САМСА – БАРКТУУ ТАМАК

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Даамдуу тамактардын катарын толуктаган самса барктуу тамак болуп эсептелет. Аны майрамдарда да, катардагы күндөрдө да жасап жесе болот. Төмөндө 4 түрлүү
самсанын жасалуу жолдорун сиздерге сунуш кылабыз.

КАБЫРГА САМСА (25 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)

Керектүүлөр:
Эт – 500 гр
Малдын кабыргасы – 13 даана
Пияз – 4 баш
Маргарин – 250 гр
Жумуртка – 5 даана
Малдын ич майы – 50 гр

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Жаш малдын эти менен пиязды майда туурап алабыз да, татымына жараша туз кошобуз. Эми мунун үстүнө бир аз суу сээп, 20 мүнөттөй дымдап коюш керек. Бул аралыкта пияздын ширеси чыгып, самса бышканда ичиндеги шорпосу даамдуу болот.
2. Малдын кабыргасын даярдап алабыз. Эттүү бир кабырганы экиге бөлүп, эки самсага жеткирсе болот.
3. Маргарин, суу, жумуртка, татымына жараша туз кошуп камыр жууруйбуз. Камырды жайып, бетин малдын сызгырылган майы менен майлап, узун кылып оройбуз. Оролгон камырдын четинен тоголок кылып кесип алып, аларды кайрадан жаябыз. Жука эмес, тегерек болуп жайылган камырга туурамжы салып, жалбырак формасында түйөбүз. Духовкада 200 градус температурада 30-40 мүнөттө бышат.

Эскертүү!
Тандырга бышырууга болбойт. Камыры тандырга жабышпайт.

ТООК САМСА (25 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)

Керектүүлөр:
Тооктун саны – 25 даана
Майонез – 1-1,5 литр
Томат – 300 гр
Малдын ич майы – 160 гр
Татымал, ашкөктөр
(мурч, укроптун уругу, кургатылган петрушка)
Ун
– 1 кг
Суу – 600 гр
Жумуртка – 4 даана
Маргарин – 40 гр
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Тооктун саны бүтүн бойдон сууга бышырылат. Бирок эт эзилип кетпеш керек. Эми томат, татымал, майонезди аралаштырып, тоок санынын сыртына ал аралашмадан сыйпоо кажет. Даамы аралашып этке сиңиш үчүн 20 мүнөт тыныктыруу зарыл.
2. Суу, ун, туз, маргарин, жумуртка кошуп камыр жууруйбуз.
3. Камырды жука жайып алып, анын бетине малдын сызгырылган ич майын сүйкөйбүз. Май тоңуп калбаш үчүн батыраактан орош керек. Оролгон камырдын четинен кесип, аны кайрадан жаябыз.
4. Даяр болгон камырга тоок санын салып, тооктун бутунун формасындай кылып түйүп коёбуз.

Эскертүү!
Бул катталып жасалгандыктан, духовкада бышырылат. Бышуу убактысы 30 мүнөт.

ТАНДЫР САМСА (50 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)

Керектүүлөр:
Эт – 2 кг
Пияз – 1 кг
Даам жана жыт берүүчү татымалдар, ашкөктөр
(мурч, укроп, петрушка)
Ун – 8 кг
(жогорку сорттогу)
Жумуртка – 5 даана
Өсүмдүк майы – 0,5 литр

Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Алдын ала жаш малдын этин майда туурап, даам жана жыт берүүчү татымал, ашкөктөр менен аралаштырып дымдап коёбуз.
2. Суу, ун, жумуртка, өсүмдүк майы жана туз кошулуп катуу жуурулган камырдын четинен үзүп, ар бирин тегерек формада жайып алабыз. Аларга даяр болгон туурамжыдан салып, тегерек же сүйрү формада түйөбүз.
3. Эми өтө ысык эмес тандырга жабыштырабыз. Самса 45 мүнөттө бышат.


ШОРПОЛУУ ТАНДЫР САМСАСЫ (80 САМСАГА ЫЛАЙЫКТАЛДЫ)

Керектүүлөр:
Эт – 4 кг
Пияз – 2-2,5 кг
Малдын ич майы – 2 кг
Ун – 16 кг
Өсүмдүк майы – 1 литр
Жумуртка – 8 даана
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1.Сууга май, жумуртка, татымына жараша туз салып, катуу кылып жууруйбуз. Эгер камыр жумшак болуп калса, тандырга жабышпай, түшө берет.
2.Этти сөөгүнөн ажыратып алып, пияз экөөнү майда туураш керек. Буларга татымалдарды (зире, мурч ж.б.) жана укроп кошуп аралаштырабыз. Малдын ич майын эт туурагычтан өткөрүп, аны туурамжыга кошобуз. Бул майдан сырткары ар бир самсаны түйүп жатканда ичине 3 чоңураак кесим май салып, тегерек кылып түйөбүз. Майлар самсанын ичинде шорпосунун көп болушун шарттайт.
3.Тандырдын табын кетирбей жабыштырып, ысык чыкпагандай оозун бекитебиз. Бышуу убактысы 45 мүнөт.
4.Самсанын камыры калың болгондуктан, тандырда какталып бышып, бир аз катуураак болуп калат. Ал үчүн фаршка тууралган эттин сөөктөрүн казанга салып кайнатып, жыт жана даам берүүчү ашкөктөрдөн (укроп, сарымсак, райкан, петрушка) кошуп атайын шорпо даярдалат. Самса бышканда ага кошуп бир чыныга шорпо да берилет.

Эскертүү!
Самсанын бул түрүн духовкада бышырууга болбойт, себеби камыры тандырга ылайыкталып жасалат.

Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(31)
25.02.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен.мага тандыр самса жакпайт эмнегедир.тоок самса даамду мен учун,окунучтуусу КРде халал тооктун эти жокко эсе!
25.02.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia, тооктун да адалы болобу?
25.02.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards, 4ala moldo din buzat bolup ketken go,adal took izdeibiz dep satuu4ulardan til ukpasak boldu emi.
25.02.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminali, :) таң кала турганыбыз калбады...
25.02.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards, албетте тооктун да халалы болот. Аны сойгондо халал кылып союуу керек. а
25.02.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izana, союунун да арам, адал жолдору бар экенине баам салбаган окшойм, анан да базардагы тооктун кандай жол менен союлганын ким билет? мен сойгон күндө деле, арам, адал союп жатканын билбейм да!
22.10.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards,Тоок сойуп жатканда Бисмиллахир Рохмаани Рохим деп сойсо эле адал болот.
01.03.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards, ошону билбегенине тан калып атам!за то эми билесин!
25.02.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самсалардын мекени Ош шаарыго!
25.02.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatishka, кабарчы кыз да Ошто иштейт, айтмакчы
25.02.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баарынан да тандыр самсыга жетпейтко
25.02.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, самсы эмес самса деп туура айтып жургулочу туугандар!
25.02.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дукондордо сатып жатат го халал деп тоок жана тоок колбасасы да бар ал эмне коз жаздырмаларбы
25.02.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мисалы башка малды деле башына уруп олтуруп анан сойсо адал болбой калат го
25.02.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм...жагат.бирок ото калориалдуу да
25.02.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоокту сойгондо кара канын агызыш керек ошондо адал болот.
25.02.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле шилекей агып кала берет экенда. Самса да эмес, самсы да эмес. Накта аты СЯМСЯ :-)
26.02.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hmmm SYAMSYAni sagindim ,ayrikcha tandirda jasalganichi tim ele shorpoloru kuyulup turat shilekeydi agizip....
26.02.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илибой жандыкты,башыга урасынбы жонуна урасынбы,жаны чыгып кеткиче канын чыгарса и мууздардан алдын кыбыла тарапты каратып,аллоху акбарды айтып анан сойсо таптаза.
Адал тооктун етин издегендерге тируун алып озун сойуп же адал кылып.
26.02.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Халал деген сөздү кыргыздар адал деп эле айтышкан,
ошондуктан адал деп сүйлөсөк туура болот...
26.02.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун да,бирок жасаганда коп убакыт кетет жегенде эле бат эле жеп коесун хе-хе.ал эми халял дегендерге айтаарым арабдардын кылыгын кылып кээ бир элдерибиз башкача болуп алышкан,чон аталарыбыз адал деп эле арабдардын кийими жок эле тынч жашашып эле келишкен.куйдай сактасын го биздикилер "мода"кылып алышты буларды.
01.03.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos,халалбы адалбы тушунсонор болдубу же экзамен тапшырып атабызбы.жазат десе эле бир созду кармап алып талкуулабай.менин созумду эмес теманы талкууласан!
27.02.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshtun tandyr samsasy ayabay daamduu bolot deshet go!
27.02.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жесек да конул калбаган даамдуу самса...Аял киши озун жасап бышырганча бир аз тоюп каласын ошонусу жаман.
Кыргыз эли короосуна мал толтуруп багып,адал кылып союп жеп келишкен.Эми болсо биздин замандын "жаны адамдарына","Халяль"деген ат менен да бир бизнестин туру ачылды го.Куйоом адал деп колбаса,сосиска алып келиптир балдарга,кызым жеп атса ичинен 2см темир чыкты...Кайсыл жерде ким,кантип жасады ким билет.Ач кулактан тынч кулак,жаман нерселерден алыс бололучу...
27.02.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте тооктун адалы да болот. "Бисмиилла"-деп союп.Тооктун жунун ысык суу менен жулбай, муздак суу менен жулганда ал адал болот.Анткени тооктун устуно ысык суу куйганда кир нерсенин баары тооктун ичине кирип кетет.
kurguz, иллюбой жандыкты сойсо адал болбойт, мисалы:чочко ж.б, анан дагы жаны чыккан же бир жери кемтик(майып малдарды) сойсо адал болбойт деп билем.
27.02.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жандыкты сойгондо "Бисмилла" эмес "Бисмилла аллоху акбар" созун толук айтуу керек, ал эми бир жери кемтик малдарды курбандыка чалганга болбойт, сойгондо адал эле болот, чочконун арам экени шариятта айтылган ошондой эле жаны чыккан мал жегенге арам эсептелет.
27.02.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самса жонундо го. Эмнелерди айтып жатасынар. Силер этти адал акчага сатып алдынарбы? Адал деп эсептегиле. Арамды саткан адам куноолу.
27.02.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi tobo azyr tookton jasalgan tamaktyn baary kitaydan kelgen, daary berip ele 4onoytup, semirtip jatywpaiby. Azyrda nakta koroz arkyluu tookton payda bolgon jumurtka tabyw da kyiyn go.
28.02.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен базардан тондулурулган тооктун этин албайм, тооктун этинен бышырылган тамактарды да жебейм.Ошонун айынан уй шартында тоок багабыз.Адал акчага сатып алганын менен ал тооктордун багылганын коруп эле журобузго.Сактыкка кордук жок дейт.
01.03.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңыздарга эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар!
Кайталанса, убактылуу сайттан четтетүүгө туура келет.
02.03.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup alyp turup samsylardyn baaryn ele jegim kelip ketti goo.... Kechirip koigulachy tuugandar esli jok kaldyrgan bolsom! (hdhdhd)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо