Спикер Асылбек Жээнбеков:«КАМАКТАГЫ ДЕПУТАТТАРГА КАДИМКИДЕЙ АЙЛЫК ТӨЛӨНҮП ЖАТАТ»

№534 25-31-январь, 2013-ж

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргыз парламентинин 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда УМККнын СИЗОсунда отурган «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов кадимкидей айлык алып жаткандыгы белгилүү болду. Аталган депутаттар өз каалоосу менен камакта отурбаганын айткан төрага «аларды депутаттык макамынан эч ким ажыратып  койгон жок, эгерде алар абакта болбогондо, иштей беришмек» деди.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш бюджетти сарамжалдуу пайдаланып жатканын, чыгашалар үчүн бөлүнгөн 959 миллион сомдун 770 миллиону гана коротулганын айтты. Төраганын фонду 40 миллиондон 27 миллион сомго азайганын жана парламенттин аппаратында иштеген 142 кызматкер кыскарганын билдирди.
2012-жылы ЖКда 35 депутаттык комиссия түзүлүп, алардын 24ү өз ишин жыйынтыктоого жетишкен. «Жалпысынан былтыр 82 жыйын өтүп, 221 мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдардын жарымынан көбү өкмөт тарабынан демилгеленген»,- деди Жээнбеков.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
28.01.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооу ушу депутаттарга жыргал даа
28.01.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар эмне жон отургандыгы учун эле ала беришеби? Тан калычтуу, акча ашып ташып атпайбы ошо бюджетте.
29.01.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми пенсия тологуло моралдык зыян деп омур бою.Силерге акча каяктан келгени ишинер да жок да
01.02.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamakta jatsa da deputattyk makamy bar. Andai ailygyn bergileri kelbese, sot iwin erte buturup kol tiybestiginen ajyratyp chechdi erte chygarywsyn.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо