Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЮН ЫН ХЕ

№534 25-31-январь, 2013-ж

Туулган жылы – 1984-жыл, 3-октябрь
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул
Үй-бүлөдө – Эки бир туугандын улуусу
Бою – 168 см
Салмагы – 48 кг
Жылдыз белгиси – Тараза
Хоббиси – Сүрөт тартуу, кино көрүү, тамак жасоо
Жакшы көргөн түсү – Күлгүн
Тамшанып жегени – Балмуздак, пицца, сүт, эт азыктары, банан
Эң кымбат деп эсептеген буюмдары – Күндөлүгү жана уюлдук телефону
Урааны – «Кумарлануу менен жаша!»
Тартылган тасмалары – «Хан сарай» («Дворец»), «Менин эң татынакай айымым» («Моя прекрасная леди»), «Менин кичинекей кара көйнөгүм» («Моё маленькое чёрное платье»), «Жетинчи бычак тууралуу уламыш» («Легенда о седьмом ноже») жана башкалар
Сыйлыктары – Кореядагы КBS телеканалы тарабынан «Мыкты жаш актриса», «Мыкты актриса» наамдарына ээ болгон

«ЫМЫРКАЙ» ЫРЧЫ
Юн Хе шоу-бизнес чөйрөсүнө 1999-жылдан тарта аралаша баштаган. Тагыраак айтканда, ал 15 жашында жалаң кыздардан турган жергиликтүү «Baby VOX» тобунда ырдачу. Топтогу кыздардын эң кичүүсү болгондуктан, Юн Хеге тамашалап Ымыркай деген лакап ат коюп алышкан. Ырчылыктын артынан популярдуулукка жетип, көптөгөн күйөрман топтоп, 2005-жылы аталган топтун курамынан чыгууну чечет. Андан соң жеке ырчы катары ырдоону уланткан.
Акырында мекенинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да жылдызы жанат. Башкача айтканда, 2000ге жакын япониялык фанаттары Юн Хеден концерт коюп келишин суранышкан. Алардын сунушуна макул болгон ырчы 2010-жылдын 18-сентябрында күн чыгыш өлкөсүндө күйөрмандары менен эстен кеткис жолугушуу уюштуруп, концерт берип келген. Концертте 114 долларлык билет аукционго коюлуп, Юндун ашынган фанаттарынын бири аны 425 долларга сатып алган. Актриса ар дайым «мен атактуумун. Албетте, менин мындай деңгээлге жетүүмө биринчи кезекте күйөрмандарымдын эмгеги чоң. Ошондуктан мен алардын ар бир каалоосун аткарууга даярмын жана аларды жанымдай жакшы көрөм» деп айтат.

АКТРИСА, МОДЕЛЬ, ТЕЛЕАЛПАРУУЧУ...
Атагын мындан да ашыргысы келгенби, айтор, жашынан чыйрак өскөн Юн Хе бир орунда эле токтолуп калбастан, өзүн кино тармагында да сынап көрмөкчү болот. Көп өтпөй анын бул ою оңунан чыгып, алгачкы ролун «Хан сарай» аттуу телесериалда жаратууга жетишет. Бирок анын кино тармагындагы биринчи кадамы көрөрмандар тарабынан «Юн Ын Хе актриса катары такшала элек...» деген сыяктуу сындарга кабылган. Кийинчерээк башка тасмаларда өзүн көрсөтө алгандан кийин ага карата айтылган терс пикирлер басаңдап, бара-бара популярдуулугу артат.
Актрисалыкты өздөштүрүп алган Юн Хе эми режиссёрлукту колго алып, жакында кыска метраждуу тасма тартканы тууралуу да маалыматтар бар. «Таланттуу адам жерде калбайт» демекчи, ага жергиликтүү моделдик агенттиктерден, телевидениелерден да сунуштар түшүп, моделдик карьераны, ошону менен катар алпаруучулукту аркалап жаткан учуру.

ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГДУН КЫЗМАТЫНАН ПАЙДАЛАНГАНБЫ?
Актрисанын жеке жашоосу тууралуу айтылган сөздөрдүн чындыкка коошпогону да, туурасы да коомчулукту кайдигер калтырбасы анык. Юн Хени тасма талаасындагы өнөктөштөрү менен байланыштырып, жакын мамиледе болгондугу жөнүндө сөздөр көп чыгат. Актриса өзү кореялык атактуу ырчы Ким Чжон Кук менен сүйүү романын курганын, бирок бир себептерден улам экөө эки ажырым жолго түшкөнүн айтып агынан жарылган. Учурда G-Dragon деген ырчы менен жакын мамиледе экени айтылат.
Кытай массалык маалымат каражаттарынын бири «Пластикалык операция жасаткан атактуу айымдар» деген темада макала жазып чыгып, бир топ белгилүүлөрдүн тизмесин жарыялаган. Анда Юн Хе да бул кызматтан пайдаланганы жазылып, салыштыруу иретинде анын студент кездеги жана учурдагы сүрөттөрү берилген. Макалада «Юн Хе бетине операция жасатканы чын болушу мүмкүн. Анткени Шанхайда өткөн эл аралык фестивалга келгенде анын жүзү таптакыр башкача болчу» деп чыгышкан.

Асел Асанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
29.01.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кореяда пластикалык жол менен сулуу болуп жургондор четен чыгатко.
16.07.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
моя прекрасная ледидеги образы аябай жагат сулуу назик.а ойногон ролу да сонун,эрке кыз.
21.08.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
G-Dragon м.н азыр деле суйлошот болду бекен? Ал деген мага жакчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо