Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Балбан Канатбек Бегалиевдин кызы Камила: «АТАМ АПАМДЫ ЭЛКЕЛЕТПЕЙТ, АПАМ ЧОҢ ДА»

№536 8-14-февраль, 2013-ж

Бала тили кандай таттуу жана жагымдуу! Бүгүн биздин конокторубуз «Бээжин-2008» Олимпиадасынан күмүш медаль менен кайткан спортчубуз, балбан Канатбек Бегалиевдин бал тилдүү кыздары Камила менен Азиза болмокчу.

– Кандайсыңар, кыздар? Атыңар ким болот?
– Менин атым – Камила.
– Менин атым – Азиза.

– Жашыңар канчада?
Камила: – Мен бештемин.
Азиза:(Апасын карап, апасы төрт манжасын көрсөтсө уялып) төйттөмүн.

– Бала бакчада досторуңар көппү?
К.: – Мен садикке байбайм, бийге байам. Буттайым менен секийип бийлейм.
А.: – Мен да бийге байам.

– А үйдө силерди ким карайт?
А.: – Таенем кайайт.

– Апаны жакшы көрөсүңөрбү же атаныбы?
К.: – Мен чоң апаны, папаны жакшы көйөм.
А.: – А мен маманы. Жок, мага экөө жагат экен.

– Үйдө ким жомок айтып берет?
К.: – Таенем жомок айтып бейчү да... Жок, муйда Уля апчем (Уулкелсин деген эжеси) айтып бейчү да, анан ал Тулсяга (Түркия) кеткенде таенем айтып бейип калды. Ламашка (ромашка) гүл жөнүндө жомок айтып бейген бизге.

– Экөөңөр урушпайсыңарбы?
А.: (Башын чайкап) жок, улушпайбыз.

– А үйдө ким тентек?
А.: – Алихан (кичинекей иниси).
К.: – Алихан биздин куулчактайыбызды талаша бейет. Анан мама ага болушат.

– Атаңар кимди көп жакшы көрөт?
К.: – Мени. Мындай да, билинчи мени, анан Азизаны, анан Алиханды, анан Фатиманы (эң кичинекей бөбөгү).
Айпери (апасы): – Атасы уулунан да кыздарын баса калып жакшы көрөт. А мен уулума жакынмын.

– Ырдаганды билесиңерби?
К.: – Ооба, ылдап белейинби? Мамочка моя любимая, самая касивая, нежная, любимая мамочка моя...

– Ой, азамат! Ким үйрөттү?
– Байкемин соткасынан уйлонуп алгам.

– Дос кыздарыңар көппү?
К.: – Тансыдабы? Ооба, көп.
А.: – Менин подлускам көөөп... Мооонча (эки сөөмөйүн көрсөтүп). Меники Асема, анан Аяна, Камиланыкы Каныкей менен Бегимай.

– Чоңойгондо ким болгуңар келет?
К.: – Мен салон класоты болгум келет.
Апасы: – Салон красоты ачкысы келет, ээ, кызым...
К.:(Азиза унчукпай туруп калганда эжеси кошумчалай кетти) ал деле салон класоты болом деген.

– Тамга тааныйсыңарбы?
К.: – Менин компьютейим бай. Мен көөөп буква билем. «А», «П», «Б» тамга билем.
Апасы: – Бардык эле тамгаларды билет.

– Кайсы тамакты жакшы көрөсүңөр?
А.: (Сүйлөгүсү келбей апасын тарткылап) качан кетебиз?
К.: – Мен шоколад, фиини (фри) жакшы көлөм. Азиза катлет, маложна (балмуздак) көп жейт.

– Ата силерди эмне деп эркелетет?
К.: – Азизаны Зюзюкам дейт, мени Канкелейим деп элкелетет.

– Апанычы?
– Маманы элкелетпейт, мама чоң да.

– Атаңардын күрөшкөн видеолорун көрөсүңөрбү?
К.: – Мен уктап калганмын да, Азиза да уктап калган болчу. Таене, таята көйүптүй. Ошондо папа сүйлөптүй телевизойдон.
Апасы: – Эки-үч күн мурун атасы бир телеберүүгө барган. Ошондо «папаны көрөбүз» деп күтүп отуруп уктап калышты экөө тең.

– Кайсы ырчы жагат?
К.: – Кундуз (Кундуз Канатбек кызы).
А.: – Мага "Оппа ганнам стайл" жагат.

– Сүйлөп бергениңерге чоң рахмат, кыздар!
– Жакшы калыңыз, пока.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
11.02.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин кыздар,омурулу,бактылуу болгула!!!
11.02.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!
11.02.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конфет кыздарго шипширин ,омурлуу бактылуу кыздардан болсун. билинбей эле ушинтип киргизкалар осуп калып жататко мама папалап
11.02.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосу болсо сонун болмок экен дааа...
12.02.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
myna bakyt,myndan artyk echnerse jok.iygilik kaalaim
24.04.2013. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери эжекебизге рахмат тороп бергенине и то 1жаштан окшойт
28.11.2013. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн чону колундагы болсо.анда баары бир жаштанго.азамат 4ту тороп бериптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо