Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назгүл Токтакунова, ырчы:«КИЙИН ЖАШ ЫРЧЫЛАРГА ПРОДЮСЕР БОЛГУМ КЕЛЕТ»

№535 1-7-февраль, 2013-ж

Мирбек Атабековдун «Сагынган кезде», Бегиш менен Көчө акыны ырдаган «Акыркы кат» аттуу клиптерден коңур үндүү ырчы кыз обон созуп калганын угуп-көрүп жүрсөңүз керек. Ал – Назгүл Токтакунова. Анда Назгүл менен кененирээк таанышалы.

НАЗГҮЛ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү
– Токтакунова Назгүл Дүйшөналиевна
Туулган жылы – 1987-жыл, 23-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Лакап аты – Сарышка
Бою – 165 см
Салмагы – 55 кг
Билими – БГУнун экономика факультетинин финансы-кредит бөлүмүн бүтүргөн

– Назгүл, ырчылыкка кандайча келип калгансың?
– Кичине кезимден эле ырга кызыгуум бар болчу. Үйдөгүлөр менен конокко барып калганда элдин алдында тартынбай ырдап-бийлей берчүмүн. Ошентип жүрүп 16 жашымда «Великий дворник» деген топко кабыл алынып, ошондон баштап сахнага кадам таштадым десем болот. Бирок мен ырчылыкты өмүрүм өткөнчө кесип кылгым келбейт, хобби катары гана карайм.

– Кичинекей Назгүл кандай кыз болгон?
– Ата-энемдин айтуусу боюнча, аябай эле тентек болуптур. Бир орунда тынч отура албаганымдан улам го, мени узун жип менен үйдү жылытуучу батареяга байлап коюшчу экен. Азыр күлүп эстеп калышат, «байлап койсок да тырмышып жатып жипти чечип алчусуң» деп.

– Көбүнчө ырчылар менен дуэт ырдап келесиң. Сени жеке ырчы катары качан көрө алабыз?
– Ооба, ушул сөздү ата-энем, досторум, тааныштарымдын баары айтышат. Буюрса, быйыл жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып, өзүнчө ырдап чыгайын деп жатам. Чынын айтсам, ушул кезге чейин атактуу болуу деген ой менде жашаган эмес. Мунун баары жөн гана өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн жасала турган иштер.

– Музыкалык билим алгансыңбы?
– Музыкалык билимим жок.

– Ырсыз жашооңду элестете аласыңбы?
– Элестете алам. Ашып кетсе 5 жыл ырдайм да, андан кийин өзүмдү башка тармактан сынап көрөм. Анткени келечекте турмушка чыгып, жубай болом дегендей. Анан үй-бүлөлүү болгондон кийин күнү-түнү үй бетин көрбөй ырдап жүргөнүм эч кимге жакпаса керек. Өзүм ырдабай калганда жаш ырчыларга продюсерлик кылгым келет.

– Ырчылыктан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Негизи, менин жашоом музыка менен тыгыз байланышта десем болот. «Великий дворник» тобу тарагандан бери кафеде ырдап келем. Анан орусча ырларды жазам, обон чыгарам дегендей.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Чынын айтсам, бошой калсам эле уктайм.

– Тойлорго да чакыруу алсаң керек. Ставкаң канча?
– Албетте, чакырышат. Биринчи эмне болгон той экенин сурап, ал жакка ырым туура келеби, ошону билип туруп, анан барам. Ал эми баасы 500 доллардан жогору.

– Сенин оюңча, кыргыз шоу-бизнесинин учурдагы абалы кандай?
– Эми мындан 10 жыл мурунку учурга салыштырмалуу жакшы эле деңгээлде. Бирок ырдай алганы да, ырдай албаганы да чыгып жатканына кошулам. Бир-эки ыр жазып, сапатсыз клип тартып коюп эле өзүн жылдыз сезгендерге таң калам. Ырчы ырдап эле койбостон, бардык жагынан өзүн тарбиялашы керек. Биринчиден, сырткы көрүнүшүнө көңүл бурса, андан да олуттуусу анын ички дүйнөсү болушу кажет. Башкача айтканда, өзүн ырчы деген атка татыктуу алып жүрүшсө деген ой.

– Кайсы ырчылардын чыгармачылыгын баалайсың да, кимдерге сын айтар элең?
– Өзүмдүн оюмду айтсам, Арсен, Мирбек Атабеков, Омар, Гүлжигит Калыковдун чыгармачылыгына, талантына аябай баа берем. Буларды мен чыныгы таланттуу, өз ишин билген мыкты жигиттер деп билем. Эч бир үнү жок эле чыгып жаткандар да толтура. Бирок мен алардын ар биринин атын атап, таарынткым келбейт. Адамдын өзүнө билинет да, аткарып жаткан ишинин жыйынтыгы барбы, жокпу, ошону эске алып, дайыма өзүн сындай билиши керек.

– Ырчы Айбек Замирбек уулу экөөңөрдү кыз-жигит деп угабыз...
– Жок, андай эмес. Бул сөз экөөбүз чогуу түшкөн сүрөттөн улам чыгып кетиптир. Мен антип Мирбек, Арсен менен деле сүрөткө түшөм. Алардын баары менин жакын досторум. А өзүмдүн жүрөгүм бош.

Асел Асанова
star@super.kg


Назгүлгө "спонсор" болгусу келгендер көп

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
04.02.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча жонокой бийкечсиз, суйлогонунуз жана кулкунуз жакты...
04.02.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озу деле жыргаткан ыр ырдап чыканын корбодум 500доларга ылайыктуу ыры деле жок
SUPER.KG видео
04.02.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
созду жазбайт созду суйлойт! ыр жазам деш керек эле.
05.02.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ставкам 500 доллар дейби бул кайсы ырчы озу дует ырдаса озунун кайсы ырлары бар экен
SUPER.KG видео
05.02.2013. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azbai jonokoi kyz tura. Maga jonokoilugu jakty. Birok, jawooda kandai bilbeim...
SUPER.KG видео
05.02.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат Нурзаттын ырлары! Эн сонун ырдайт. Бул менин жеке оюм!
SUPER.KG видео
05.02.2013. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нурзат эмес, Назгул! Ийгилик сизге!!! ото жонокой адам экен, жасалмалуулук жок...эртереек куйоого тийишинизге тилектешмин...бар болунуз!
05.02.2013. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Омарлардан кийинки поколенияларды такыр тааныбайт экенмин, менимче синимдуу ырлары жокко эсе деген ойго аргасыз чомулдум.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan soonyn kiz eken. maga jakti. Orkyndop oso beriniz.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
риори
05.02.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
м кыргыздар жалан звезда болуп кетет окшойбуз жакын арада бирибиз ырчы бирибиз аранжировчик бирибиз продюссер кудай буюрса баарыбыздын уйубуздо бирден ыр жазуучу студия ачылат
06.02.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altinim, ырчысыбы, бийчисиби же саясатчысыбы кобойо беришсинчи, ошонтип эле онугуп кетеличи...А анын эмнеси бар экен, мумкун качандыр бир кезде КЫРГЫЗСТАНдын Ырчылары "ооооо" деп калышаттыр...Эн негизги маселе ЖУМУШСУЗДУК кыскарып жатканы эле кубандырбай койбойт...Дуйнолук статистикада деле футболчуларынын коптугу боюнча Бразилия турбайбы???, же алар онукпой жатабы?...Биз колунан бир нерсе келген талантууларды сыйлаганды уйронушубиз керек!!!, болгону ошол!!!
05.02.2013. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
апеей ботом мына сага дагы бир звезда! Ырдап сахнага копко жашабасан, ырдоо сен учун хобби болсо не кыласын звездалардын санын кобойтуп?! Итак эле 1 уйдо 1 ырчы болойун деп калды.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назгуль, Бар бол. Азамат кыз экенсин. Жашоондо бугункудой жарык бойдон омур сур.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
unu jakshi maga dagi aivai jagat
06.02.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздын талантын аябай сыйлайм. Назгулдун канча ыры бар экенин билбейм..мен 5 ырын уктум окшойт озгочо кусалык деген ыры аябай жагат. иштерине ийгилик!
06.02.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай таланттуу кыз!!! Жакшы ырдайт, ыр жазат экен, музыкасын озу жазат экен....Сага ийгилик!!!, Уну абдан жагымдуу!!! Мага абдан жагат бул ырчы!
SUPER.KG видео
06.02.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Могу алып баруучу экоо эже синди окшойт окшош экен .
06.02.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында уну аябай жумшак, уккулуктуу ошон учун биздин мен мен деген ырчылары сарышканы кошуп ырдашат да.
SUPER.KG видео
06.02.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле ачык кыз экен,бирок чынында эрке окшойт билинет экен эркелиги.чыгармачылык ийгилик сага!
06.02.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапаттуусу болсочу баарын чогултуп жандуу ырдатып корсо коротлек ким кыйын экенин киргенге тешик таппай калышатко
SUPER.KG видео
07.02.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гиперпозитивная
07.02.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагымдуу маек куруп бериптир азаматсын
07.02.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Назгул!!! Талантына таазим.Озун ыр жазып ,ырдап жатасын АЗАМАТСЫН!Чыгырмачылык ийгилик каалайм сага.Биз сенден копту кутобуз ,Алга Назгул!!!
SUPER.KG видео
08.02.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaa jonokoi kyz eken!maga jakti jasalma degen jok eken krasatylia!
SUPER.KG видео
10.02.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты ишинизге ийгилик
SUPER.KG видео
10.02.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
муз билим алсаныз мындан да жакшы чыгат белениз
SUPER.KG видео
04.03.2013. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбек атабековдун атына эле таанылды окшойт!
12.05.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жагат мага жагымдуу угулат
23.07.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да сарышка дешет досторум хе-хе. бул кыздын озунун бир да ырын уккан эмесмин. бирок дуэттери жагат
12.04.2014. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты ушул кыз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо