Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«20 ЖЫЛДАН БЕРИ КОМУЗ ЧАБАМ»

№534 25-31-январь, 2013-ж

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Опоңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.
Ушу ыр саптарында айтылгандай, кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузду жасоо да өзүнчө бир түйшүктүү өнөр болуп эсептелинет. Ушундай өнөрдүн ээси, Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну, өрүк комуз чабуунун устасы Каламбек Садиров бүгүн бизде конокто.

– Каламбек мырза, өзүңүз жана өнөрүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
– Өнөрүм тууралуу айтсам, 20 жылдан бери комуз чабуу менен алектенип келем. Аны өрүк, жаңгак, алмурут, тал, терек, карагай, арчадан чапса болот. Ал сүйрү чабылып, жалпы узундугу 90 сантиметрге жетет. Комуздун узундугун ар бир уста өзү каалагандай кылып жасайт. Мындайча айтканда, ар биринде өзүнчө стиль бар. Комуз төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турат: комуздун башы, тулкусу, моюну, капкагы, көөдөнү, тепкеги (тээги), үч кулагы, үч кылы.
Анын ичи станок менен оюлгандан кийин бетине капкактык жука тактай бекитилет. Андан кийин моюн чыгарылып, үч кулак тагылат. Комуздун тээги тыкан коюлуп, кылы тартылат. Кылын жасоо да оңой иш эмес. Мурун тикенек оттобогон кылчык жүндүү кой союлары менен ичегисин муздак сууга салып, сыдыргы менен тазалап, ийрип, катуу керип, кургатып жасачубуз. Азыркы учурда атайын жасалган кылды эле базардан сатып алабыз. Кыл жыгачка булгаары аркылуу мык менен бекитилет. Комуздун капкагы желимделет.

– Устачылыгыңызга үй-бүлөңүз жардам беришеби?
– Ооба. Жубайым колдон келган жардамын аябайт. Бир уулум бар. Үй жумуштарынан бошоп калган мезгилде мен чаап бүткөн комуздарга кыргыз орнаменттерин түшүрүп кооздойт. Шыгы болгондуктан, комуздарды сырдоо келинчегимдин мойнунда. Кээде ушундай учурлар болот, түнү менен да алардын тынчын алып иштөөгө туура келет.

– Бул өнөр сизге ким тарабынан берилген?
– Бардык эле нерсе Жараткан тарабынан берилет. Бирок чоң атам чебер жыгач уста болгон экен.

– Уулуңуздун сиздин өнөрүңүздү улантуусун каалайт белеңиз?
– Уулум устачылыкка кичинесинен эле кызыгып, мен комуз жасаган учурда жанымдан чыкчу эмес. Өз алдынча жыгачтардан түрдүү нерселерди жасаганга кызыгат. Анын шыгы болсо да, келечекте уста болуусун каалабайм. Жогорку билимдүү болуп, эл-жер таанып, өнүккөн коомго аралашып жашоосун каалайм. Себеби устачылыктын өзүнө жараша түйшүгү бар. Комузду жасаган учурда ордуңдан жылбай отурганыңа байланыштуу буттарың, белиң ооруп калат. Күнүнө ошол нерсе кайталана берип, ден соолугуңа да таасири тийиши мүмкүн.

– Өнөрүңүз үй-бүлөңүздү бага алабы?
– 20 жылдан бери эле өнөрүм менен үй-бүлөмдү багып келүүдөмүн. Андан сырткары мал жандыктарын багып тиричилик кылабыз. Комузду буюртма менен жасайм. Көбүнчө Ош жана Бишкек шаарларынан буюртмаларды беришет. Кээ бири ичегиден жасалган кыл так дешет.

– Бир өрүк дарагынан канча комуз чабылат?
– Эки адамдын кулачы жеткен өрүктөн 17-20 комуз чабылат.

– Өрүк комуздун өзгөчөлүгү эмнеде?
– Комуздардын ичинен кымбаты да, баалуусу да өрүк комуз болуп эсептелинет. Мен 20 жыл ичинде талдан, теректен, арчадан да комуз жасап көрдүм. Бирок алардын эч бири өрүк комузуна жетпейт. Өрүк комуз өтө бышык келет да, үнү таза чыгат. Жаш өрүктөрдөн мыкты деңгээлдеги комуздарды чабуу татаал. Ал эми картайган өрүктөрдөн 4 сааттын ичинде 1 комузду чаап коёсуң. Биз өрүкзарда жашап туруп өрүк комуз чаппасак, анда ким чапмак эле?

– Өзүңүз комуз чертесизби?
– Эл алдында чертпейм. Бирок кээде өзүм үчүн чертип калмайым бар.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
28.01.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бака теректен комуз чапса болотпу экен е? Менде 3 адамдын кулачы жеткен бака терек бар.. Анан орукту тен экиге болгондо, он тескериси болот экен го, он жагынан жакшы комуз чыгат деп уккан элем, ошол чынбы экен е? :)
28.01.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Onorluu olboit degen kyrgyz elibizde jakwy soz bar demekchimin onorunuz orkundoi bersin!
28.01.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комуз сатып алайын дедим эле,баасы канча болду экен.Кызымды музыкалык мектептин комуз болумуно берген болчумун,азыр бир нече куулорду ойноп калды.Кызга кырк онор аздык кылат дегендей,кызыма комуз белек кылсам деген оюм бар.




30.01.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий канча турат экен мен да алмакмын
30.01.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазкылачы канча турат комуздун баасы
31.01.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
usta baikenin nomerin da berip koisonuzdar jakwu bolmok.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо