НИКЕСИН БЕКЕМ САКТАГАН АТАКТУУЛАР

№535 1-7-февраль, 2013-ж

Дүйнө жылдыздарынын көпчүлүгү никеге туруксуз. Бул – факт. Бирок атактуулуктун туу чокусун багынтып, ошол эле учурда үй-бүлөлүк очогун да бекем сактагандар жок эмес. Андай жылдыздар кимдер?

ИОСИФКЕ ЭСЕП МЕНЕН ТУРМУШКА ЧЫККАН НИНЕЛЬ
Эл тааныган туруктуу түгөйлөрдүн бири деп орус эстрадасынын падышасы Иосиф Кобзон менен жубайы Нинель Кобзонду айтсак болчудай. Нинель Иосифтин үчүнчү никеси. Анткен менен 1971-жылдан бери жашоонун ысык-суугуна бирге чыдап келишет. Ырчынын жубайы «Иосифти алгач сыналгыдан көргөндө бою, буту кыска, башы чоң көрүнүп, такыр жактырган эмесмин. Жашоодо болсо алда канча бойлуу, келбеттүү киши экен. Ортобузда 13 жаш айырмачылык болгондуктан, башында аны жөн гана сыйлачумун. Иосиф колумду сураган кезде 20 жашта элем. Андыктан турмушка чыкпай, кара далы болуп калып кетпейин деп, жакшы шарт түзүп бере алган ырчыга баш байлаганга макул болгом. Бара-бара ортобуздагы сый сүйүүгө айланып, минтип 42 жыл чогуу бактылуу күндөрдү өткөрүп келатабыз" деп сырларын ачыкка чыгарган.

АЯЛЫ ҮЧҮН ҮЙҮНӨН ЧЫГЫП КЕТКЕН ФЁДОР
Режиссёр жана актёр Фёдор Бондарчук жубайы Светлана менен 19 жашында бир кечеде таанышат. Гениалдуу режиссёр ата-энесинин чечимине каршы чыгып, атасы менен таарынышып жүрүп сүйгөнүнө баш кошот. Света менен чогуу жашаш үчүн, жадакалса үйүнөн чыгып кетип, бир топ жыл досторунукунда күн кечиришкен экен. Көптөн кийин гана ата-энеси баласын кечирип, кабыл алышкан. Азыр жубайлардын чогуу түтүн булатканына 25 жылга таяп, бир кыз, бир уулду жана небересин тарбиялап келишет.

ЖАПАЛДАШ КЫЗДЫ ТАНДАГАН УИЛЛ

Голливуд жылдызы Уилл Смит жубайы Жада Пинкетке 1997-жылы үйлөнгөн. 1995-жылы Жада «Беверли-Хиллзден чыккан ханзаада» сериалына кастингге келгенде Уилл менен таанышып калат. Арык жана жапалдаш кыз узун бойлуу Уиллге өнөктөш катары туура келбегени менен, актёрдун жүрөгүнө чок салып койгон эле. Ошентип, тасмада эмес, турмушта өнөктөш болуп калган Жада менен Уилл 16 жылдан бери чогуу, чатакташпай жашап келишет.

ДОСТУКТАН ЖАРАЛГАН СҮЙҮҮ
22 жылдан бери нике жаңыртпай, ажырашпай жашап келе жаткан Голливуд актёру Жон Траволта да туруктуулугу менен мактанса болчудай. Жон болочоктогу жубайын алгачкы ирет көргөндө ал актёр Келли Кевин Гейждин жубайы эле. Экөө алгач дос катары сүйлөшүп жүрүп, Келли жолдошу менен ажырашып кеткенде гана мамилелери жакындай баштаган. Бир нече ай кыз-жигит болуп жүргөндөн кийин 1991-жылы баш кошушат. «Биздин бактылуу жашообуздун сыры – бири-бирибиз менен көп сүйлөшкөнүбүздө» дешет түгөйлөр.

ӨТӨ КЫЗГАНЧААК ШАХРУХ ХАН
Мындан 22 жыл мурун Индия актёру Шахрух Хан жубайы Гауриге үйлөнгөн. Актёр болочоктогу жубайына 19 жашында жолугуп, биринчи бийге тарткан бийкеч да дал ушул сулуу болуптур. Шахрухтун «Гауринин узун чачын жайып жээкте басканы жакчу эмес. Анткени ага толтура жигиттер көз салышчу" деп кызганчаактыгын билдиргени бар. Сүйүшкөндөргө кыздын ата-энеси каршы болгондуктан, көпкө мамилесин ачыкка чыгарбай жүрүшкөн. Акыры тоскоолдуктарды жеңип, баш кошуп, 1 уул, 1 кызды тарбиялап келет.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ
Орус ырчысы Лев Лещенко менен Ирина Лещенко 35 жылдан бери кол кармашып келишсе, Голливуд актёру Том Хэнкс менен Рита Уилсон 25, орусиялык актёр Дмитрий Певцов менен Ольга Дроздова 19, Голливуд актёру Антонио Бандерас менен актриса Мелани Гриффит 17, Сара Жессика Паркер менен Мэтью Бродерик 16 жылдан бери чогуу. Алардан тышкары белгилүү футболист Дэвид Бекхэм менен Виктория Бекхэмдин 14 жылдык никесин, Голливуд актёру Майкл Дуглас менен актриса Кэтрин Зета-Жонстун 13, Анжелика Варум менен композитор Леонид Агутиндин 16, Наташа Королёва менен Сергей Глушконун (Тарзан) 14 жылдык никелерин туруктуу нике деп айтууга болот.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
04.02.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бара-бара ортобуздагы сый сүйүүгө айланып..degeni jakty.men da suiuunu kutup oturbay kyimyldasamby
04.02.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки адамдын ортосундагы сый менен суйуу очпосо эле нике сакталат болсо керек.
04.02.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
04.02.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza11.3,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
05.02.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шакрукх Кхан жашоодо аюдан, таза адам экен 10 жыл суйгонун кутуп кыйынчылыктардын баарын женип чыкты. Ушундай туруктуу болгон кандай жакшы!
05.02.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайлардын ортосунда бири бирине сый урмат болсо нике сакталатго деп ойлойм
05.02.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы :))
05.02.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynygy awykkandar eken,
05.02.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mmmmm da. . .
06.02.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wahruh han ozunun filmindegi kaarmandardai jol tutuptur jakwy
08.02.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
м шакрух хан жакшы коргон актерум жашоосунда да туруктуу суйууну,аялын барктаган инсан экендиги кубандырат
07.02.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шахрухтун туруктуулугу жакты...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо