№536 8-14-февраль, 2013-ж

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова 13-февралдан 19уна чейин Оман Араб өлкөсүндө өтүүчү «Мускат» Эл аралык фольклордук фестивалга сапар алуу алдында турат. Аталган фестивалга Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын «Камбаркан» фольклордук тобу, «Ак марал» бий ансамбли жана кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү өнөр адамдары: КРнын Эл артисти Мелис Асылбашев, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Бакыт Шатенов, Рыспек Жумакунов, жаш ырчылардан Улан Качкыналиев, Кундуз Таштаналиевалар барышат.
Кыргыздын көөнөрбөс байлыктарын башка улуттарга жайылтып жүрө бергиле, өнөр адамдары. Сапарыңар байсалдуу болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |