№536 8-14-февраль, 2013-ж
Курманбек Бакиевдин өз элине каршы ок атып, 90дон ашуун эр-азаматты кийиктей аттырып, жүздөгөн бейкүнөө жаранды өмүр бою майып кылып туруп Минскиге кире качканына үч жылга аяк басты. Кандуу режимдин кулашына түрткү болуп, октон жалтанбай, элинин эркиндиги, келечеги үчүн күрөшкөн Апрель революциясынын катышуучуларынын бүгүнкү жашоосу кандай? Айрым саясий күчтөр айтып жаткандай, алар ошол революцияга катышып калганынан бүгүн бир пайда чыгарып алууну көздөшөбү? 2010-жылдын 7-апрелинде алар ошондой максатта Ак үйдүн алдына чыгышты беле? Ошол каргашалуу күнү жарадар болгон Данияр Ашыралиев менен маектештик.
– 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта болгон окуяны сыналгыдан көрдүк. Элдин нааразычылыгында чек жок эле. Биз да кымбатчылыктан кыйналып, эмне кылар айлабызды таппай турганбыз. Эртеси эл менен чогуу «Форумдун» алдына бардым. «Эл эмне себептен митингге чыкты эле?» деп сурагандар дагы деле бар. Бакиевдер кыргыз мамлекетин атасынан мураска алгандай, каалагандай калчай башташты. Электр энергиясы, уюлдук байланыш өңдүү эл муктаж болгон негизги нерселердин баасын көтөрүп, элди кыйнап жиберишти. «Түндүк электрди» ачык эле аукционго коюп сатмакчы болушту. Кыргызстандагы майлуу жерлердин баарын Максим өз көзөмөлүнө алып калды.
Бүтүндөй кыргыз элин бир ууч адамдар бийлеп калганына чыдай алган жокпуз. Тынчтык митингине чыккан элге бийлик өзү биринчи ок чыгарды. Менин оң ийиниме ок тийип, 15 күндөй жандандыруу бөлүмүндө жаттым.
Элдин ошондогу биримдигин сөз менен айтып жеткизүү кыйын. Мага окшогон жарадарларды тебелеп кетпестен, көтөрүп барып «Тез жардамга» салып жатышты. Бир эсиме келсем, «Тез жардам» машинасында баратыптырмын, дагы бир эсиме келсем, реанимацияда, андан кийин №4-шаардык ооруканага алып баратышкан экен. Айтор, Кыргызстанда төрт айдан ашык дарыландым. Ден соолуктун айынан Москвага да барып операция жасаттым. Кудайга шүгүр, азыр ок тийген колума жан кирип, кыймылдап калды. Бул үчүн Кыргызстандын дарыгерлерине, жарадар болгондо таштап кетпеген карапайым элге ыраазычылык айтам. Ак үйдүн алдына жыргаганымдан эмес, куураганымдан чыккан элем. Тагдыр экен, азыр майып болуп отурам.
– Апрель окуясы боюнча сот ишине кандай баа бересиз?
– Мени ал процесске киргизишпейт. Чырылдап акыйкатты издегеним аларга жакпайт. Азапты тартпаган, жаны кыйналбаган адам ал күндүн кайгысын түшүнө албайт. 7-апрель күнү канча адам жарадар болду, канча адам шейит кетти?
Мен азыр кара жумуш кыла албайм. Иштейин десем, ишке да алышпайт. Ошондуктан элге ок чыгаргандарды жазалаш керек. Кылган күнөөлөрүн моюндары менен тартышсын.
– Азыр абалыңыз кандай?
– Эч жерде иштебейм. Ден соолук күндөн-күнгө начарлап баратат. «Өтүшүп кеткен остималит» деген диагноз коюшкан. Сөөк акырындап чирип жатат. Муун жок. Дарыгерлер «өмүрүңүзгө кепилдик жок» деп айтышкан. Дагы канча жашай турганыбызды билбейбиз. Алган пенсия дары-дармекти толук алганга жетпейт. Өкмөт мүмкүнчүлүктүн жетишинче жардам берип жатат. Бийликтин иштөөсүнө анын тегерегиндеги саясатчылар мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарын айтат элем.
– Айрым саясатчылар үчүнчү революция тууралуу үн чыгара башташты. Кереги барбы?
– Эгер ошол саясатчылар революцияны каалашса, өздөрүнчө бир кабинетке кирип алышып жасай беришсин. Эмне, мурунку бийликтин тушундагыдай бийлик бир үй-бүлөнүн колундабы? Же бир үй-бүлө рейдерлик жол менен Кыргызстанды талап-тоноп жатабы? Саясатчылар кызматы жок калса эле же баласын кызматтан алып коюшса эле бийликке нааразы болуп калышат. Антип өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн элди дүрбөтө берүүнүн кажети жок.
Марат Амантуров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
fariuri ,
indeec Сен экоон тен адашасын? биринчи озунорду билгиле анан кийин айткыла? кыргызда соз бар озунун устундогу добону корбой бироонун устундогу чопту корот болуп атасынар, эн жакшысы ошол чыккан кишиге шыпаасын берсин,денсоолук,омурун берсин. бироонун куноосун озунорго алып не кыласынар? озунорду билгиле....
Албетте
Аллах коруучу. Аллах билуучу