№537 15-21-февраль, 2013-ж

ИИМден билдиришкендей, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда «Республика» партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаева тарабынан «карусель» уюштуруусу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, эмки аптада ал сотко өткөрүлөт.
«УИК качан жабылат?» деген сыр сөз менен таанымал болгон Ажибаева иш боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Антпеске арга да жок эле, себеби интернетке «каруселди» уюштуруу процесси, шайлоодон кийин ишин аткаргандарга акча таратылганынан өйдө видеоматериалдар чыгып кеткен болчу. Ал эми аны тартып алган деп айыпталып жаткан Зарина Эсеналиеванын дайыны белгисиз бойдон калууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |