КӨЗҮҢӨ КӨЗҮМ, ЭРДИҢЕ ЭРДИМ ЗАР

№535 1-7-февраль, 2013-ж

Мырзалардын күчү, акылы, тапкычтыгы, ал тургай капчыгынын калыңдыгынан башка дагы айымдарды багындырчу бир куралы бар. Ал – сексуалдуулугу. Аларды көзү, оозу, мурду сыяктуу дене мүчөлөрү, анан да үнү, көз карашы да сексуалдуу көрсөтөт. Ооба, кыздар арасында сурамжылоо жүргүзгөнүмдө «баланчанын көзүнө зармын, түкүнчөнүн эрдине зармын...» дегендер көп болду. Келгиле, кыздардын элегинен кайсы мырзалар өттү, көз жүгүртөлү.

АЧИ МЕНЕН ЖЕЙКОБДОН КЕМ ЭМЕС!
Атактуу Ачи (Марио Касас) менен Жейкобду (Тэйлор Лотнер) кимдер гана тааныбайт?! Биздин калпакчан жигиттерибиздин арасында деле бул экөөндөй бирөө бар. Ким дебейсизби? Ал – баскан-турганы, жайдары жүзү, сүйлөгөнү, анан да спорттук, зыңкыйган дене түзүлүшү менен сексуалдуу көрүнгөн Эрмек Нурбаев. Кыздардын айрымдары «Эрмек келбеттүү. Чүпүрөк оронуп алса да жарашат. Алпаруучу эмес, модель болсо болмок» дешсе, башкалары «ал иштин майын чыгара жасайт. Иштин майын чыгарган алпаруучу, балким, «башкасынын» да майын чыгарса керек, ээ?» деп оозду ачырышты. Кыздар, бул суроонун жообун Эрмектин келинчеги Чолпон эле билбесе...

КЫЛ МУРУТ АГАЛАР КЫРДАНАТ ДА, СЫРДАНАТ
Ооба, кыздын көркү чач болсо, эркектин көркү мурутта деп коюшат экен. Кептин чындыгы бар. Биз, кыздар, сулуулугубузду ашыруу үчүн күзгү алдында чач жасалгалап тарансак, мырзалар мурутун улам-улам сылап жасанышат. Атактуулар арасында муруту менен сексуалдуу көрүнгөн мырзалар саналуу гана. Алар Асылбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Аскат Сулайманов. Булар мурутун сылаганда атактуу Чапай агабыз тирүү болсо өчүп калмак. Агаларыбыздын алды кайната статусун алып калышса да, жигит сынын, сырын жоготуша элек.

ЭРИНИҢ БЫШКАН АЛЧАДАЙ
Эриндерин өпкүң эле келе турган мырзалар да көп тура кыргызымда. Бирок ошолордун арасынан Нурдөөлөт Копоевдин эриндери өзгөчө. Тимеле жалтырап, кызарып, бышып турган алчадай. Чайнабай эле ширесин соруп жүрө бергиң келет.


МУРДУСУНАН ӨБӨЙҮН...
Мүнүшкөрлөр бүркүттүн тумшугунун үстүнкү бөлүгүнө суктангандай, кыздар да жигиттердин мурдуна суктанышат экен. Коңкойгон мурундуулар темпераменттүү болушат дегенге ишенишеби, айтор, кыздардын көпчүлүгү Мирбек Иманбековдун мурду сексуалдуу деп баса белгилешти. Чын эле, мурун өбүшүп-жытташууда чоң роль ойноору баарыбызга белгилүү эмеспи.

ЖИГИТТИН КАРА ТОРУСУ – АЙЫМДАРДЫН ЖҮРӨК ООРУСУ
Ооба, кыздарды жүрөк оору кылгандардын бири – Актан Исабаев. Бул «шоколад» агабызга Кудай бой десең бойду, өң десең өңдү, анан да сексуалдуу коңур үндү аянбай бериптир. Аппак костюм кийип алса, шыңга боюна куп жарашып эле калат. Ал эми ырчынын «визиттик карточкасы» болгон оригиналдуу чач жасалгасы тууралуу сөз кылбай койсок деле болчудай. Анткени айымдардын көпчүлүгү чачы жок мырзаларды темпераменттүү жана акылдуу деп кабыл алышат.

ЖАГЫМДУУ ҮНҮ ЭЛЕ КАНДАЙ АЗГЫРЫК?!
Чечендик жактан эч кимди алдыга салдырбаган, акылга бай ди-джей Азамат Эркинбаевдин бал тилге салып сүйлөгөнүнө ким эле жибибесин?.. Анын үнүнө муюп, үналгынын жанынан карыш чыккысы келбегендер миңдеп саналат. Сурамжылоо учурунда «жанга жагымдуу үнүнө ашык кылып жүрө бербей, мага эле үйлөнүп албайбы. Жашы деле келип калды. Жакшылыктын эрте болгону жакшы эмеспи» дегендер да болду. Азамат мырза кыздардын бул суроосуна качан жооп берет болду экен?..


КЕҢ ДАЛЫЛУУ АЗАМАТ
Кайсы кыздын эле кең далылуу мырзанын кучагында жаткысы келбесин?! Кең далысы менен кыргыз кыздарынын гана эмес, түрктөрдүн да кызыгуусун арттырган ырчы – Гүлжигит Калыков. Жараткан бул жигитке Актан Исабаевге бергендей бой берип койсо... Кудай, өзүң сакта! Канчалаган сулуунун тамагынан аш өтпөй калмак. Жалган айтамбы? Ал «Евразия жылдызы» сынагына катышканда «чечинсин, чечинсин» деп кол чапкандар кимдер эле? Албетте, түрк кыздары. Андыктан, кыздар, кең далылуу жигиттин кучагында көшүлүп жаткыңар келсе, чамдагыла, башкалар тартып кетпесин...


КӨЗҮ ОТ, ЖҮРӨГҮ ЧОК
Бекеринен Даниель «мага көп көз тиет. Ошондуктан бат-баттан дем салдырып турам» дебейт тура. Дегеним, «Даниелдин карагаттай көздөрүнө чөгүп гана кетким келет, чиркин!..» деп кыялданган селкилердин саны арбын. Ал гана эмес, ырчы жигит оттой жанган көздөрү менен өзүнөн улуу эжекелеринин да жүрөгүн багындырганга жетишкен.

БУТУҢДАН СЕКЕТ КЕТЕЙИН
Ой, тобо, узун, түз буттууларга жигиттер гана кызыгат экен десем, мындай шыйрактарга кызыккан айымдар четтен чыгат экен. Алардын арасында «Мерген Тургандын бутуна эч кимдики жетпейт. Мына, жадакалса биздики да аныкындай түз эмес» деп юбкасынын этегин көтөргөндөр болду. Бекеринен ырчы агабыз сахнага кызча кийинип чыкпайт тура. Туура кыласыз, Мерген мырза, мактана турган нерсе болгондон кийин элге көрсөтүш керек, шымга катпай...

Венера Камалова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(31)
04.02.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хаха))
04.02.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мерген турганды туура тушунсо болот а Эрмек жонундо кичине ашырып койгонбу дейм даааа анан газетаны окуганда кайра кайра карап Жейкоб менен Ачиге бир да жерин окшоштура албадым, азыр да карадым кечке эч жери окшободу)))) Эрмек озуно эле окшош экен хе-хе
04.02.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даниель менен Гулжигит ото эле "красавчик"!!! Ушул 2мырзага суктанса болот !!!
04.02.2013. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурдөөлөт Копоев помада менен бойоп алганго?
04.02.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гулжигит даниел чындап эле мактоого жарашат экен, анан эрмек кандайча моделъ? Ачи Жейкоб Эрмек эч жери окшошпойт ко? Эрмекти мен Акаевке окшотом чачын кырып койсо эле жетишет
04.02.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурдоолотту мен гейби деп да ойлоп коем кээде... Дайыма сыланып, сыйпанып ачык туско кобуроок басым жасайт, анан 30дан ашса да уйлоно элек го...
04.02.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит жагат мага дагы... Соонун жигит!
04.02.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Венера эженер брачный агентстводо иштей турган экен,
04.02.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aylanayın Ermek tegele seksualduu emes
04.02.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даниел да эркек беле!
04.02.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а Мирбектин взглядын эмнеге жазышкан эмес???
04.02.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмекти ото деле ашырып жиберипсинер. Эч кандай сексуалдуулук жок, Жейкоб м.н Ачиге жакындашбайт дагы. Гулжигит реально жылдыздуу экен.
05.02.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрмек соз менен кыздарды тартып турса к-к дейм!даниель мирбек али балдар кичине аларды кичинекей балдар сындашсын,а мага аскат суайманов жагат!НУРДООЛОТТУН КАШЫ МУРУТУ КАНТЕТ ТООБО!
05.02.2013. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте кыргыз бозуландарына башкалар жетпейт дегилечи бирок Ачи туруш-турпаты бойунча идеалдуурак бою, келишкен мучосу, бет тузулушу да адамды кайдыгер калтырбайт. Жейкопко да соз жок. Биздин жигиттер да спорт менен достошуп келбеттерин карашса жакшы эле болмок. Ал эми Азамат мырзанын уну мактоого татырлык радиодон да жанынан да караганда телден аябай сексуалду, байкап корсонор болот.
05.02.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмекти ото эле ойдолотуп коюпсунар, менин оюмча кыргыз атактуу мырзалардын арасында Ачиге салыштыра турган мырза жок. Ачини жашоодо кандай экенин билбейбиз дечи, бирок кинодогу образына туура келген мырза дегеле жок болсо керек.
05.02.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардын арасынан эн эле жакшынакайы Гулжигит
05.02.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актан ото.эле коркунучтууго
06.02.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар болсун Кыргыздын кымыз жыттуу балдары!
06.02.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da a a a a . Kyzyk eken. Magan da Askat Sulaymanov jagat.
06.02.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, бирок кээ бирлери анча мынча окшошпойт го "секси" жигиттерге :))
06.02.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mirbek Atabekov jokko
09.02.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzat, мен да кошуламын Мирбеша Атабековду биринчи орунда кошуш керек эле...анын оозун кыйшыйта жылмайганы аябай жагымдуу...
07.02.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Гулжигит абдан жылдыздуу жигит, кичине эле бою узун болгондо сонун болмок. Унду да кудай берген десем жанылышпайм го, бекеринен Евразия жылдызында фаворит болгон жок да, конкурс отуп жаткан учурда.
08.02.2013. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер так держать
08.02.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигитти жанынан коргом, коздору куйуп турат экен, бирок чынында бою кичине бир аз.
09.02.2013. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон чакта да АК калпактуу кыргызымдын мырзалары бар болушсун. Анан биздин жигиттерден ачи, жейкоб эмес улакчы палвандар чыгат.
10.02.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахаха боорум эзилди:-)
10.02.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек жанын караганда сопсонун эле. Мага лично жагат... Колдо пляжда бир жолу сосед отуруп калып суйлошуп отурганбыз. Аябай маданияттуу жакшы экен. Анда таанычу эмесмин кийин экрандан коруп бой которбогон кичи пейилдигине аябай тан калгам.
11.02.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулгижит кыргыздын мырзаларынын арасынан сулуулугу жагынан эталон"у деген менин жеке оюм...
02.03.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хмм...мага да Гулжигит жагат. Эрмек мындай караганда сексуалдуу корунсо керек.
20.05.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жазылыптыр макала,боорум эзилип калды)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо