Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЯЛЫН БЫЧАКТАП, ӨГӨЙ УУЛУН ӨЛТҮРҮПТҮР

№536 8-14-февраль, 2013-ж

Мындай кылмыштардын көпчүлүгүнүн сценарийи окшош. Ичкилик – мушташ – өлүм. Биз сөз кыла турган окуяда да адам өлүмүнө так ушул ичкилик себеп болгон.

Тергөө учурунда маалым болгондой, окуя тө­мөн­күчө болгон. Үстү­бүздөгү жылдын 14-январында болжол менен түнкү саат 20:00 чамасында Ак-Суу райондук милициясынын күзөт бөлүмүнө Теплоключенка айылынын тургуну, 58 жаштагы Валентина Трубицина бычактан алган жаракаттан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алынып келингендиги тууралуу маалымат түшөт. Ошондой эле анын баласы, 39 жаштагы Андрей Мазуров алган жаракатынан улам каза болгондугу айтылат. Ыкчам иликтөөчү топтун кызматкерлери бир нече сааттан кийин бул кылмышка шектүү адамды кармашкан. Ал – Валентина Трубицинанын жарандык никеде турган күйөөсү, 58 жаштагы Леонид Чернышев болуп чыкты.
Ошол каргашалуу күнү Леонид ичимдик көтөрүп үйүнө келип, эки жылдан бери жарандык никеде турган аялы Валентина менен жаңы жылдык майрамды улантууну чечишет. Аларга коңшу үйдө жашаган баласы Андрей да кошулат. Арадан убакыт өтүп, бир топ кызып калган Леонид аялы Валентинанын мурда башка эркектер менен жүргөнүн эстеп уруш чыгарат. Сөздөн сөз чыгып, Леонид аялынын боор тушуна бычакты малып алат. Андрей энесине болушуп өгөй атасын ур-токмокко алганда жаш жигитке алы жетпесин сезген Леонид аны да колундагы бычак менен жүрөк тушка бир нече жолу сайып, өлтүрүп салган.

Кылмыштын бетин ачкандардын бири – Ак-Суу РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам иликтөөчүсү БАКЫТ ДҮЙ­ШАЛИЕВ окуяны тө­мөн­күчө баяндап берди:
– Маалымат түшөр замат кесиптештерим менен окуя болгон жерге бардык. Үйдө 35-40 жаштагы жигит жаткан экен. Көкүрөк тушу канга чыланып, каза болуп калыптыр. Иликтөө башталып, кошуналарынан окуя тууралуу сураштырдык. Ызы-чууну уккан кошуналар эмне болуп кеткенин билүү үчүн үйгө кирерде аларды Леонид жөөлөп чыгып, чоң жолду көздөй чуркап кетиптир. Бул маалыматты угар замат ошол жакка шашылдык. Чоң жол менен жүрүп отурганыбызда айылдын чыга беришинде бир адам көрүндү. Ал биз издеген Леонид болуп чыкты.


 

Ак-Суу РИИБинин тергөө бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү ДАНИЯР ИМАНАКУНОВ:
– Кылмыш ишин тергөө учурунда айрым фактылар чыкты. Көрсө, Андрей Мазуров өгөй атасы Леонид Чернышев менен мындан үч жыл мурун жумуштан таанышат. Леонид мурда каракчылык фактысы менен соттолуп, түрмөдөн чыккандан кийин үй-бүлөсү же туруктуу жашаган жери жок экендигин айтат. Ага боору ооруган Андрей жалгыз бой турган энеси менен тааныштырып, балким, үй-бүлө куруп кетишет деген ойдо энесинин үйүнө киргизип койгон экен. «Боор ооруса, боорго тебет» демекчи, акыры алардын тааныштыгы ушундай кандуу окуяга айланды. Азыркы күндө бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
15.02.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх,ойлогон ойду кыстаган турмуш жениптир дааа...
18.02.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичимдик жакшылыкка алып барбайт! Анын сыңары ичимдиктин кесепети менен ушул окуя катталып. адам өмүрүнө зыян келтирип жатпайбы. Эх ичимдик бул итчилик!
22.02.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abu_kg, аллах сактасын
22.02.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адам кейпин кийген акмактар канчасы билинбей арабызда журот.законду катуу коюш керек .олум жазасын бериш керек.канчалаган бей куноо адамдар ушундай бир селсаяктын айынан уй булосу мн ажырап калат.булар адамды кой сойгондой адатка айланткан.эх аллах ыйман бере кор .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо