Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ДИАНА ГУРЦКАЯНЫН ДЕМ БЕРГЕНИНЕ ЫРААЗЫ БОЛДУМ»

№536 8-14-февраль, 2013-ж

Тагдыр адамга көптөгөн сыноолорду берет. Мындайда башты жерге салып, мүңкүрөп чөгүп калбаган адамдардын күчүнө суктанам. Биз сөз кыла турган бийкеч тубаса азиз экен. Бирок ошого карабай Айганыш – Нарынга таанымал болуп калган ырчы кыз. Алгач кызы тууралуу Айганыштын апасы Элмира айым сүйлөп берди.
– Айганыш 1995-жылы төрөл­гөн. Кызымдан көзүмдү албай чоңойттум. Дарылатуу үчүн көп эле жерге алып бардым, жыйынтык берген жок. Убагы келгенде жасала турган кымбат операция бар экен. Эгер ошол операция ийгиликтүү жасалып калса, көзү көрүп кетер деген үмүттү дарыгер­лер айтышууда. Өзүм жалгыз бой энемин, учурда кызымды карап үйдөмүн. Айганышка бөлүнгөн жө­лөкпул менен өзүн кийиндирип-ичинтем.
Кызым кичинесинен бери эле ыр-бийге шыктуу. Бир көзү азиз, ал эми экинчи көзү бүдөмүк көрөт. Ошондуктан китептерди, сүрөттөрдү көзүнө жакындатып алып көрөт. Баарын өзү жасайт, үй оокаттарын кылат, мага жардам берет. Өзү деле коомдон бөлүнүп калбаш үчүн көп аракеттерди кылып келет. Базар аралап дисктерди сатып келип, атактуулардын чыгармачылыгы менен таанышат.

Апасынан кийин Айганыш менен маектештик.

– Айганыш, канча жашыңдан бери ырдайсың? Алгачкы ийгиликтериң тууралуу айта кетсең...
– Мен 3 жашымдан бери эле ырдайм. Ар бир ырды талыкпай жаттайм, те­левизордон көр­гө­нүмдү туурап, кый­мыл-аракетин да окшоштурганга аракет кылам. Кыргызча ырлардан сырткары орус, англис, араб, индия, өзбек, казак тилдериндеги ырларды билем. Жаттагандарым 400гө жетет. Чоң сахнага чыкканымды алгачкы ийгилигим катары эсептейм. 2010-жылы «Арнайм сага, апаке» аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусундагы концертте Айгерим Расул кызы менен бирге дуэт ырдап чыккам. Бул концерт жыл сайын өткөрүлүп турат.
2011-жылы Асел Турдалиева, 2012-жылы Иса Өмүркулов менен дуэт аткардым. Мындан сырткары көптөгөн сынактарга катышып жүрөм. 2011-жылы обончу Камчыбек Жусуповдун «Камчыбектин кайрыктары» деген сынагында автордун ырларын аткарып, баш байгени жеңип алдым. Булар мен жаратчу ийгиликтердин башталышы гана. Себеби келечекте Кыргызстанды тааныткан ырчы болгум келет.

Чыгармачылыкта досторуң барбы? Кимдин таланты сени таасирлентет?
– Иса Өмүркулов менен жакшы досмун. Жакында үйүнө конокко да барып келдим. Абдан бактылуу үй-бүлө экен. Жакшы сыйлап жөнөтүштү. Асел Турдалиева да кеп-кеңешин берип турат. Ал эми Диана Гурцкаяны абдан баалайм. Бишкектеги «Юмор FM» радиосунун ди-джейлери мага интернет аркылуу анын дарегин таап беришти. Мен Диана менен таанышып, социалдык тармактардан байланышып калдык. Ушул кезге чейин ал СМС-каттарды жазып, мага дем берип турат. Келечекте үй-бүлөдө да, сахнада да ийгилик жараткан кыргыз кызы болом деген тилектемин.

– Ырчылыктан сырткары эмне менен алектенесиң?
– Ыр жазам, аларга обон чыгарам. Апама түрдүү тамактарды жасаганга жардам берем. Жалпысынан 30дай обондуу ырым бар. Буюрса, жаз алды менен Нарын жергесине алгачкы тушоо кесүү концертимди берсемби деп турам.

Жаштын тилегин берет эмеспи, Айганышка ийгиликтерди каалап, 24-январда өткөн туулган күнү менен куттуктап узаттык.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
11.02.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, Айганыш! Сендей эмгекчил кыздар менен сыймыктанам. Баштаган ишине ийгилик! Унун абдан жакшы.
11.02.2013. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
videosun jyktop koisnor sonun bolmok yrchylar mn choguu yrdagan
11.02.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, ийгилик! Жакшы тилек, жарым ырыс дегендей! Максаттарына жет!
12.02.2013. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат талантын ташкындай берсин. Аллах коруу мумкунчулугун да берсин! Оомат!!!
12.02.2013. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Айганыш. Жакшы тилектерин оорундалышына жаратканым озу колдосун. Онорун м.н орго чабып кыргыздын атын алыска тарат.
12.02.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамдын бактылуу болушка акы бар. Сенинда келечегин алдыда . Ийгик каалайм. Элмира эже сизге ден соолук берсин .
12.02.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах мээримдуу буюрса жакшы болот. Сага да коруу мумкунчулугун насип кылган болсун, иштерине ийгилик!
12.02.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat! Bar bol!
12.02.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылык гана каалайм
13.02.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык ойлогон ой максаттарына жетишинди каалайм, бактылуу бол!
13.02.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай таланттуу кыз мага араб,англис, индия, озбек, казак, орус тилде ырдаганын аябай жакты. Талантын ташкындай берсин. Бактылуу бол!
14.02.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмушта кайгырбай Аллахтын берген кунуно ыраазы болуп жашаныздар бактылуулук кундорду корун козунузго Аллахым шыфаа берсин Аамиин
14.02.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмушта
кайгырбай Аллахтын берген кунуно ыраазы болуп жашаныздар бактылуулук
кундорду корун козунузго Аллахым шыфаа берсин Аамиин
14.02.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айганыш сенин келечектеги белгилүү адам болушуна шек жок ,ошондой болсо да "эмгек эрезеге жеткирет"- демекчи,ушунундан жазба талбай эмгектен. Ийгилик...!
14.02.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым Тилеген Тилегинди берсин.
14.02.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ийгиликтерди каалайм
15.02.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец кыз экен!албан албан ийгиликтерди каалйм аман бол главное)))
16.02.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым тилектеринди орундата корсун! Ийгилик каалайм. Бактылуу бол!
21.03.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokojan,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу слынат!
3 күн банга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо