Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САХНАДА «БЛОНДИНКАЛАР»

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Адатта, сары чачтуу айым же блондинка десе эле айрымдарда «аа, кем акыл турбайбы»деген түшүнүк бар. А бирок кептин баары чачтын түсүндө эмес. Кыргыз шоу-бизнесинде саналуу сары чачтуу кыздарга собол салып, эмнеге ушул түстү тандаганынын сырын билдик.

Динара Акулова, ырчы:«БИЗГЕ ЧЫДАГАН ЧАЧКА РАХМАТ»
-Чачымды ачык түскө боёп жүргөнүмө 5-6 жылдай болуп калды. Өзүмдүкү капкара болчу. Бир жолу концерт коёр алдында мастерим имидж өзгөртөбүз деп чачымды сары кылып боёдук. Кийинчерээк мындай түс туугандарыма жакпай калгандыктан, кайра карага боётком. Ага күйөрмандарым «ачык түстөгү чачыңыз жакшы жарашчу» дей берип, кайра саргылт түскө өтүүгө туура келди. Ал эми жактырбаган абам менен эжеме «кечирип койгула, көпчүлүктүн суроосу менен ачык түскө боётуп жатам кайра» дедим.
Сары чачты күтүш өтө кыйын. Аны бат-баттан боёш керек. Биз, ырчылар, күнүгө эле концерт, той-топурдан кийин өрдөккө окшоп жууна беребиз, астынан карайып чачтарыбыз кайра өсө берет, боёк кете берет. Иши кылса бизге чыдаган чачка рахмат. Азыр чачымды бир эле боёгонго үч түр боёк кетет. Салонго бир киргенде 100 долларга жакын акчаны мастериме карматып келем.

Алиман Дүйшөналиева, актриса:«АТАМ ЧАЧЫ ЖОК КАЛАСЫҢ ДЕП НААРАЗЫ БОЛГОН»
-Чачымды сары түскө боёгонума 5 жыл болду. Анда да жарашабы, жарашпайбы деп эксперимент жасап көрүп, жагып калды. Туугандарым, дос-курбуларым да «ушул чачың жарашат экен» деп башташты. Анын үстүнө «Импульс» тобуна ырчы болуп келгенде «чачыңдын түсүн өзгөртпөшүң керек» деген талап коюлган. Ошондон улам сары чачтуу кызга айлангам. Бирок атам «кызым, көп эле боёй бербесеңчи, чачы жок каласың» деп нааразычылыгын билдирген. Азыр салондорго үч-төрт айда бир жолу боётуу үчүн кайрылып турам. Баасы чач боёктун сапатына жараша 1500дөн 3000ге чейин чыгат.

Гүлмира Шарипова, ырчы:«МҮЗҮРГӨ САРЫ ЧАЧЫМ ЖАКПАЙТ»
-Мындан үч жыл мурун имиджимди өзгөртүүнү каалап, стилисттердин сунушу менен сарыга боётком. Азыр тааныштарымдын баары «кайра кара түскө боёбой эле кой, ушул түс сага жарашат» деп айтып жатышат. Бирок Мүзүргө сары чачым жакпай, «кара түскө боё» дей берет. Үй шартында атайын чачка ылайык жыпар жыттуу майларды, чач түшпөө үчүн жумуртканын сарысын колдоном. Бизде той-корпоративдик кечелер көп болгондуктан, эки күндүн биринде салонго барып турам. Жалпы макияж, чачымды кошкондо 1500 сомго жакын акча коротом.

Назгүл Токтакунова, ырчы:«ЧАЧЫМДЫ ЖАШЫЛ КЫЛЫП ДА ЖҮРГӨМ»
-«Сарышка» болуп жүргөнүмө 7 жыл болду. Ага чейин кара, кызыл, ток сары жадакалса чачымдын арка жагын жашыл кылып да көргөм. Кээде кыпкыска балдардыкындай кырктырып алсам, кээде өстүрүп, айтор, акыры ушул түскө жана чач жасалгага токтолдум. Азыр бир жолку салонго киргениме 4000дей акча коротом. Кошумча айына эки жолу өскөндөрүн улам жаңылап күйгүзүп турам, албетте, кийинкилери арзаныраакка түшөт. Мени көргөн атам «тапкан акчаңдын баарын эле салонго кетиресиң» деп урушуп калат. Чач күтүүгө шыгым жоктугунан ар кандай маска, тундурмаларды салондон гана колдоном.

Силима Абдылдаева, ырчы:«ЭКСПЕРИМЕНТ КЫЛГАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ»
-Өзүмдүн чачым­дын түсү – кара. Мурун мени көргөндөр түрк же лезгинка дешчү, азыр болсо орустарга окшоштурушат. Чачымды сарыга боёгонума 7 жылдай болуп калды. Чач дайыма өсүп турат эмеспи, андыктан эксперимент кылып өзгөртүп турганды жакшы көрөм. Чачың кооз, кайраттуу болуш үчүн аны туура күтүүнү билүү зарыл. Ал үчүн, албетте, көп каражат жумшалат. Азыр чач боёк, маскалардан тартып баары кымбат. Бирок акчасына карабай дайым колдонуп турам. Менин бир жолу салонго кирип чыкканым эле 3000ди чапчыйт.

Айнура Кыдыралиева, "Береке" бий тобунун жетекчиси: «ДАЙЫМ АДИСТИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ ЖҮРӨМ»
-Мен 18 жашка чыкканда келбетиме өзгөртүү киргизейин деп "сары кыз" болуп алдым. Ортодон кайра кара түскө өзгөртсөм, атам «мурунку сары чачың эле жакшы жарашчу» деп калды. Ошондуктан кайра сары түскө өткөм. «Сулуулук курмандыкты талап кылат» дегендей, мындай өңдөгү чачка ээ болуу деле оңой иш эмес. Дайыма адистердин көзөмөлүндө болуп, чач түшүп калбаш үчүн өзгөчө кам керек. Боётуу, маска жасатуу биригип келип, айына 10 000 сомду түзөт. Зыяны азыраак болсун деп дайыма эң сапаттуу боёкторду колдоном.

САРЫ ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ

  • Эгер чачыңызды сары түскө боётом десеңиз, анда сөзсүз профессионал чач тарачка кайрылганыңыз оң.
  • Маска, бальзамды 2-5 мүнөтчө гана кармоо туура. Улам өскөн чачты боёгон сайын чачтын учу кургап кетет. Андыктан масканы учуна эле койсоңуз пайдалуу. Антпесеңиз, чачтын түбү майланышып, бат-баттан жуушуңузга туура келет.
  • Чач суу кезинде эмес, ным учурунда фен менен кургатсаңыз, чач жасалга жакшы кармалып, фендин зыяны аз болот.
    Жарым стакан айранга бир жумуртканын сарысын аралаштырып, 15 мүнөт кармап, анан жууп салуу керек.
  • Бир жумуртканын сарысын 3 кашык кастор майы жана бир кашык уксус менен аралаштырып, чачка сүртүп, сүлгү менен 1 саатка ороп, анан шампунь менен жууп салсаңыз, жакшы натыйжа берет.
  • Чачты бальзамдап жууган соң артынан лимон ширеси же уксус кошулган жылуу суу менен чайкап койсоңуз, чачыңыз жылтырап чыга келет.

Асел Асанова,
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Сахнада "блондинкалар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
23.02.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алиман менен Гулмирага жакшы жарашыптыр.
SUPER.KG видео
23.02.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назгул Токтакуновага жарашат экен абдан!!!Кыргызча суйлогонду уйронсо болмок тыныраак!!!
SUPER.KG видео
25.02.2013. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен. Менинда эжем озу билдим болуп мен кой десем болбой шаардан уйго баратканыбызда чачын сарыга боеп алган эле уйго барсак атам кудайданда кыйын болуп кетинби деп урушуп кайра карага боетуп койгон.
25.02.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сары чач жаш корсотот да
25.02.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza11.3, Чын эле Динара Акулова жаш корунуп калат экен сары чачта.
SUPER.KG видео
25.02.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага Алиман жакты. Блондинкага окшош эмес го))). Бирок сонун жарашат экен.
25.02.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекеринен илгеркилер капкара кашындан, кундуздай чачындан деп ырдашпагандыр озубуздун эле кыргыздын кундуздай чачына жетпейтко, анан кызык ушинтип омур бою чач боёп отуп кетишеби ээ , зыяны баары бир болсо керек химияго , милионго боёк алса деле эми замандан артта калбайын деп чачсыз калбасанар эле болду
25.02.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динара эже сизге сарычач жакшы жарашат экен дайыма ушинтип супсулууууууууууууууууууууууу болуп журо бериниз
26.02.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм, сары чачтар , . Жакшы экен.
26.02.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эжеге карачач жарашат
26.02.2013. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinaaaa ejee chachiniz soooonun eken ,kaysi svet boldu eken toluguraak aytip getbeyt beleniz...
26.02.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga Ainura Kydyralieva ejenin chachynyn tusu jakty. Neobychnyi.
26.02.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин чачым дагы кара болчу, биринчи смывка кылдырсам 5000, экинчисинде 3600 алды, учунчусундо канча алат билбейм. азырынча сары эмесмин шатенкамын
28.02.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, анан?
01.03.2013. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, банан
SUPER.KG видео
28.02.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алиман Назгул жакты
01.03.2013. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз кыздарга жарашпайт деп ойлойм.
17.07.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12345 жапжарашат эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо