Мажит: «ЧОЙРОҢДОП ОРУСЧА СҮЙЛӨГӨН КЫРГЫЗ КЫЗДАР ЖАКПАЙТ»

№537 15-21-февраль, 2013-ж

Бир кезде «кыздардын сулуусунун баары сеники» деп Ильяз Абдыразаковдун күйөрмандарына көз арта ырдап жүргөн Мажитти билесизби? Жылдар өтүп, ошол мотурайган бала чоңоюп, «Бойдоктор бурчу» рубрикабыздын коногу болууга жетишти.

Толук аты-жөнү – Абдырашитов Бекжан Кабылович
Туулган жылы – 1995-жыл, 6-ноябрь
Лакап аты – Мажит
Бою – 172 см
Салмагы – 55 кг
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокал боюнча сабак алат

– Мажит, кандайсың? Көптөн бери көрүнбөй кайда жүрдүң?
– Жакшы, рахмат. Өткөөл куракта үнүң корулдап калат эмеспи. Мындайда ырдоо бир аз ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан үнүмдүн калыбына келишин күтүп, көрүнбөй жүрдүм. Эми кайрадан чыгармачылыкка аралашып, жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыра баштадым.

– Сен ырчы эле эмес, пародист, куудул да болуп кетесиң. Кайсынысы сага жакыныраак?
– Эң алгач сахнага пародия аткарып чыккам. Ошол номерлеримди азыр көрсөм, аябай уялам. Негизи, ырчылыкка көбүрөөк ыктайм. Билбейм эми кандай болот, бирок келечекте үч өнөрдү тең бирдей алып кетүү оюмда бар.

– Мажит деген өзгөчө атың бар. Бул ысымды ким койгон жана эмнени түшүндүрөт?
– Раматылык Манас Бердибеков – менин аяш атам. Анда кичинекей элем. Бир күнү ал үйгө келип калып, «Мажит, светти өчүр» деп тамашалап койгон болчу. Ошондон улам Мажит атка конгом. Бирок эмнени түшүндүрөрүн билбейм.

– Анда өз атың ким?
– Бекжан. Үйдөгүлөр, туугандарым өз ысымымдан эле чакырышат.

– Мындан 3-4 жыл мурда «Ильяз братан, кыздарыңдан бөлүшсөң боло...» деп ырдап жүрчү элең. Эми өзүң да эр жеттиң. Кыздардын жүрөгүн четинен багынтып жатсаң керек?
– Мен эмес, кыздар меникин багынтып жатышат дебейминби (күлүп). Анткени тааныбаган эле кыздар телефон чалып тийише беришет.

– Үйдөгүлөр үйлөн деп тынчыңды алып жатышкан жокпу?
– Жо-ок, азыр жаш элемин да. Анан да жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин.

– Анда Мажиттин кыялындагы кыз кандай болду экен?
– Бакыраң көз, чачы каре кыздар менин табитимде. Бою мени менен эле тең болсо экен. Өтө узун бойлуулар жакпайт. Көз алдыма дайыма дал ушундай кыздын элеси тартылып турат.

– Кандай кыздар Мажиттин жинине тийиши мүмкүн?
– Билбесе деле калп эле чойроңдоп орусча сүйлөгөн кыздарды жактырбайм. Орусча баарыбыз эле билебиз. Бирок кыргыз болгондон кийин бири-бирибиз менен эне тилинде сүйлөшүбүз керек деп ойлойм. Анан да тамеки чегип, арак ичкен кыздар жакпайт.

– Эгерде ошондой кызды аябай сүйүп калсаңчы?
– Кудай сактасын. Эгер чынында эле сүйүп болбой калсам, айтып көрмөкмүн, «мындай жаман адаттарыңды ташта» деп. Болбосо «кет, жолуң ачык» дейм.

– Кыздардын эмнесине биринчи көңүл бурасың?
– Сүйлөгөн сөзү маанилүүбү, биринчи эле ошонусуна карайм.

– Кыргыз шоу-бизнесинен кайсы ырчы кыздар жагат?
– Жаным Айзат деген эженин келбети, жүрүм-турумуна баа берем.

– Ырчы, куудул, пародист жигиттин эл билбеген дагы кандай өнөрлөрү бар?
– Кээде эргүү келгенде ыр жазып калмайым бар.

– Жаш, чыгармачыл адам китеп окууга убакыт тапса керек? Акыркы жолу кимдин, кайсы чыгармасын окудуң?
– Чынын айтсам, ушул убакытка чейин чоң чыгарма окубаптырмын. Туй ата! Бул уят. Эми окуйт окшойм.

– Маегиңе рахмат.

Асел Асанова
star@super.kg


Мажит: "Жаным Айзатты жактырам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
07.02.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын! жакшы маек куруп бериптирсин! ийгиликтерди каалайм. жана москва шаарында да сени коруп калабыз деген ойдомун!
SUPER.KG видео
07.02.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иним Жылалдыгада кел кайнолуу жейбиз маладес иштерине ийгилик
SUPER.KG видео
07.02.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маладецин Мажит Акыркы ырын сонун чыгыптыр Маекти жакшы куруптурсун маладец игилик сана. Ачык айкын суйлогон бала экенсин Чынчыл экенсин кыйынсынбайт экенсин маладец сенден коп нерселерди кутобуз.
SUPER.KG видео
07.02.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм , максаттарына жете бер ылайым.
SUPER.KG видео
07.02.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бат эле чоноюп кетиптир го, токтоо созду орду менен суйлогон бала экен чыгармачылык ийгилик.
SUPER.KG видео
07.02.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы красавчик ким ким ким деп журупмун, Корсо озумдун МАЖИТ иним турбайбы. Максаттарын ишке ашсын. Чоон чон ийгиликтер.
SUPER.KG видео
08.02.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!! Чын эле бат чонойуптур. Мыкка келгенинде коргом андан кийин корбоптурмун. Онорун оркундоп оссун иним алга!!!
SUPER.KG видео
10.02.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик мажит Тиман айткандай айлга барып турсан
18.02.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун болуп чоноюптур
18.02.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мажид деген Аллахтын сапаттарынын бири болот билип ал. Эн сонун ат.
18.02.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир тааныш адам мажит озбек экен, паспортунан кордум деп айтты эле.ошол чынбы же калп айттыбы?
18.02.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INDIRA_89, зато Кыргызча суйлоп атабы?! ошо болотта!
19.02.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
nurik102, Кыргызтанда жашаган башка улуттардын баары албетте кыргызча суйлошу керек.мен Мажитти кыргыз же озбек экенин билейин дегем?!
19.02.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
INDIRA_89, азыр бузук телефондор коп!сиз билесизби Путиндин апасы Оштон болоткенин?
18.02.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоноюп калыптыр, . .
18.02.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоноюп калыптыр, . . Еми мыкты ырчылардын катарына кошул.
19.02.2013. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гу Джин Пёго окшошуп калыптыр ээ...
20.02.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BNA,ошоо бир тааныш адам Мажит кытай экен деген.
19.02.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озгондон болот Кабыл Борубаевдин баласы кыргыз эле
19.02.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон созу орду менен экен.Чыгармачылык ийгилик.
19.02.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооййй кыргыз критик болуп калган эмесинер эээ, биринчи орунда эле кандай суйлойт, или кандай келбете экен деп турасынар да онору бар экен молодец!! айтатго онорун болсо орго чап деп сага ийгилик
20.02.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JALJANDAGAN BALA ELE EMI MINTIP CHONOIYP KALYPTYR kara degen dosy menen kechke oinoi beret ele molodes no biraz jalgan bar sozyndo men andan bir jash kichyymyn boum 175 anyn boiy 162 zorgo ormolop jetet
23.02.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балакай калп эле суйлой берет
24.02.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладес Мажит алага сага ийгилик.Сенин эн биринчи Бишкекте откон концертине барып боор эзилгенче кулгонбуз.Чыгармачылыгын оркундой берсин!
SUPER.KG видео
05.03.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантын аябай жакшы экен! кир жуумай онорун барбы?(тамаша)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо