№538 22-28-февраль, 2013-ж

14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус сүйгөнү модель Рева Стенкампты атып салды. Милиция кызматкерлери спортчунун үйүнөн анын сүйгөнү 32 жаштагы Реванын 4 ок жеген өлүк денесин тапканда Оскар: «Ваннадан дабыш чыкканда ууру экен деп 4 ирет ок аткам»,-деди. Спортчунун коңшуларынын айтымында, анын үйүнөн катуу уруш чыгып, анан октун үнү жаңырган. Негизи, спортчу 50 метр аралыкта бутаны таамай атарын көп айтчу. Сүйгөнүнө 4 мүмкүнчүлүктө жаза атпаган Оскар ок атуу боюнча мелдешке барышы керек экен. Протез менен Паралимпиаданы 6 ирет утканы бар. Ок атууда андан көп медаль алат беле...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |