюлат.

– Маркумду жерге берген соң куран окуп турасыздар да...
– Сөзсүз. Жети күндөн кийин жетилигин өткөрөбүз, ошондо мал союлат. Колунда барлар 4-5 уйга чейин союшат. Туугандары акча кошот. Мында да, бир жылдан кийин ашын бергенде да халва жасалат. Халва бизде улуттук тамак болуп саналат. Ар бейшемби сайын маркумга арнап жыт чыгарып, көп болбосо да бир чоң чыныдай халва жасоо, куран окутуу салты бар. Халва жасалбай калса, маркум тиги дүйнөдө ачка калып, башкалардан халва сурап калат дешет. Ошондуктан бейшембиде башкасы болбосо да ушуну жасайбыз.

– Жетиликке, ашка жылкы союлабы?
– Көбүнчө уй союлат. Ал эми жылкы этин күрддөр эзели жешпейт.

– Халвадан башка да улуттук тамактардан айтсаңыз...
– Улуттук тамактар көп эле. Бирок палюр, макарна тамактары оңой жасалганы менен өзгөчөлүү. Палюрда кесмени (же макаронду) сууга бышырып, үстүнө сары май, бал салып жейбиз. Макарнада чийки талканды (жүгөрү) сууга бышырып алуу керек. Бышкандагы тамак боткого окшойт. Тамакты идишке салган соң үстүнө сары май, бал кошулуп желет.

– Балдар мектепте кайсы тилде окушат?
– Биздин балдар үчүн орус класстар ачылган, айрымдары кыргыз класстарда деле окуй беришет.

– Огородго, үлүш жерлерге эмнелерди өстүрүп жан багасыздар?
– Көбүнчө төө буурчак, болгар калемпирин, сарымсак айдап сатабыз. Мал багып, эт сатып албаганга аракет кылабыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(50)
28.01.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
м биздин айылда да бар курддор кошунуларым кобу курд халва мн баклаваны келтиришет кичинекеймде уйлорунон чыкчу эмесмин баклава жеп:) Салтын, тилин сакташканына тан каласын башка улуттан кыз алышпайт кыз беришпейт бири бири менен кудаа тушуп журо беришет , эркектери шумдук доодой доодой гигант,кыздары да сооктуу сулуу болушат биздин айылдын курдору жигиттери 30 кыздары 25жашка чейин журушо берет акылсыз дейсинерби жоок оло кытмыр акылдуу байыган да ушулар ойлоносун эмнеге кыргызстанда узбеги, ду
28.01.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, баклава дегениниз эмне? Пахлава эмеспи?
29.01.2013. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sparkle, pahlava dep da baklava dep da aityla beret
01.02.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Damir Muhambetovich, тушунуктуу. Биринчи жолу угушум баклава деп,ошого пахлава эмеспи деп кызыктым
28.01.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турктор деле кинолорунда бала торолгондо азан айтпайт экен мусулман болуп,булар да ошолордой экен да.бирок 15жашында турмушка чыкса аябай эле эрте го,мм оздору билет да эми.Цыгандарга окшошуп кетишет экен булар.
28.01.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эмне учун кыргыз тилин окушпай орус тилин окушат кыргызстанда жашагандан кийин кыргыгызча окушпайбы бул да болсо биздин чондордун шалакылыгы
28.01.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мен даагы бир маалымат уктум эле маркумду жерге бербей эле союп жейт деген...
.
28.01.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asil.ai, alar cygandarda
28.01.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
angelo4ka_96, cygandar antpeit. kim aitty any.?!
28.01.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azapraza, Ejem,jezdemer aitkan bolchu da 1 koshuna adam oz kozu m,n koruptur cygandar osh0nd0i eken dep
28.01.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil.ai, Мен да ушундай пикирдемин! Оз козум менен коргон эмесмин !Бирок ошолорго жакын жерге жашашкан адамдарда анча биле беришбейт экен!Маркумду кандай узатуусу ушу убакытка чейин карангы!!! Тобо кылыш керек!!!
29.05.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil.ai, salamatsyzby soiup jegenderi bolgon birok azir emes al ilgeri mysaly turktor dele sogushta achka kalsan gana attin on tuyagin jegen kurtor dagy adamdyn etin jeshken
28.01.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tova birturlu kalk eken,balaga azan aitpagany kyzyk..
28.01.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай ден-соолуктары бекем, иштерман элдер. Кычыраган кышта жука кийим, галош менен журо беришет.Анан ынтымактуу келишет. мектепте ашып кетсе 6-7 класска чейин эле окушат.Кийингендери цыгандар сыяктуу.Дагы кошумча маалыматмурунку премьер министр Бабановдун апасы курд элинин кызы да.
28.01.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
катындын суроту тынчтыкбек кожобековго
28.01.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, боорду эзесин го..окшош экен...)))
29.01.2013. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, хахахаха точно
30.01.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, хахахаха боорду эздиниз го:)))
30.01.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, мен дагы ошону айтайын деп киргем да макалага ))))))
28.01.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарда эле деп ойлосом,ала качуу салтын...
28.01.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Курд эли жакын эле туугандары м.н кудаалашса, эрте турмушка берсе медицина боюнча Дени сак Адам торолбойт. Ошол учун "странный" экен да элдери. Бабановдун да келбети как то курддарга окшоп кетет.
28.01.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anjella8888, Бабановдун энеси курд болсо окшош болот да.
28.01.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салтын тилин сактагандары эн жакшы экен. А биздин кыргыздарыбыз болсо Москвага келип гр алгандан кийин эле озунчо кыргызча суйлобой кыргыз эмесмин деп куйдурот. Кыргыз экенин аты заты айтып турса да тан албайт тообо ушуларга тан Калам.
28.01.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адырышман деген эмне?
28.01.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде арча колдонобуз АА алар адырашман колдонот.
28.01.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адырашман деген арчанын бир туру,ысырык
29.01.2013. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ar bir uluttun ozunun salty bar. Maga jakkan nersesi KELINDIN KALYNY 15 min som menen butot eken. A bizde bolso 150 000 som menen da keede buturo albaisyn. Emi bailar maktanyp KALYNYNA 5 min 10 min dollar yrgytat. Bakyt AKCHAGA karabait. Bizde bolso ABIIRIN, NAMYSYN oilop olturup eptep orto chen menen eseptegende 50 000 som sarptashat kalynyna. Andai degen bolboitta. MISALY. BAikush jetim bala uilonom dese, AKYRY kandai bolot. Bizdin muftiiler ushunu da kozmol kylyshsa eken. Deputattarga soz jok
29.01.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
курддорду сыйлайм.ыймандуу чынчыл боорукер суйууго бек болушат.
29.01.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mahabat., тийип алда анда
29.01.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
и анан буларда ажырашуу жокко эсе 2 3 ажырашууну укпасан никеге ото бекем болушат анан той топур маарекелери сарамжалдуу тыкан отот биздей чача беришпейт топтогонун анан эч эле отуруш шаан шокот уюштурпайт да оло экономичный калк
29.05.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, turkiyanin yenidogan degen jerinde kurtor kop jerleshkender al jerde ajirashkandardi olturot kyzdyn atasy 70tegi chalga berse dagy ajirashpai jashashat
29.01.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдагы киши кийип турган улуттук кийими кызыктай экен...
30.01.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Жаман улут болбойт,жаман адамдар болот"дегендей,курддордун деле жаманы жакшысы бар да.Булардын кобунчо мага жаккан сапаты оз салтын катуу кармаганы анан аялдары дагы,эркектери дагы оз ордун билгени.Бирок,15 жашында эле уй-було курганы жаман экен.
30.01.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Консерватизмдин аягы аянычтуу бутот... Суйуп коргондой суйууго бек болот деп... Суйууго бек жигит кыздар бизде да толо, алар болгону ачыкка чыгарбайт да, суйдум куйдумдорун.
30.01.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага кайнатасы менен суйлошпогону тангалуштуу болду.бир нерсе айткысы келгенде дудукча суйлошот го странно
30.01.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mmm
30.01.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдер а бу дегенинер менен кыргыздарда жок улуттук ар-намыс буларда бар, оздорунун каада-салтын ото мыкты билишет. А бизде эмне, бири чокундук, бири ваххабист, бири иудей, бири сатанист деги койчу айтканга тил аран бурулат,деги кыргыз калабы!Жогоруда бироо туура айтыптыр торт соз орусча уйронуп алып дилин, динин озгорткону укмуш деп. Бизде курддордой намыс болсо жакшы эле болот.Озубузду ондойлу анан озгону сындайлы.
31.01.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урушканы да кыргыз, талашканы да кыргыз, бизде биримдик жок, 2 кыргыз кайерде жолукпасын уруш менен бутот..
31.01.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар эрте куйого тиийп бала чака торошуп кобойуп баратышат. таластын бир айылы эле жалан курдтор жашашат. а мындай ар кайсы райондо коооп булар. дагы кыргыздарды жалкоо дешип жаман корушот
31.01.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ептеп курдтун санын кобойтуш екенда
02.02.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабановдун энеси курд дейсинер, алар эч кимге кыз бербесе,анан кантип жалкоо деп жаман коргон кыгрызга кызын берди экен?
04.02.2013. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча окуйт дейби крда балдары?Чатак чатак булар Лолулор емеспи.Олукту уйуно комсо керек.
22.03.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Курддор аябай тууганчыл болушат,бироо бир жумуш кылып жатса чогулуп келип бутуро салышат.Анан дагы буларда алтын коп болот тапкан акчаларын мал ,машина албастан алтындап чогултушат ,себеби бир нерсе болуп кетсе алтынын туйунчокко туйуп алып кете беришет.Алтынды кай жерде болбосун сатсан акчада.Жаман жери балит болушат баняга тушуу булар учун азап,ошон учун дайыма бир жыт жыттанып турат.
13.04.2013. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Американы Барак Обама башкаргандай Россияны жакынкы 50-70 жыл ичинде мусулмандар башкарып калышы мумкун!орустар ошодон коркушат а биз кыргыздар кайсы улутан коркушубузду билбей калдык тим эле кобойуп кети го башка улутар кыргызстанда
18.04.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда уккам соокту уйго огородколе комот деп,анан жуунгандакайнатасы карап жуундурат деп уккам.Лолулорду болсо каргыш урган дейт,2бир тууган Ло. деген агасы Ли деген карындашы болот дейт,анан алар бир бирин аябай суйуп калып кошулуп алат, эконон чыккан бала акылы кем болуп торолот.курдалардада балдары кобунчо майып болуп торолот.ар бир уйдо 1ден 2ден инвалит бар.
03.01.2018. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менингит кошуналарым курддар ошолор менен урушуп кайра жарашып журуп эле чонойдук. Коргозбогон кордугубуз калган жокко.Бирок эжекем каза болгон куну кышында каар суук уйдун жанаынан авария болгондо ошол биз кордогон курддо бала чакасы менен келип баары жардам беришкен ошондо атам айткан жаман тууганга караганда жакшы кошуна артык деп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо