Арсен: «КӨРСӨ, МЕН РОМАНТИК ЭМЕС ЭКЕНМИН»

№535 1-7-февраль, 2013-ж

«Көптөн бери жай отуруп маек курбай, сагынып калыпмын» деген Арсен бизге жашоосундагы көп жаңылык, сырлары тууралуу кеп салып берди.

– Арсен, кандай? Кеч жатып, түш оогондо туруп, күн-түн алмашкан жашоодон чарчаган жоксуңбу?
– Рахмат, жакшы. Албетте, чарчайсың. Мындай режим мага окшогон бойдоктордо эле болсо керек. Чыгармачыл адамдардын көбүнчөсү түндө иштешет. Студияга барабыз, эргүү келгенче ары-бери басып, анан кайра-кайра ырдайбыз дегендей. Эс алгыбыз келип, бир жерге барайын десең, Бишкекте бара турган кызык жер да жок. Андыктан кафеге барып ырдап, иштеп эле жүрөбүз.

– Кичине кезиңде сен да башкалардай болуп колуңа ар нерсени кармап ырдай берчүсүңбү?
– Кичине кезимде учкуч болгум келчү. Чоңойгондо ырчылыкка кызыксам да, ырчы болом деп айткан эмесмин. «Күүгүм» тасмасындагы токойлор бар го, ошондой жерде жашачубуз, тоо-токойдун коюнунда. Зериккенде тоого барып, Кожожашты элестетип эки ташка чыгып алып опера ырчыларын туурап көп ырдачумун.

– Аз убакытта эле жылдызың жанып, атың чыгып кетти. Көпчүлүктүн арасына сиңип, "өчпөй" келатканыңдын себеби эмнеде?
– Ырчы эч качан «жөн эле ырдап койсом ырым хит болуп кетет» деп ишенип албаш керек. Элдин ишеничине кириш өтө кыйын, менде азыркы тапта элдин 40 пайыз гана ишеними бар деп ойлойм, калганы чыгармачылыгымды түшүнбөйт. Бирок мен ага көңүл бурбай, изденип иштей берем.
Учурда жаш ырчылар аябай көбөйүп кетпедиби. Алардын айрымдары элге же бир кызга көрүнүш үчүн "ыр жаздырып коюш керек" же "мени сөз кылышса» деген ойго жетеленишет. Бул туура эмес ой. Ыр жазганда сөзсүз анын сапатына, маанисине көңүл буруу шарт.

– Жаңы чыгып жүргөндө сенде да ошондой ой болду беле?
– Алгач биз 3 жигиттен турган «Мурас» деген топ болуп чыкканбыз. Ашып кетсе бир ай чогуу ырдадык окшойт. Ошондо бат эле чыгып кетсек керек деп ойлогом. Ал болбой калганда көпкө чейин чыкпай, "кабактарда" гана ырдап жүрдүм. Өзүм үчүн ыр жаздырып, бүткөндө угуп, өзүмчө бактылуу боло берчүмүн. Ырларым элге таасирдүү болсо дейм. Жакында эле радиодо конокто отурсам «Тагдырың сага жазганда» деген ырың менин жашоомду сактап калды» дегендей кылып кыздар телефон чалып жатышты. Аны угуп «пайдам тиет экен...» деп сүйүнүп калдым.

– Ар бир кесиптин зыян жагы болот эмеспи. Ырчылыктын кандай терс жактары бар?
– Кенен басып-тура албаганың бир болсо, кошумча «көз тиет» деген түшүнүк бар экен. Бирөө жаман ою жок, жакшы сүйлөп койсо да көтөрө албай кетем. Андыктан жаман энергиядан арылуу үчүн үйгө кирерим менен жуунам, эмесе кадимкидей оор болуп калам.

– Шоу чөйрө сени кандай адам кылып тарбиялады?
– Чынында, ырчылык мени ачты. Мурун түнт, тартынчаак болсом, азыр оюмду кенен айтып, ачылып-чачылдым. Ырдап калганыма абдан сүйүнөм. Анткени ырдабасам, азыр айылда курсагы чыккан, эки бети кызыл киши болуп, эчак эле үйлөнүп, көп нерсени көрбөй-билбей өмүрүм өтүп кетмек беле дейм. Анан да мурун жиниме тийген бирөө менен ойлонбой урушуп кетсем, азыр карманам, ал кезге караганда токтоомун. «Биз деген мал эмеспиз, адамбыз» деп түшүнбөстүктөрдү сөз менен жоюуга аракет кылам.

– Эгер таразанын бир жагына чыгармачылыгыңды, бир жагына жеке жашооңду койсок, кайсы жагына оойт элең?
– Азыркы учурда чыгармачылык басып кетмек. Анткени учурда эң негизги максатым – жаш, бойдок кезимде пайдубал куруп алуу.

– Өткөндө Мирбек Атабековдун интернеттеги өздүк баракчасына жүктөгөн сүрөткө көзүбүз түшүп калды. Ал Омардын, сенин, анан Мирбектин сүрөтү экен, «биз бүгүн жылдызбыз, эртең легендабыз» деп жазыптыр. Ошол боюнча сенин оюң? Чын эле тирүү легенда болобуз деп ойлойсуңбу?
– Аны мен көргөн эмесмин. Бардык нерсени жакшы жагы менен карашыбыз керек. Балдар менен да келечекке койгон жакшы пландар бар. Буюрса, чет жактан музыкалык билим алып келип, өсүп келаткан жаш таланттарга жол көрсөтүп, маданиятты өстүрсөк, ошондо легендага айланабыз. Азырынча жөн эле ырчыбыз, өзүмдү жылдызмын деп деле эсептебейм.

– Атаандашуу болгон жерде өсүш болот дейт эмеспи. Сенде атаандашуу сезими барбы?
– Мен Кыргызстанда бирөө менен атаандашып өзүмдү көрсөткүм келбейт. Аны чет жактан кылыш керек. Жакшы клип тартып, жаңы ыр жаздырсам эле мага жетиштүү. Эгер бирөө мени менен ырдайм десе, маселе жок, дайым даярмын.

– Көп жылдар бою улам жаңы муун ырдачудай чыгарма жарата алдым деп ойлойсуңбу?
– Бул жөнүндө көп ойлоном. Менин ырларга табитим жакшы эле болуш керек. Балким, «Сезим», «Эсимде» деген ырларымды 20-30 жылдан кийинки муун ырдап калар.

– Сени сахнадан качан көрбөйлү, шайыр, шаңдуусуң. Сүрдөбөгөнүңдүн сыры эмнеде?
– Билинбегени менен мен деле сүрдөйм. Бирок чыкканда залда отурган элдин маанайы жакшы болсо, дароо өзүмдүн дүйнөм менен жыргап ырдап кетем, баарын унутуп коём. Фонограмма менен чыгып, өзүнө ишенбей, жакшы ырдай албагандар уялып, өзүн жакшы сезишпесе керек.

– Жылдыз болуп калганда мурунку сүйлөшпөй калган кыздарың кайра байланышып башташса керек...
– Канчалык кыздар көп чалса, ошончо бактылуу болом, ха-ха. Андай нерселер болот, бирок көңүл бурбайм. Ал өткөн нерсе болгондон кийин сый мамиледе эле калган оң.

– Эми жеке жашооңо кепти буралы. Сени көптөн бери бир кара көз жандап жүрөт да...
– Мм, анын бар экенине кубанам. Ачык мүнөз, эки жүздүү эмес, бетке айткан кыз. Интернет бизди табыштырды десем болот.

– Кыздын көңүлүн алуу үчүн сюрприздерди уюштуруп жүрөсүңбү?
– Өзүмдү мурун романтикмин деп ойлоп жүрчүмүн. Эми билдим, такыр романтик эмес экенмин. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү 3-4 жаштагы кичинекей балдарга окшоштурам. Бири-бирибизге бултуңдап таарынып, мүнөзүбүздү көрсөтүп, экөөбүз тең эмоционалдуубуз. Бирок ошонусу менен ал мага жагат. Башка эркектердей болуп күндө гүл сунуу деген менде жок. Баарын айтып, "намёк" бергенде кылам, өзүмдүн оюма ошо нерсе келбейт экен (күлүп).

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Ал адамды тапканыма кубанам" дейт Арсен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
02.02.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyn jurogunon maek kurup beriptir. Azamatsyn Arsen!
SUPER.KG видео
02.02.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик. Мага ырлары жагат. Кызы экоо бири бирине жарашат экен.
SUPER.KG видео
02.02.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы ТАЛАНТТАР озулору эле тандалып калат.
Арсен, Омар, Мирбек силерге ийгилик!!!
SUPER.KG видео
02.02.2013. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай манилуу маек болуптур! Таланттуу бала деп Арсенди айтса болот Алга Арсен!
SUPER.KG видео
02.02.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа, коздорун жумуп кулгону озуно аябай жарашат экен, анан, бул ырчы жигиттин бир да ырын эстей албай койдум, тилекке каршы. Бирок, уну бар, жакшы ырлардан жаздырса деген ой. Биз легендабыз деген ырчыга караганда Арсендин уну 100 эсе мыкты, бул чындык! Кошумчалай кетчу нерсе маектин сонунда анча-мынча трайбализмдин да жыты жыттанып кетиптир )))Интеллигент эмесмин дегени бул анын чыныгы адамдык сапатынын белгиси катары тушундум, жонокойлук, адамгерчилик бар экен АРСЕНДЕ, азаматсын!!!
SUPER.KG видео
03.02.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Арсендин эки созунун биринде КУДАЙЫМ БУЙРУСА деп суйлогону абдан жакты чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
03.02.2013. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мактангым келбейт деп коюп эле мактанып атат го жигиттин гулу
SUPER.KG видео
03.02.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оркундоп осо бер,жонокой Таластык жигит,мактана турган жонун бар,иштерине ийгилик !
SUPER.KG видео
03.02.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes Kyrgyzdyn patriot jigiti ekensin ushununan kaitpa akchaga kyzykpa. Maga senin idealaryn jakty
04.02.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу деле жаны чыгып алып жаны чыккан жаш ырчыларды сынап койбодубу.кобойуп кетишти деп.арсендин бир да эсте калаарлык ыры жок.менимче ырлары супсак.
SUPER.KG видео
04.02.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bagirra,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
5 күн банга!
04.02.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкасын билбедим го, мени Таалай Бектургановдун " Таарынба" деген ыры кыжырымды келтирди. Бир жакшына ырды бузуп салыптыр, 4 куплеттин ордуна 1 куплетти кайрыма кылып, а 4 куплет болсо жок.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсен ийгилик сага! сенин акыркы ырларын мага жагат абдан. Катуу куулонуп иштеп жаткан учурун. мен сени сыйлайм!
05.02.2013. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсен коптогон чет элдик сынактарга катышкан,уну да,стили да озгочо.Сындайт десе эле ойго келгенди оттогон болбойт.Сын жамандоо,кемсинтуу учун эмес,кенеш беруу,бир нерсени жакшы жака ондоо учун айтылат.Ар кимдин оозунан чыга бергени да туура эмес:)
SUPER.KG видео
05.02.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amerikano, aiym_07,

Сиздерге эскертүү!
Биринчиден, жеке маек үчүн купуя бар!

Экинчиден, эреже боюнча жооптор кыргыз тилинде болушу сунушталат. Эске салып коюӊуздар.
05.02.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
м кулака синимдуу эсте каларлык ырлары жок кемсинткенден эмес туурасы, кобойуп эле кеттинер! кобойуп кетишти эмес жигиттин гулу, ал эми мирбек атабеков чынында легендага татыктуу ырчы. соз жок мирбектин талантына
05.02.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ииий ушу Арсенге соз жокда. Уну да жооок уккулуктуу эмес...
06.02.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арсендин бир эле ырын билем чындыгында.
06.02.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тагдырын сага жазганда деген ырындын обонун Мирбек Атабеков жазып бербегенде анчалык хитке айланбаса керек эле. хит болгон деле жок. эми кичине эл уктуда
06.02.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсенди мен ырчы катары үнүн, чыгармачылыгын баалайм. Клиптери да өзгөчө, хит ырлары көп. Ийгилик сага.
06.02.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен азаматсын!!!, сен абдан талантуусун!!! сага чоон ийгилик!!!
06.02.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мактанчак экенсин
06.02.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Арсен! Сенин унун жандуу.
06.02.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчыбы демек ырчы, аларга эмне анчалык нервинерди коротосунар. бироого жакпаса башкага жагат. иши кылып ырчылар бар болушсун аман болушсун!
SUPER.KG видео
04.03.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы маек куруп бериптир! мен чынын айтсам Арсен байке озу жагат,бирок ырлары жакпайт Сезим деген ырынан башка! капа болмой жок!
04.11.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арсен сенин ырларынды канча кайталап уксамда тажабайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо