Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

103 ЖАШТАГЫ ЭНЕНИН ӨМҮР СЫРЛАРЫ

№537 15-21-февраль, 2013-ж

Мен кылым аша жашаган Райля эненин босогосун аттадым. Жүзүмдөн өөп учурашкан энеге чоо-жайымды түшүндүрсөм, дароо эле өзү жөнүндө сөз баштады. Маек арасында экөөбүз кагаз алып, канча небере, канча чөбөрөсү бар экенин эсептек чыктык. Эненин 11 баласынан 50 небереси, 38 чөбөрөсү бар экен.
– Атам жашымда эле каза болуп калган экен, аны жакшы эстей албай калдым. Эсимде калганы, ал каза болгондо өлүгүн атка артып келишкен. Апам тиричилик түйшүгүнөн кыйналдыбы, кийин турмушка чыкты. Ал кишиден бир уулдуу болду, өгөй атамдын жанында кагылып-согулуп жүрүп эс тарттым. 12 жашымда мени турмушка узатышты. Биринчи турмушумдан ажырашып, кайра апамдын колуна келдим. Кийин ата-энем мени экинчи жолу күйөөгө узатышты.
Таң калганым, Райля эне экинчи күйөөсүнө 8-жубайы болуп турмушка чыккан экен. Анын ага чейин алган аялдары төрөбөй жүрүп, анан Райля энеден 11 балалуу болуптур. Сөз арасында ал «менин балдарым бирден эле аял алышты го негедир, билбейм...» деп жылмайтты бизди.
– 17 жашымда улуу кызымды төрөдүм. Ал азыр 85 жашка толду, мендей эле кемпир. Согуш маалына туш келген өмүрүмдө кыйын күндөр өттү. Кырманда иштеп, буудай уурдап келчүмүн үйгө. Бир күнү ошентип бир кочуш буудай уурдап келген элем. Кимдир бирөө байкап калып айтып койсо керек, үйгө тинтүү кылганы келип калышты. Текшерүүчү орус улутунан болчу, сөзүн жакшы түшүнбөйм. Астанадан аттаганда эле желкесине эки муштап туруп, бар күчүм менен түртүп чыгарып койдум эшикке. «Куда, куда?» деген сөздөрдү айтып таң калып эле калды. Ал орус ошол бойдон келгис болгон үйгө.
Жолдошум менен чатырда жашап, 15-20 бээни саап, кымыз да кылчумун. Бирок жолдошум бир күнү отурган жеринен эле туралбай калды. Ошондон кийин бир тарабындагы кол-буту иштебей калды. Жетелеп, астын тазалап, айтор, 9 жыл карадым. Ошентип, жалгыз бой балдарым үчүн жашап жүрдүм.
Биздин келгенибизден кабардар болгонбу, аңгыча Райля эненин эң кичүү баласынын аялы келип сөзгө кошулду.
– Мен энемдин колунда 5 жыл жүрдүм. Анан үй салып, бөлүнүп чыгып кеткенбиз. Энем «ушул үйдөн эч жакка кетпейм» деп туруп алганынан небере-келини менен жашайт. Биздин үйдө 10-15 күн жүрүп келет. Эми пендечилик да, балдары, кыздары каза болуп калса, «мен жүрөмүн, балдарым каза болуп калабы?» деп ыйлап калат. Биз сооротуп коёбуз. Көрүп турганыңардай, энем аябай акылы тетик, жаш дагы көрүнөт. Азыр деле жүзүн муздак сууга жууйт. «Мен эч качан жылуу сууга бетимди жууган эмесмин, силер да муздак сууга жуугула. Бетиңерге туш келген нерсени койбогула» деп көп айтат бизге. Башка жакта жылуу сууга жууп жүрсөк да, энемдин жанында муздак сууга жууп калабыз (күлүп). Анан да энемдин мүнөзү жакшы, жумшак, кекчил эмес такыр. Адамды бат кечирет.
«Намаз окуп жүрдүм, көп эмгек кылдым. Азыр эми намаз да окуй албай калдым. Бутум жакшы шилтенбей калды, жөрмөлөп барып астанага жетем да, заараны төгүп келгенге араң жарайм. Кудай деп эле отурам, ушунчасына миң мертебе шүгүр. Деги заманыбыз тынч болсун, жаштар окуп, билим алып, ушул жакшы заманда наалыбай жашай беришсин. Ылайым өмүрлүү болгула...» деп эне нан ооз тийгизип, ак батасын берип узатты. Ушул заманда деле наалып жашаган адамдар жок эмес. Көп эмгекти жасабай, чарчап кетчүлөрдөн экенибиз да чын! Балким, биз дагы эмгек кылсак, кылым карыткан эненин жашына барып каларбыз.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(20)
18.02.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marta,
Рахмат!
Катачылык кеткен, түзөтүлдү.
18.02.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын марта 92 эле жашта анда!
18.02.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamidin, эмнеге?103эле го менимче.биз да сиздин жашынызга баралы эне.ата-энебиз ар дайым коп жашашсын!
19.02.2013. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos, айтканын келсин,ар-бир ата-эненин омуру узун болсун.
19.02.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamidin, chon kyzyn 7 jashynda toroptyr da anda 92 ele bolso.
19.02.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka, 7 жашында жетилбесе кайдан торойт? азыркы 1-классты элестет. 17 жашында тородум дейт.
20.02.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doctor, Islamidin aityp jatpaiby 92 ele jashta dep, oshogo joop jazgamyn ozy 92 de bolso kyzy 85te bolso anda 7 jashynda toroptyr da dep.
19.02.2013. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70теги энелердей эле корунот экен.
19.02.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон кызы 85 чыгыптыр анан эмне жашартып атасынар тушунбодум.
Ар бир ата эне узак жашап сый урмат корушсун оз балдарынан.
19.02.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos мен озум да тан калдым. корсо ондоп коюптурлар ал башында мындай эле. чон кызымды 17жашымда торогом ал азыр 75 жашта. деп аны Marta эсептеп чыкты мен ага туура айтасын деп жатам коментарийдин башында мартага рахмат айтыптырлар.боло берет анча мынча особена кыргызда!!!!
21.02.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamidin, айтыптырлар деп шумдук жазасынго
19.02.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин энем 85 жашта. 50го жакын небере,89 чебереси бар. менин балам 88-чебереси.
19.02.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чебереси аз экен апабыздын.
20.02.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай бактылуу инсан ээ? Балдарынын балдарын коруп отурат, илгерки адамдар озу кучтуу алдуу болушкан 10ду тороп белди бекем байлап аларды багып чонойтконуна баа бересин алтын кишилер
20.02.2013. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin 80degi ch0n tainemdei ele k0run0t eken eneke.aitkanynyz kelsin ene jakshy okup,jaksh jashaily zamanybyz tynch b0lsun.sizdey enelerebiz k0p k0p b0lsun.
22.02.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айттасынар только кыргыздар жанылат, только кыргызстанда эн ишенген елка кулайт. Только кыргыздарда президенттер революция жолу менен алмашат. Только кыргыздарда эн ишенген газета элементарный ката кетирет. Только кыргыздар!!!
22.02.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alibek_KG94,
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Техникалык ката кеткен, түшүнүү менен кабыл аласыздар деген үмүттөбүз!
22.02.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не болгондода бактылуу болгулада ........ ошо эненин жашына жеткиле силерда
24.02.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала эне 200жузго чыкса дагы эчнерсеге кыйгысы келбейт. дуйнодо энесинен ажыраган адамдар болбосун енелер узак жашасын
24.02.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи, кара кучту катуу пайдаланган адамдар узак жашайт э. Дивандан тушпой оокат кылып жатып биз канчага чыгаар экенбиз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо