№534 25-31-январь, 2013-ж

Уйкусуздукка эмнелер себеп? Аны кантип жеңүүгө болот? Суроолорубузга жооп издейли.
УЙКУ ТУУРАЛУУ
Нормалдуу эс алуу үчүн чоң адамдарга күнүнө 7-8, ал эми жаш балдарга 10 саат уйку керектелет. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эринчээк жана үмүтсүз адамдар көбүрөөк укташат. Ар бир адамдын уйкуга муктаждыгы бар. Уктабастан жакшы жашоо өткөрүү мүмкүн эмес. Уйкудан дайым жапа чегип жүргөн адам жөнү жок ачууланып, сөз көтөрө албай, нерви чыңалган абалында жүрөт.
Окумуштуулар 2-3 күндүк уйкудан калган адамдар аң-сезимдүү ойлонуу, көңүл буруу, маалымат кабыл алуудан артта калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушарын изилдеп чыгышкан. 5 күн уктабаган адам соо абалында айтпачу сөздөрдү сүйлөп, дөөрүгөн абалга жеткенин да баса белгилешкен.
УЙКУСУЗДУКТУН СЕБЕПТЕРИ
ТЫНЧ УКТООГО ЭМНЕЛЕР ЖАРДАМ БЕРЕТ?
Уктоо алдында таза аба жутуп, жай сейилдеп басыңыз.
Моюн, ийин булчуңдарына, башка жумшак массаж жасатуу жакшы.
Жатар алдында жылуу сууга чайынуу же жылуу ваннада чөп кайнатмаларын кошуп жатуу пайдалуу. Суу булчуңдардын чыңалуусун жазып, уйку чакырат.
Уйку келбегенде ары-бери оодарылып кыйналгандан көрө китеп-журнал барактап же башка майда нерселер менен алаксысаңыз, «сокур молдо» качан жетелеп кеткенин сезбей каласыз.
Жагымдуу, жай музыка же жаратылыштагы үндөр: жалбырактын шуудуру, суунун шылдыраганы, жаандын дыбыраганы жаздырылган үндөр уктоого жетелейт.
Жакшы ойлорго алаксыңыз, кыялданыңыз. Мисалы, термелген кайыкта жатканды.
Майдаланган арча, ромашка, карагай тобурчактары салынган баштыкчаны баш жагыңызга коюп, жыттап жатыңыз. Чөптөрдүн курамындагы эфир майы эс алдыруучу касиетке ээ.
Сергип укташ үчүн дары чөптөрдөн демделген чай же бир стакан жылуу сүт ичиңиз.
КУШ УЙКУ САЛГАНДАН УЯЛБА!
Ооба, айрымдар уйкусуздуктан жабыр тартса, тескерисинче, айрымдардын уйкусу канбайт. Бул учурда эмне кылуу керек?
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |