БАКТЫЛУУ БОЛ…

№537 15-21-февраль, 2013-ж

Шаардын башкы бул көчөсүнөн эртең менен ар ким өз ишине шашып, ары-бери өтүп жатты. Алардын бири да ушул жолдун боюнда жаткан пендеге көңүл бөлүп койгон жок. Себеби бул көрүнүш оонап жаткан пенденин өзүнө да, ары-бери өткөн адамдарга да көнүмүш эле. Качан гана күн тийип, өзүнөн тер, ага кошо жагымсыз жыт чыга баштаганда ордунан козголду. Алгач башын көтөрүп, шишик көздөрү менен айланасын карады. Башы ооруп, ичегиси үзүлгүдөй. Үстүндө колтугу жыртылган костюм, шым менен көлөч. Кечинде эмне жеген, эмне ичкенин эстей албады. Жашы деле улуу эмес, 25-30 чамасында.
Колун таянып турууга аракет кылды. Бирок болбоду, көзү караңгылап, телтеңдеп барып отуруп калды. Кайра аракеттенип жөрмөлөп барып, дубалды сүйөнүп өйдө турду. Эми эптеп Исмарга баруу керек.
Бул пенде ичимдик ичкенди адатка айлантып алган, кээ бир күндөрү ага акча таппай калчу. Андан-мындан акча сурап, керек болсо кара жумушун жасап берип акча алчу да, кайра ушул кейпин кийчү. Ушинтип жүрүп ал Исмарга жолуккан. Бирок Исмар аны көчөгө коё бербеди. Караса колунан жакшы эле иш келет. Ичкени эле болбосо, жаман адаты жок экен. Исмар аны ичимдиктен арылтуу үчүн ар кандай ишке алаксытып жүрдү. Күндөрдүн биринде Исмар аны тээ тоо тараптагы дарбыз-коон эгилген талаасына алып келди. Эки күндөй талаада жүрүштү. Эртең мененки шүүдүрүмдө, кечки салкында бул жер ажайып кооз эле. Салкын жел, таза аба, кооз талаа... Айлана тыптынч…
Исмар аны кароол кылып ушул жерге калтырып койду. Жеп-ичкенге тамак-аш, коопсуздук үчүн мылтык, тузунан ширеңкесине чейин таштап кетти. Базар болгон күндөрү экөө дарбыз-коондорун базарга алып чыгышат.
Канчадан бери ичпей Исмардын ишеничине кирип калган болчу. Арагын да токтотуп калган. Бирок бир күнү ал дайынсыз жоголду. Уурдана качып келип, көчөдө ичмей адатына өтүп алды. Бир күн ичти, эки күн ичти, көчөдөгүлөр да акча бермек тургай жакын жолотпой коюшту. Айла жок Исмарга кайра баруу керек. Бул пенденин эмне үчүн минтип ичип жүргөнүн эч ким билбейт. Өзү да эч кимге айтпайт, муң-зарын ичимдиктен чыгарып жүрөт…
Эски көлөчүн сүйрөп, эл аралап ал Исмардын үйүн көздөй жөнөдү. Алдынан чыга калган адамдар андан жийиркенип, жаман көзү менен карап, айланып өтүп жатышты. Кээси ага угуза сүйлөнүп өтүшөт. Ал болсо эч нерсени уккан да, сезген да жок. Ичинде күйүтү күчөп, аны басууга айла таппай, өз ою менен баратты…
Буттары көздөгөн жерине түшпөй теңселет. Элге кошулуп жолдун аркы жагына өтүүгө белсенди. Тынбаган унаалардан башы айланып, шаштысы кетип, жолдун ортосунда калды. Аңгыча ары-бери өтүп жаткан эл «карс», «чайк» деген добуштан жолду тигиле карап калды. Жанагы жолдун ортосунда теңселип турган пенденин көлөчү гана калып, өзү тээ ыраакта чалкасынан жатты. Аны бир килейген чоң машина сүзүптүр. Андан башында ак жоолугу бар келин түшүп чуркап келди да, калтыраган колу менен башын көтөрдү. Анын мурун-кулагынан кан агып турду. Жарааты жеңил эместей. Келин коркконунан:
– Ага, тирүүсүзбү? Ага мен… Мен,- деп баратып сөзүн жутуп туруп калды. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Дароо тааныды, ичкиликтен кейпи кетип калса да, ошол эле көздөр экен. Аттиң, бул көздөр канчадан бери сагынышып жүргөн эле. Экөөнүн тең көздөрүнөн мөлтүр жаштар тамып жатты. Үнсүз, бирине-бири сагынычын айта албай, бул жолугушууда жүздөрүндө жылмаюу эмес, качандыр бир кезде айрылышуудан пайда болгон жүрөк жаралары козголуп, көздөрүнөн мөлтүр жаштар акты. Экөө бир кезде сүйүшүп жүргөн эле, бирок тагдыр буйругу менен айрылышып кетишкен. Байкуш адам тек жарыкчылыкта ушул жолугушуу үчүн жашап жүргөндөй, кууралдын баарын ушул нерсе үчүн тартып жүргөндөй эле. Эми минтип жолугушуп отурушат.
Кара көз, чийме каш келин качандыр бир мезгилде анын ашыгы эле. Эч нерсе оюна келбеген ал калтыраган эриндерин кыбырата бир нерсе дегенге аракеттенди. Анда тиги:
– Жок, жок, кереги жок! Эч нерсе дебе!- деди.
Бир азга аны суктана карап:
– Эч өзгөрбөптүрсүң! Эми бактылуу бол… Бактылуу бол…- деди араң.
Ошентип, шордуу пенде азап болгон түбөлүк сүйүүсүн арнаган ашыгынын колунан акыретке сапар алды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(36)
18.02.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдынкыларга караганда кызыксыз экен . Эмнеси болсо да аракети жакшы .
18.02.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wtf?
18.02.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iweni4 kyiyn go
18.02.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алсу...
19.02.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamanbap jomok goooo. ? ! "
19.02.2013. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oiiii myntpei kalsyn azyrky kyzdar ,tak chtooo Lagman choiupsuzdar)))
19.02.2013. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kitlap degin)))))))))
19.02.2013. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олтурбой эле койбойт беле Кичине супсагыраак жазылгын ангеме экен.
19.02.2013. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаза берет экен да ээ... Лаааадно , главный озуно жакса болду да ...
19.02.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мексиканский кинолорго окшоп кетиптир го,кызыгып окуп келатсам тез эле бутуп калды.Че то фантазия автордо кучтуу экен,нереальноны реально кылып коюптур.Эмне болгон суйуу кичине элес булас чагылдырып кетсе болмок.Тойбогонства чыгармага.
19.02.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми байкуш келин соттолобу?
19.02.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тугандар мындай укумуштар турмушта болот жомокта жон гана пайда болбоит бары турмушта болот
19.02.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты..... кино тартса болчудай...
19.02.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болоберет турмушта, особенно кыргызда.
19.02.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анча эмес
19.02.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироо даяр жазганда жон эле окуп коёберсенер
19.02.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эмнеге минтип бутуруп койдуууу??? Аябай кызыгып окуп баштадым эле.
20.02.2013. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы окуякен суйунун азабы
20.02.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тушунбой калдым, арак ичип жургон бироо бар экен анан Исмарга барышы керек экен ал Исмар дегени ким, баратса машина сузуп кетиптир бироо келип эле жок жок деп бутуп калыптыр??????
20.02.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал аял менен кандай таанышкан?кандай журушкон?кандай ажырашкан? Жазганда... Ананда Исмар ким жана кандай адам болгон? Коркомдоп жазса сонун болмок. Калганын озубуз элестетип койолу анда.
20.02.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоонун эмне себептен бири-биринен ажырап калганына токтоло кетсе жакшы болмок...баланын ошончолук даражага жетишине суйуу жана суйгонуно жетпей калганына эмне себеп экени жеткиликтуу болбой калган сыяктуу..
21.02.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meeri1892 сенин айткандарына кошулам.толуктап жазса жакшы болмок.
21.02.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор сураныч айткылачы "Жылдыздуу асман" сериалы эмне бутуп калганбы гезитке чыкпай жатат ко каяктан тапсам болот?
21.02.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janka87,
Саламатсызбы! Аталган сериалды бул шилтеме http://www.super.kg/article/?article=20693 аркылуу кирип окусаңыз болот жана бүтө элек.
21.02.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызззыгып коруп атканда,свет очуп калгандай болду го.
21.02.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EEEEEIIII emi yilagym kelip jaldyrap baratsam bytyp kaldygo mmmmmmmmm yshyl elebi bashka jpkpy??????
21.02.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Myndai okuia bolso bolgondur, birok, mani-manyzyn chygaryp anan jazsa jakwy bolmok eken.
22.02.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доширак го
22.02.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улантып жазып корсонор? Ким кандай ойлойт?
23.02.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Darbyz koondon bawkasyna tuwunbofum ;)
27.04.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай таза суйуу бар бекен. Ишениш кыйын чынында.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо