Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Элмирбек Иманалиев:«МИТИНГДЕ ЫРДАГАНДАН КИЙИН АРТЫМДАН АҢДУУ БАШТАЛГАН»

№534 25-31-январь, 2013-ж

Мындай карай келсең, оо качанкы Элмирбек Иманалиев. Чыгармачылыгына 20 жылдын жүзү болуптур быйыл. А жашын санай келсең, болгону 35те. Каарманыбыз ушул күнгө чейинки өмүрүнө саресеп сала кызыктуу маек курдук.

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Обон жаратуу кээде бир жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Элмирбек мырза «андайда кыртышым сүйбөй, киши тандап сүйлөшүп калам» дейт.
  • Айылда жүргөн кезде камчы өрүп, жыгачтан буюмдарды жасап, устачылык жайы бар болчу.
  • «Булбулум» аттуу ырынын сөзүн жазганда алгач Сыймык Бейшекеевге көрсөткөн. Ал «жаңылмачтай ыр экен» деп жактырган эмес. Кийин өзү обонун жазып, Саламат Садыкова, Элмира Кайып кызы, учурда Омар жана башка ырчылар ырдап жүрүшөт.
  • «Азамат Болгонбаев мени өкүл ата койгондон кийин ата дей албай жүрдү. Бир ирет «Элмирбек байке» деп кайрылганынан укпамыш болуп, качан ата демейин сөздү созуп жатып ата дедиргем» дейт акын.
  • 5 маал намаз окуган учуру, Иса пайгамбарга ишенгендердин жыйынына барган кези, мазарларга сыйынган жана йога менен алектенген учурлары болгон.

– Саламатсызбы, Элмирбек мырза? Маегибизди сиздин жашооңуздагы акыркы жаңылыктар менен баштасак деп турам.
– Саламатчылык. Жакшы болот. Быйыл менин чыгармачылык жолго аттанганыма 20 жыл болду. Албетте, элге отчёт берип, чоң концерт тартууласам деген ойдун камын көрө баштадым. Андан тышкары жазып жүргөн анча-мынча аңгеме, ырларымды жарыкка чыгарууну көптөн бери эңсеп келем. Азыр аларды басууга даярдап, оңдоп-түзөө менен алекмин.

– 20 жыл деген аз убакыт эмес. Чыгармачылык чыйыр жолго эрте аттанган экенсиз да...
– Ооба. Абдан эле эрте аттандым. 5 жашымдан комуз кармадым. 12 жашымда төкмөлүккө алгачкы кадамымды таштап, 15 жашымда филармониянын чоң сахнасында республикалык акындар айтышына түшүп, баш байгени жеңип алгам.

– Комузду 5 жашар балага ким үйрөттү экен?
– Радиодон күүлөрдү угуп жатып эле өзүм үйрөнүп алгам. Ырас, атамдын Бектурган деген досу комузду жакшы чертер эле. Үйгө келгенде менин комузумду күүлөп, өзү да чертип берип кетчү, бирок атайын отургузуп алып «мындай кармап, мындай черт» деп үйрөткөн эмес. Ал кеткенден кийин өзүмчө уккан кайрыктарды кайталай баштачумун. Мага тамганы да эч ким үйрөткөн жок. Өзүмдүн кызыгуумдун артынан эле бардык тамгаларды жаттап, 5 жашымда «Манас» эпосун шар окуп калгам.

– Жакшы экен. А төкмөлүк өнөрүңүз качан кабарын бере баштады?
– Өзүм Токтогул районунун Чоңко айылынан болом. 12 жашымда өлкө эгемендүүлүккө жаңыдан кадам таштап, улуттук майрамдарыбыз жандана баштаган кез. Нооруз майрамы болчу, бир мугалим мага «комуз менен чыгып саламдашасың» деп эл-жер, Нооруз майрамы, биздин өрөөндөн чыккан чыгаан акындар туурасында текст жазып берди. Сахнага чыгып аны ырдадым, жаттаган текстим бүткөндөн кийин ары жагын берилип кетип өзүм төгүп кирдим. Ошол жерден баштап элдин баары кыйкырык-сүрөөнгө алып жатып калышты. Ал жоругум Фрунзеге жеткен экен, устатым Тууганбай Абдиев айылга мени издеп барыптыр. Ырдатып көрүп эле «сенден төкмө акын же жазма акын чыгат. Айылда жүрсөң чөйрөң кандай болот ким билет, шаарга жүр» деп калды. Ал кезде атамдын көзү өтүп кеткен эле, апамдын уруксаты менен шаарга келип, Тууганбай Абдиевдин шакирти болуп калдым.

– Учурда өзүңүз шакирт тарбиялап калган кез...
– Ооба, азыр «Айтыш» фондуна келип, дайыма бизден сабак алып жүргөн 10-15 бала бар. Баары таланттуу. Акырындап такшала башташты. Жакында 21 жашка чейинки жаш төкмө акындар арасында «Жаш таңдай» деп аталган таймаш өткөрөлү деп жатабыз. Буюрса, күбө болосуздар.

– Акындар арасындагы чоң айтыштарда башкы максат өзүн элге көрсөтүүбү же баш байгеби?
– Жакшы суроо экен. Дал ушул суроону мен дайыма мелдешке чыгар алдында өзүмө берем. Кээ бир айтыштарга түшкөндө көкүрөктөгү оюңду айтып алууну максат кыласың. Калыстар кандай чечсе чече берсин, баш байгесин бербесе бербейттир, бирок мен айтчумду айттым деп акыркы жыйынтык угула электе эле канааттанган учурлар көп болгон. Мисалы, 2003-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата казак-кыргыз арасында чоң айтыш болду. Анда мен:
Эл башчыбыз эсирди,
Эстебеди кесирди.
Жаттан карыз көп алды,
Жан кечтилер жеп алды.
Бөлөктөн карыз көп алды,
Бөрүдөй талап жеп алды...- деген саптарды ырдап койдум. Залдагы эл жер тепкилеп кол чаап колдошту. Айтканыма өзүм да ыраазы болдум. Бирок ошондон кийин бийлик бутактарындагы адамдардын мамилеси дароо терс жагына өзгөрдү.
Ал эми байге жаатында айтсам, абийирибизге камчы чаппай эле коёлу, кээ бир учурда каржылык жактан муктаж болуп турганда байгеге болгон кызыгуу болбой койбойт. Кээде «алдыңкы байгелүү 3 орундун бирине илинип калсам, бул маселемди чечип алмакмын» деген ой менен айтышка чыккан учурларым деле болгон, аны жашырбайм.

– Бийлик тарапка жакпаган сөз айтып алып, анын запкысын тарткан учуруңуз болду беле?
– 2007-жылы ноябрь айында митингде ырдап коём деп балээге калгам. Анда эч кимди кетсин деген талап жок эле, болгону реформалык өзгөрүштөрдү күтүп эл толкуп чыккан. Ошондон кийин майда-чүйдө коркутуулар күчөп, бийликтегилердин укуругу абдан узун болот экен, ар кандай жолдор менен жолуңдан чыга берет. Ал учурда артымдан бир топ күн номери жок Жигули ээрчип жүргөн.

– «Аруузатым» сыяктуу ырларды жаратып, обончулук жайыңыз да бар экенин билебиз...
– Обончулук, ырчылык жаатына бир кездерде катуу берилип кеткем. Чындыгында, ал кезде эстрада азгырып турган учур. Төкмөлүк талантым кадимкидей аксап калган. Азыр ойлоп көрсөм, эстрада ырчылары мага таарынышпасын, ошондо кайра акындыкты тандап эң эле туура кылыптырмын деп коём.

– Улуу инсандарыбыз дүйнөдөн өткөн кезде элдин көзүнө жаш алдырган чыгармаларды жараттыңыз. Бирок «кошокту аялдар айтчу эле» деген сындар болду?
– Ушул суроону жакшы бердиңер. Ооба, кошок аялзатына таандык. Мен аткарган ал чыгармалар кошок эмес, жоктоо. Илгери жоктоо деген болгон, белгилүү адамдар дүйнө салганда аткарылат, ал эркектерге тийиштүү. Тескерисинче, бул жанрды мен жандандырдым.

– Окуганды, комуз черткенди, акынчылыкты, баарын эрте баштаган экенсиз. Ошол эле учурда жеке жашооңуз да артта калбаптыр...
– «Булбулум» аттуу ырымдагы «Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү, Жаштыгым жаштыкка окшобогон» деген саптарды айтып курдаштарым көп тамашалап калышар эле, «жаштыкты көрбөй калдың» дешип. Ооба, 16 жашымда Гүлбүбүгө баш кошком. Эрте ата болдум. Ал тагдыр экен. Кимге кандай тагдыр жазса, анын бир тамгасын да кыйшайтпай аткарууга аргасыз экенбиз. Кийин экинчи ирет үйлөндүм. Келинчегимдин аты Нурзат, медицина жаатында билими бар. Менден 4 жаш кичүү. Ортобузда эки балабыз бар. Уулум Эрулан үч жашта. Баарын билгиси келип, өсүп жаткан учуру. Эки күн мурун эле «ата, Кудай барбы?» деп сурады. «Ооба, балам, Кудай бар» десем, «корком» дейт. «Туура, Кудайдан гана корк, башка эч кимден коркпо» деп койдум. Эң кичүү кызымдын аты Жайдары, 2 жашка чыга элек. Тили чыга баштады. Балдардын бал тилине эзилип жүргөн чагым.

– Улуу кыздарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз?
– Улуу кызым Айзуура быйыл мектепти аяктайт. Өзүнө-өзү максат коё билген кыз, келечекте кесип тандоодо жаңылбайт деп ишенем. Бул жаатта мени менен да кеңешти. Ичинен тандап, жактырып жүргөн кесиби бар экен. Андан кийинки кызым Сезим да бой жетип келатат.

– Кызыктуу маегиңизге рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Митингде ырдагандан кийин артымдан аңдуу башталган" дейт Элмирбек Иманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
26.01.2013. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфодон коргон эн жакшы маек ушул болду. баардыгы жай жайында акын деп ушул кишини айт. Гулбубу Иманалиева менен жашабай калганбы экинчи уйбуломон дейтго.
SUPER.KG видео
26.01.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2005-жылы ушул токмо акынды Чон Апамдын тоюнда коруп жактырып калган болчум:-) Мектепте окучум анда, арыктап кетиптир,абдан симпотичный адам бирок.
SUPER.KG видео
26.01.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх просто супер адам, сыйлайм. Акыркы мезгилде коп чыкпай калды.
SUPER.KG видео
26.01.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун маек болуптур! уккандан жадабайсын.абдан уккулуктуу болуптур! талантынызды дагы ташкындата бериниз! алды дагы болотурган фестивальга жениш каалайм! апей аягында кызыныздын атын унутуп кызык болуптур го!
SUPER.KG видео
26.01.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
dasuukan juranalist bolso bul agaidan dagu soonun kepterdi alup chuksa bolmok. Jurnalist katardagu suroolordu ele berip agaidun ozgocholykttoryn dagu jakschu achup bere albagandugu okyndyrot
SUPER.KG видео
26.01.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elmirbek agaydun jonokoilygynyo abdan baa berdim,koldoi kenen adam eken. Bar bolunguz
SUPER.KG видео
26.01.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болунуз агай
SUPER.KG видео
27.01.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек агай аябай кызыктуу маек болуптур,ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
27.01.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер-инфо, агайдын бир дагы чыгармасы медиа порталда жок экен го,киргизип койо аласынарбы?
SUPER.KG видео
27.01.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам супер Элмирбектин Чынгыз Айтматовго анан 7 апрелге кошкон кошогун таап бере аласыздарбы алдын ала рахмат дарегим Sizge.kat@mail.ru
29.01.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талант бардык жагынан таланттуу дегендей Сендей жигитти таланты менен жараткан Кудайга, ата-энеңе, жана ар бир сабыңды эзилип, жыргап уккан кыргыз элиң менен, кыргыз тилине таазим!Бар бол иним, жолуң жарык жана шыдыр болсун, Жараткан колдоп, тилегиңди берсин.
30.01.2013. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсыз. Сизди уй булобуз менен жакшы коробуз. Чыгамачылыгызга ийгилик.
30.01.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Иштеринизге ийгилик! Сизден дагы жакшы токмолукторду кутуп калабыз. Бактылуу болунуздар...
31.01.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек байке, сизге ден-соолук, чыгармачылык ишинизге ийгилик каалай. Эн негизгизи уй-булонуз менен бактылуу болуп Кыргыз элине кызмат кыла бериниз. Биздин уй-було сизди сыйлайт жана урматтайт!
SUPER.KG видео
04.02.2013. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элмирбек байке алтынчысын айтпай койдуңуз, төкмө акындар элинин өткөнүн мыкты билген тарыхчы дагы болушу керек.
SUPER.KG видео
04.02.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрте чоңойгону байкалып турат, өз курагынан улуу, олуттуу, сүйлөгөнү орундуу. "Булбулум" деген ырынын өзү эле кандай жагымдуу? Элмирбек Иманалиевдин талантынан жаралган дагы бир канча ырлар бар, ушундай баага татыктуу, муундан-муунга өтүп ырдала турган.
SUPER.KG видео
20.12.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбубу эми окунуп жаткандыр.Материалдык кыйынчылык эле экоон ажыраткан го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо