«КАРЕКТЕРИҢ КАМАП АЛДЫ ДҮЙНӨМДҮ»

№534 25-31-январь, 2013-ж

Уктап жатканың керемет болчу. Кучагымда туруп жоготуп алдым. Уучумда туруп учуп кеттиң. Аялуу, азгырыктуу бул көздөр мени түшүмдө да, өңүмдө да ээрчип алган эле. Билесиңби, эгерде мен сүрөтчү болуп жаралсам, өмүр бою сенин сүрөтүңдү тартып жүрүп өтмөкмүн. Эгерде экөөбүз башка жагдайда жолукканда бардыгы башкача болмок. Ажырашып кеткенибизге көп болсо да, мен али сенден өзүмдү бөлүп кете албай койдум. Алыстан көрөм да, сага даап сүйлөй албай же жаныңа бара албай, артыңдан узата карап кала берем. Тек гана түшүмдө да, өңүмдө да көздөрүңө сыйынам. Көздөрүң муңга толуп, башкача карайт. Жаралуу аркардай жалооруган көз карашың жүрөгүмө канжар болуп сайылчу болду.
Байкашымча, жүрөгүңдө кайгы бар. Кыйналып жүрөсүң. Эмне кайгы тартып жүргөнүңдү билсем кана?! Бирок сен эч нерсе айтпайсың. Балким, менин бул жашоодо бар экенимди, сен үчүн баарына даяр экенимди билбестирсиң. Мен сага жөлөк болгонго даярмын. Бирок сен ошону, жок дегенде жөлөк болуумду каалаар белең? Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Ашыкча өзүңө ишенимдүүсүң. Жардын кырында турганыңды билсем да, кол созо албайм. Мени өзүңө жакындатпайсың. Адатыңча бардыгы ичиңде...

ххх

Мен сени качандыр бир кезде сүйбөй калышым мүмкүнбү? Эгерде андай болсо, мен үчүн бул жашоонун кереги болбой калабы деп корком. Күндүн атканы менен батканы, жашоонун өкүнүчү менен кубанычы бирдей болуп, айланамды кара туман басып калса керек. Сен жөнүндө айтылган ушактарга ишенбейм. Анткени сен наристедей тазасың, периштедей күнөөсүзсүң. Мен сени коргошум керек эле, коргой албадым. Сен тууралуу көп сөздөрдү угам. Ал сөздөрдү сени көрө албагандар чыгарып жүрүшөт. А балким, ошондой болгон күндө да сени күнөөлөбөс элем. Бирок катуу кыйналдым.
Адатымча сени издеп бара жаткам. Анткени ушул аялдамада көп турасың. Сенин тааныш карааныңды издеп бара жатып, жолдун четинде турган машинага көзүм чалына берди. Карасам, ичинде сен отурупсуң. Башка адам менен... Ал сени олдоксон кучактап, апакай алкымыңдан өпкүлөп жаткан экен. Жүрөгүмө бирөө канжар матырып алгандай «тыз» этти. Бүткөн боюм муздай түштү. Акырын ордунан жылып бара жаткан машинаны карап, көзүмдөн жаш чыкпаганы менен, жүрөгүм шолоктоп ыйлап жатты. Сени жашатып алган кооз ааламым талкаланып, кыялым, үмүтүм быт-чыт үзүлүп, көзүм тунарып бара жатты.
Көз ирмемде бийик деген сепилим урап, тунук деген булагым ылайланып каларын билбеген элем го. Сен ал адам үчүн эч нерсеге арзыбасыңды сездиң бекен? Ал мансабына, байлыгына чиренип, сендеги таза нерсенин баарын ылайлатып, өзүңдү тепселеп жок кыларын сездиң бекен?
А мен... Мен сендеги тамчыдай тазалыкты, сулуулукту сактап калгым келген. Колумдан келбеди, сактай албадым. Мендеги сезимди билбей калдың. Сени суук көздөрдөн, ыпластыктан сактап калгым келгенин байкабай калдың. Көлөкөңө сыйынып, баскан изиңди издеп жүргөнүмдү байкабай калдың.
Аттиң, бири кем дүйнө... Эми баары кеч. Бардыгы бүттү. Жүрөгүмдүн тереңинде муңайым тиктеген мурунку кара көзүмдүн элеси калды. Бирок дагы деле дүйнөм ошол көздөрдүн туткунунда...

Асылбек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(23)
28.01.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммммммм как будто.... менин....
28.01.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу
28.01.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
а болуптурда эми
28.01.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким жазган мурда кайда журду экен кызык ,,КОЛДО БАР АЛТЫНДЫН БАРКЫ ЖОК''-деген ошол эми ал кундорду тушундо коросун
28.01.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да суйгум келди ,бирок кимди............
29.01.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура анык суйуу ушундай болот
30.01.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вул чыныгы суйуу
30.01.2013. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуунун козу сокур деген ушул да.
30.01.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар кызык ээ, жакшы кыз болсон эчким суйбойт,ал эми ушундай кыздарды... Атандын кору дуйуно...
30.01.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnazi, ошондо озун мактагандан оло кач болуп атабы?:-))))))
30.01.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыыыыыыыыыыыыр, тагдыр.
30.01.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум жазгандай болуп кеттим ар бир созу мага туура келет го...
30.01.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдо бар алтын баркы жок? Барктаганы учун кыздын оюн сыйлап жакын бара албай журбойбу, кыз жакындатпайт да, жанында эле турат сунсан колун жетпейт... Мындай абалга кобу туш келбейт, муну СУЙУУ деп коет. Ушундай кыздарды суйо беришет... Суйуп калсан кыздын ушундай экени билинбейт козун менен корсон да акыл эсинди сезимин женип кетет...
30.01.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сезим жан дуйномду эзет
31.01.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото окунучтуу окуя экен. Эсли нам не судьба деп коетго тагдырдын буйругуда. балким ошол кыз кийин озунун кылганына окунуп калаттыр.
31.01.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаным, кайдагы суйуу, кайдагы кYлкY. Соолуду го сага арналган суйуумдун гYлY-деген ырдын клибине окшошуп кетет экен.
31.01.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйуу бул азаптын айланасында жашаган нерсе экенда теги ойлогондон чарчадым
01.02.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuunun jalynsyz otuna kuiup jurgon go. .
02.02.2013. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жазылыптыр
02.02.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин снегуречкам всегда с мной
03.02.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте суйуу. Суйууну тушунгондорда бар тушунбогондорда бар. Эгер Адам Баласы суйууну баалай билсе болду.
14.02.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле как будто мен жонундо
11.04.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу аябай кыйын,кол жетпей калса журоктоон сызып,журо бересин.даа эх суйуу суйуу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо