ОЛИМПИАДАЧЫ МУСАЕВГЕ МАМЛЕКЕТТЕН БӨЛҮНГӨН 20 000 ДОЛЛАРДЫ КИМ КЫМЫРГАН?

№534 25-31-январь, 2013-ж

КРнын Студенттер спортунун федерациясынын төрагасы, Кыргызстан Олимпиадачылар Ассоциациясынын президенти, «Дордой» спорт клубунун төрагасы Шаршен Касенов менен сүйлөшүп калдык. Негизи, ал киши быйыл өтүүчү Дүйнөлүк Универсиада тууралуу айтып берип жатканы менен, ичинде аны кыжалат кылган маселе бар экени байкалып турду. Анан кептин нугу бурулуп отуруп, анын спорт чиновниктерине нааразы экени ачыкка чыкты.

– Шаршен ага, жайында Дүйнөлүк Универсиада өтөт эмеспи. Бул тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
-Ооба. Быйыл Татарстандын Казань шаарында Дүйнөлүк Универсиада өтөт. Акыркы 40 жылдан бери мурунку СССРдин аймагында биринчи болуп өтүп жаткан мелдеште 30дан ашык спорт түрү бар. Анын ичинде аталган оюндардын программасына күрөштүн түрлөрү киргизилди. Чоң-чоң байгелер каралды. Өтө жогорку деңгээлде өтөрү күтүлүүдө. Анткени Орусиянын президенти Владимир Путин өзү көзөмөлдөп жатат.

– Бизден канча студент аттанмай болуп жатат?
-Катышуу тилегибизди билдиргенбиз. Бизден делегацияга 120 киши пландалууда. Акыркы 2 жылда өлкөбүздөгү Универсиада чемпиондорунан 89 спортчу чогултабыз. Бул жерде Олимпиададагыдай жолдомо берилбейт. Болгону мамлекеттер үчүн орундар каралган. 17 жаштан 28 жашка чейинки спортчу студенттерди ар бир мамлекет өзү тандайт. Бизден күрөш түрлөрүнөн негизги курамдар барат. Бул сапар «Лондон-2012» Олимпиадасындагыдай спортчуларыбыздын «турист» болуп барып-келүүсүнө жол бербейбиз. Ишенимдүү машыктыруучуларды дайындап, жоопкерчиликти ошолорго жүктөйбүз. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Жаштык» спорт ордосу менен биргеликте иш алпарабыз.

– Өзүңүз машыктыруучулук менен алектенип жатасызбы?
-Ооба. Машыктыруучулукту таштаган жокмун. Ортодо эки жыл тыныгуу болуп, кайра эле ишке өткөм.

– Сиздин акыркы шакирттериңиздин бири Магомед Мусаевдин Кыргызстанга келип калуусун түрдүү кептер менен түшүндүрүп жүрүшөт...
-Мусаевди Орусиядан алып келген менмин. Орусиянын Күрөш федерациясынын вице-президенти Алихан Харсиев мага байланышып, сөз арасында Мусаев тууралуу кеп козголуп калды. Көрөйүн деп койгом. Анан ал Рамзан Кадыровдун турниринде алтын медаль утканда биздин Эркин күрөш федерациябыздан өкүлдөр барып, макулдашышкан. Келгенден кийин Мусаев президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алып, «Дордой» клубунда машыга баштады. Бизде анын салмагында мыкты балбандар жок. Демек, мыкты спарринг өнөктөш да жок. Ошондуктан ал Орусияда машыгып, мелдештерге даярдыкты Кыргызстанда көрөт. Февралда эркин күрөш боюнча Түркиянын Гран-присине катышып, кайра Кыргызстанга учуп келип, Өлкө чемпиондугуна катышат.

– «Лондон-2012» Олимпиадасында жалгыз гана Магомед Мусаев жыйынтык көргөзүп, 7-орунду алды. Анан эмне үчүн ал жыл аягында мамлекеттин сыйлык тапшыруу аземине келген жок?
-Бул жүрөк өйүгөн маселе. Эми силер аркылуу айта берейин. Бул суроону көп беришүүдө. Макул, аны мамлекет жыл мыктысы атабай эле койсун. Бирок ал Олимпиада алдында убада кылынган акчасын да ала элек. Мамлекет Олимпиадада 7-орунду алган спортчу үчүн 20 000 доллар, анын башкы машыктыруучусуна
14 000 доллар берилерин билдирген. Дал ошол кечеге мени да чакырышкан жок. Кийин уксам, Санжарбек Мурзакулов деген жигит менен Анарбек Үсөнканов акчасын алып, «Мыкты машыктыруучу» аталышыптыр.

– Бул кандай болуп калды? Негизи, анын машыктыруучусу катары сизди билебиз да...
-Муну кылган жанагы ага машыктыруучу Анарбек Үсөнканов. Тыйынга кызыгып, ишке өзүнүн бир тууган жээни Санжарбек Мурзакуловду тарткан. Мусаевдин машыктыруучусу Санжарбек деп айтып, машыктыруучуга бөлүнгөн 14 000 доллар менен Мусаевге каралган 20 000 долларды өзү алыптыр. Мага муну Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев айтты. Үсөнканов акчаны алып жатканда уялбаптыр. Анан ошого жол берген УОКтун башчысы Мурат Саралинов менен Байгазы Кенжебаев каякты караптыр? 5 олимпиадачы болсо, алардын машыктыруучулары кимдер экенин билбеген эмне деген жетекчилер? Магомедге чалсам, «Санжарбек Мурзакулов дегенди тааныбайм» дейт. Негизи, Санжарбек деген 1-разряддагы спортчу. Ал кантип жогорку деңгээлдеги балбанды машыктырат? Бул эмне деген акмакчылык?! Үсөнкановдун таза эмес экенин мурун эле байкагам. Ушул киши кантип өспүрүмдөрдү тарбиялайт? Ал эркин күрөшкө жолобой, базарда семичке сатышы керек!

Шаршен Касеновдун сөзүнөн улам Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине барып, Байгазы Кенжебаевдин ооруканада жатканын билдик. Анын ордуна аталган комитеттин бөлүм башчысы КАНАТБЕК АРПАЧИЕВ жооп берди:
– Бизде деле иш аралашып баратканы тууралуу күмөн жаралган. Бирок биз кагазга карайбыз да. Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин колу менен бизге расмий кат келген. Анан Үсөнкановдун кол каты бар. Анда Магомед Мусаевдин жеке машыктыруучусу Санжар Мырзакулов, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов деп жазылган. Биз федерациянын катына таянганбыз.

Ал эми САНЖАРБЕК МУРЗАКУЛОВго байланышканыбызда:
– Магомед Мусаев Ленин райондук спорт клубуна катталган. Мен Көлдө жүрөм. Муну көргөзүп бере албайм. Шаршен Касенов айта берет, Мусаев көбүнчө Орусияда жүрөт. Бул жакка келгенде биз менен машыкчу. Мени тааныбай калышы мүмкүн. Ал эми колубузга тийген акчаны машыктыруучулар бөлүшүп алганбыз,- деп жооп берди.

СССРдин жана КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңишбек Дөңбаев: “Магомед Мусаевге Шаршен Касенов жол көргөзүп, машыктырды. Санжарбек дегенди тааныбайт экенмин...” деди.


Мусаевге берилүүчү 20 миң доллар кайда?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
28.01.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне дешимди да билбей калдым.
28.01.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр таш ыргытсан ушуга окшогон жегичтердин башына тийсе керек мындайлар абдан кобойдуго
29.01.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бети жок го мен да эмне дешти билбей калдым
SUPER.KG видео
29.01.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
корупция!акчаны алып колдо эс алып жатат да агайыбыз,бошобогону ошол да.
Модератор admin_media түзөттү 29.01.2013 15:00
SUPER.KG видео
29.01.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КР бут эле карупция. Биринин акчасын бири жешип, бири-бирине шылташып кайсы министрликте карупция жок деги?-ушундайларды каттуу жоопко тартса, башкалары корккондой кылып
SUPER.KG видео
30.01.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул иштин артынан тушуш керек жана куноолулор жооп бериш керек
01.02.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчадан козу откон жетекчилерди соттош керек !!!
01.02.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
всех надо уволить и враг народа объявить деньги надо обратно изъять! а где прокуратура где проверяющие органы посадить надо!
02.02.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоба тоба бироонун эмгегин кантип жеп алышат астагфиралла.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо