Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АНАНАС

№535 1-7-февраль, 2013-ж

Дасторконго көрк тартуулаган, өзгөчө даамы бар ананасты ким гана билбейт. Анын экзотикалык даамы гана эмес, пайдалуу жактары да көп болгондуктан, дамамат колдонгондор жок эмес. Мунун себебин чогуу иликтеп көрөлү.

МЕКЕНИ – БРАЗИЛИЯ
Ананастын мекени – Бразилия. Кийинчерээк Африка жана Индия өлкөлөрүнө тарай баштаган. 1493-жылы экспедицияларынын биринде Христофор Колумб ананасты алгачкы ирет көрүп, «тобурчакка да, алмага да окшошуп кетет экен» деп таң калыптыр. Дал ошондон улам ананастын англисче аталышы «pineapple» (тобурчак-алма) деп аталып калган. Саякатчылардын арты менен ананас акырындап Европа, анан Азияга белгилүү болуп, кийинчерээк оранжереяларда өстүрүлө баштаган.
Азыр ананас Гавайи жана Филиппин аралдары, Австралия, Мексика, Бразилия, Африка, Индияда көп өстүрүлөт. Кыргызстанга болсо Ирандан жана Кытайдан алып келишет.
Ананастын салмагы 1-5 килограммга чейин. Курамынын 86 пайызын суу, 12-15 пайызын кант түзөт. Андан тышкары В1, В2, В12, РР, А витаминдерине, калий, темир, жез, кальций, магний сыяктуу пайдалуу заттарга жана йодго бай.

«СЫРДУУ АНАНАС» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Ананас – 300 грамм
Сыр – 300 грамм
Сарымсак – 2-3 баш
Майонез – 100-150 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1. Ананасты чарчы формада туурап алуу керек.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
3. Сыр менен ананасты аралаштырып, ага жанчылып, майдаланган сарымсак кошулат.
4. Майонез кошуп бардык азыктарды аралаштырабыз.
5. Даяр болгон салатты идишке салып, дасторконго коё берсе болот.

АРЫКТАТУУЧУ, АНЕМИЯНЫН АЛДЫН АЛУУЧУ КАСИЕТИ БАР
Касиеттери төмөнкүдөй:

  • Тамак сиңбей калган учурда ширесинен 100-200 грамм ичүү сунушталат. Айрыкча буурчак, күрүч, эт азыктарын тоё жеген учурларда эң жакшы каражат. Ал эми ананастын ширесин алууда кадимки шире бөлүүчү аппарат жардамга келет.
  • Учак, кеме, кайык, машинага түшкөндө көңүл жана баш айланууну басаңдатат.
  • Ашыкча салмактан арылууда жардамчы. Тамактын артынан ананас жеп коюп жүрсөңүз, организмдеги зат алмашуу жакшырып, жеген тамагыңыз майга айланбайт.
  • Шишик баскан учурда күнүнө бир стакан ананас ширесин же жарым ананас жесеңиз жардам берет.
  • Кандын курамындагы серотонинди (бакыт гормонун) көбөйтүп, көңүлдү кушубак кылат.
  • Аз кандуулукту жана цинганы (витаминдердин жетишсиздиги оорусу) алдын алууга мүмкүн.
  • Жаш балдардын өсүп жаткан организмин витаминдер менен камсыздайт.

СЕПКИЛДИ КЕТИРЕТ

  • Майлуу териге. Бир кесим ананас менен бетти сүртүп, маска катары колдонууга болот. Бул терини сергитип, майлуулугун азайтат.
  • Сепкилге каршы маска. Майда тууралган ананаска суюк балды аралаштырып маска даярдаңыз. Масканы бетке сүйкөп, 5-10 мүнөт кармоо керек. Жууп салгандан кийин курамында лимон бар кремди сүйкөө сунушталат.

БААЛУУ ДЕСЕРТ
Адатта, ананас десерт катары тамактын аягында берилет. Жегенге ылайыктуу кылып кесүүнүн варианттары бар:
1. Эки бөлүккө бөлүп, ортосун оюп алуу керек. Андан соң ананас жана башка жемиштерди аралаштырып, кабыгын тарелканын ордуна колдонууга мүмкүн. Мындай өзгөчө табак дасторконуңузга экзотикалык шаң тартуулап, өзгөчө кооздук берет.
2. Сабагын кесип алган соң калыңдыгын 2-3 сантиметр кылып туурап алыңыз. Андан кийин кабыгынан арылтып, ортосун көзөп, тарелкага салууга болот.
Кыскасы, ар кожойке өз фантазиясына жараша ар түрдүүчө кесип, идишке каалагандай жайгаштырууга мүмкүн.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Арыктагыңыз келсе, ананас жеңиз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
02.02.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге чоон Рахмат!!!
Пайдалуу кенешинизге!!!
SUPER.KG видео
02.02.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен семиргим келет. Жакында жаз жай айлары келет эмеспи мага окшоп семирууну каалаган жаштар да коп болсо керек. Урматтуу супер инфо семиуу тууралуу да макала жазыныздарчы суранам. Алдын ала чоон рахмат!
SUPER.KG видео
03.02.2013. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде бул мелко кубиками кесилген фруктылар фруктовая экзотика. Ананас,киви, винаград, груша, яблако,клубника аралаштырып жасалат. Ананастын башын алып акырындык менен ичин кесип алып кубик кылып баардык ингридиентерди туурап кайра ананастын кабыгына салып крышкасын кыйшайтып жаап койобуз.Но мен жасаганды аябай жаман кором самый гемаройный.(извините за выражение)
SUPER.KG видео
04.02.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спасибо корреспонденту. Интересный сюжет
05.02.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вау сонун го
05.02.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
м рахмат супер инфо сонун инфо экен как раз арыктайын деп жаткам
07.02.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ананастын жыты жагат
08.02.2013. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесуу формуласын кобуроок жазсаныздар болмок. Рахмат!
08.02.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маска кылам дегендер абайлагыла экен, биринчи колунарга жасап коргуло бетиме суйкой коём деп бетим кызарып кычышып ачышып чыкты кээ бир терилер аллергия болот экен.
10.02.2013. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да салаты аябай жакты можно, анарды да кошуп койгону аябай сонун дисерт болот экен. :)
10.02.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да жакты. Азыр суйуктуу жолдошумдун туулган кунуно дал ушул десертти даярдап жатам. Рахмат супер инфо!
SUPER.KG видео
12.02.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенешинизге ыракмат. Бир кичинекей сын: Тактайыныздар козго жагымсыз урунат экен. Катуу тийсе кечирип койунуздар.
01.03.2013. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оой рахмаат силерге аябай сонун кенештерди жазыпсынар
SUPER.KG видео
13.06.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чириген банан жесен конечно арыктайсын ичин ооруватып
05.02.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананас бир жылдык осумдукко киреби же коп жылдыккабы?мисалы остурсок момо байлаганда анысын устунон кесип алсак кийинки жылы кайра дагы момо алабы билгендер болсо жазып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо