МИРБЕКТИН КОНЦЕРТИНДЕ СУЛТАНДЫН САКАЛЫНА КОЛ ЧАБЫШТЫ

№536 8-14-февраль, 2013-ж

Башталышы – 19:25 (55 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 150 сом
Көрүүчүлөр – Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрдын 60 пайызы
Өзгөчө номерлер – Султан Садыралиевдин «Сүйүү оту»,  Мирбек Иманбековдун «Өмүр өтсө мейли»ырлары

5-февраль күнү Ысык-Көл облусунун борбору – Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында Мирбек Иманбеков «Айылым» аттуу жеке концертин берди. Кычыраган кыш мезгилине байланыштуубу, айтор, Каракол шаарына ырчылардын концерт коюп келе элегине бир топ болгон эле. Мирбектин келгенин угуп, эл катары мен да концертке жөнөп калдым.
Алгач эле билеттер ар башкача экендигине көзүм түштү. Көрсө, мурунку концертинде басылып, калып калган билеттер да бүгүн сатыкка чыгыптыр. Саат 19:25те сахна көшөгөсү ачылып, ак калпак кийип, өзүн көлдүк Кешамын деп тааныштырган алпаруучу мырза чыга келди. Жылына бир гана жолу гастролго келген Мирбектин концертинен укмуштуудай сахна жасалгасын күтпөсөм да, жылдыздуу жылмайган сүрөтүн көрөм го дегем. Сахнада театрдын жалтыраган көшөгөсүнөн башка эч нерсе көрүнбөйт.
Концерт өз нугунда уланып жатты. Чыңгыз Турдубеков деген жигит гитара  асынып чыкканынан «ии, гитара менен ырдайт экен» десек, бир ыр бою гитарасына колун тийгизбеди. Мындан улам көшөгө артында гитара коё турчу жер жокпу деген суроо туулду. Андан соң Мирбек өзү чыгып, «эми гитара менен ырдайлы» дегенинен чынында кубана түштүм эле, бирок «Өмүр өтсө мейли» деген ырын баштап алып, «сөзүн унутуп калдым, анан кандай эле?» деп баарыбызды күлдүрдү.
Мирбекти жалгыз жибербей, сахналаш достору Султан Садыралиев, Нурмат Садыров, Акбар Сүйүнбаевдер келишкен экен. Араларына бир ырчы кыз кошуп алышса, андан да сонун болмок окшойт. Сахна адамдары дайыма эл алдында болгон соң карабайын десең да караткан өзгөчөлүгү болот эмеспи. Бул жолу Султандын келишкен сакалы элди өзүнө бурду. Мирбектин сүрөөсү менен Султандын ырына өзүнчө, сакалына өзүнчө кол чабуулар болуп жатты. «Сүйүү оту» деген ыры жаңырганда магдырап отурган көрүүчүлөр бир жандана түшүштү.
Деги ырчылар концертке даярданып келишеби же жөн эле зериккенденби? Сахнага Кеша чыгып, «кечке эле ырдай бербей, оюн ойнойлу» деп бир жигит менен бир кызды сахнага чыгарып алып, бир топ бушайман кылды. Ырдап, бийлеп, сүйлөп берген оюндун эки катышуучусуна жок дегенде белек катары Мирбектин сүрөтү түшүрүлгөн плакат деле берип койсо болмок. Андай болбоду.
Нурмат Садыров «Мен сүй­гөн менен пайда жок» деген жаңы ырын аткарып берди. Жакшы ыр экен. Мирбек өзүнүн репертуарындагы жакшы ырларынын көбүн аткарып берүүгө жетишти. Билинбей убакыт өтүп, саат 22:25те концерт соңуна чыкты.

Акыйкат Адилов
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(21)
11.02.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
egerde dayardanbai barsa anda jumushtary menen baryp ele jon ketpei akcha taba ketein dep ele koncert koyup kalsa kerek, birok ozunun nan taap jep atkan jumushun tykaniraak ele konul bursa bolmok. maili emi iygilik alarga da
11.02.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сахна эмне учун ыйык дешет. Сахнаны сыйлабагандык да... Эптеп акча таап алайын деп эле концерт коюптур.
11.02.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Esenbekovich,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн банга!
11.02.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ырчылардын жылдызы очту окшойт
11.02.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мынтип сындаганынар жакпайт да!
11.02.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ынсап кылып окшоштуруп койушпайбы кичине билеттин акчасын актап дегендей бул куйормандарын, элди сыйлабагандык, тоотпогондук да эптеп эле акча топтомой
11.02.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким алына жараша концерт коёт да сындаган адам биринчи озун жолго салып анан сындаса болмок
12.02.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baasy dele owondoy eken go 3 dollarga emne degen konsert bolot, owonusuno da rahmat... Maga unu jagat bul yr4ynyn.
12.02.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирбек жана Султан эс алгыла,сахнада силердей ырчыга орун жок.Базарга барып иштегиле.Кыргыз элинин рухун тушурбой.
12.02.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мейли жумушун жасашты оздорунун...эптеп-септеп
12.02.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sultandyn unu sonun go biz KG yr4ylatynan uwul ekoonu dagy 1 2 yr4ynyn ele yrlaryn ugavyz, bawkalryn dele taanyvayt ekenbiz...

12.02.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эптеп септеп, кара жерди тепсеп Ысыкколдо эмне кеп - деп барышканго кайрандарым аай! :(
13.02.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бироонун уйуно меймандап барып эле жол киресин актабайлыбы деп суйлошуп алышкан го. биздикилер бой которгону мн ушинтип эле оздорунун абийирин кайра кетирип алышат.бир эле булар эмес башкасы деле ошо корунуш 2.3ыр жаздырымыш этип эле концерт коюп кыйраттым дем мактанышат.уят эле.
14.02.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirbek jakshy yrdait ele emnegedir ochup ketti go
14.02.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
SULTAN ayabai jakshy yrdait kop yrchylardan aiyrmalanyp
15.02.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээй ырчы мн молдону эл бакканга милдеттуу деп койчу беле элибизде. Кантсин анан алар, акчаны ушинтип табышат да. Анан да "элитабыз" дешкендерине кулкун келет даааа анча мынчалардын.Элита сымактар да ырыскысын элден терип жешет хе-хе-хе!!!
16.02.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кезде популярдуу болуп турушканда Султан Мирбек деп ыйлагандар коп эле болгон болуш керек,анан эле эми минтип сындаганынар мага жакпады,бир эле мага эмес копторго жакпай калды го.
16.02.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбектин Достор деген ырын кундо угам.Акыркы учурларда ырлары чыкпай калганы окундурот
17.02.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп жылдыздар да булар)))
17.02.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
копчулук нааразы болгондой, элди сыйлагылачы.
22.03.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ага ырлары жагат бирок уйлонгондон кийин чыкпай калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо