Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР КЫЗДЫН ТАРЫХЫ. ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Чабуул жасоо ыкмаларын мыкты өздөштүргөн спортчуларга «танка» же «автомат» деген ат дароо жабышат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз тездигинен жана таамайлыгынан улам «Ок» деген каймана ысым алган. Валентина Шевченкону кыргыз спортундагы баркы жок алтынга салыштырсак, айып этпеңиз. Бизде мыкты шарт жогун унутуп эле, аны Перунун атынан мелдештерге чыгып жатканын жактырбайбыз.

ШЕВЧЕНКО ВАЛЕНТИНА АНАТОЛЬЕВНА
Туулган жылы –1988-жыл, 7-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Жетишкендиктери – Муай-тай боюнча дүйнөнүн
7 жолку чемпиону. Түрдүү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнөнүн 10 жолку чемпиону. Айымдар арасында «Дүйнөнүн мыкты тай боксёру» наамынын ээси
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда Перунун Лима шаарында жашайт

«ПЕРУДА ИЗДЕНИП ЖҮРӨТ»
Валентина Перунун атынан мелдештерге чыгып жатканын айтсак, анын атын эч кимдин уккусу жок. Бирок бир чындыкты билип коюшубуз керек, ал дагы да болсо Кыргызстандын жараны жана келечекте Кыргызстандын желегин желбиретет. Валентина азыр семинарларга катышып жатканына байланыштуу аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Маалымат топтоодо КРнын Вале-тудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов көмөк көргөздү.
Эмил Токтогонов кезинде Валентина менен жакшы тааныш болгондуктан, көп суроолорго ошол киши жооп берди.
«Чынында, Кыргызстанда, Азиянын аймагында машыгуу ага кызыксыз болуп калган. Перуда келишимдик негизде иштешип жүрөт. Ал жактын жарандыгын алган жок. Азыр жалпы Америка континентинде уруш түрүндөгү спортторду изилдеп, анализдеп, өсүүнүн үстүндө. Эмки жылы Кореяда өтүүчү Азия оюндарына, буюрса, Кыргызстандын атынан барат. Негизи, ал Кыргызстанды сүйөт. Убакыт тапса эле бизди көздөй «качат». Көлдө үйү бар»,- дейт Эмил Токтогонов. Айта кетсек, Валентина азыр Перунун баш калаасы Лима шаарында жашап, машыгып жүрөт. Аны менен кошо эжеси Антонина, машыктыруучусу Павел Федотов жана апасы Елена да ошол жакта. Ушул күнгө чейин ал Перуну алтын медаль менен «багып» келе жатат.

БИР ЖОЛКУ ЖЕҢИЛҮҮ
Азыр акчанын күчү баарына жетип калбадыбы, атүгүл мыкты даярдыктагы спортчунун колунан жеңишти жулуп алууга дагы... 2011-жылдын күзүндө тай бокс боюнча Ташкентте өткөн Дүйнө чемпиондугунда Валентина жеңилүүнүн ызасын татты. Орусиянын, Бельгиянын спортчуларын ээрден шыпырып, финалга жеткенде калыстардын акыйкатсыздыгынан улам жеңилип калды.
Марокколук атаандашынан алда канча тез, мыкты болсо да, беттештин өзбек улутундагы башкы калысы жеңишти Валентинанын атаандашына ыйгарып койгон. Кызыгы, упай эсептеп отурган капталдагы 5 калыстын Шевченко уткандыгы тууралуу пикири суу да кечпей, алар жөн гана «маймыл» болуп калышкан. ММКлар башта катуу чырылдаганы менен, ал жерде ири суммадагы акча роль ойногону кийин маалым болду.

ФЕДОТОВ ЧЫЙЫР ЖОЛГО САЛГАН
Валентинанын апасы Елена кезинде таэквондо менен машыккан. Валентинанын эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашта экенинде түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны октон күлүк, темирдей катуу кылып тарбиялап чыккан. «90-жылдары мен Федотовдор менен машыгып жүргөндө 5 жашар Валентина залда чуркап жүрчү»,- дейт Эмил Токтогонов.
Муай тайдан ага Кыргызстанда, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валя дзюдо боюнча «КРнын Спорт чебери» аталды. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алды. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында «Орусиянын чемпиону» аталат. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган.

ВАЛЕНТИНА ИСКУССТВО АДАМЫ
Валентина Шевченко тууралуу канчалык көп билсең, ошончолук баалай баштайсың. Дегеним, Валентина атаандашты кулаткандан башка көп нерсеге кызыгат. Мисалы, саякаттоого жана куралдарга кызыгуусу күч. Ошондой эле бий өнөрү менен да жакшы тааныш. Ар бир беттештин алдында түрдүү бийлер менен рингге чыккан мекендешибиз кичинесинде бий менен машыккан. Кыргызстанда жүргөндө спорттон убакыт ашырып, жаш кыздарга бийден сабак бергени маалым. Бир да кызыгуусун жерде калтыргысы келбеген Валентина Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүп, кинорежиссёрлук кесипке да ээ болгон. Ошондой эле видео жана фотосъёмкаларда анын алдына чыкчу спортчу кыздар аз. Демек, эртеңки күнү Валентина спортту таштаса да, башка тармактарда аты чыга береринен шек жок.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
25.02.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Ок!Эгер Кыргызстан шарт тузуп бергенде бул кыз далай желегибизди желбиретмек экен.
25.02.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
★ ★ ★ ★ ★ ээх кайран кыз акчанын айынан ошол жакта журотда. бизде шарт болгондо чын эле даалай жолу желегибизди желбиретмек экен.
26.02.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
В.Шевченко ж.б. майда улуттар Кыргызстанды мекени катары сезишпейт, себеби мекенчил адам, акчага сатылбайт. В.Шевченко кыргыздын Акаевчилери, Бакиевчилери сыяктуу манкурттарына окшош, аларда мамлекетти суйуу, мамлекеттик намыс деген жокко эсе. Мен В.Шевченконун Перу мамлекети учун чыкканын, ал акчаны 1 орунга койгонун тушунгум келбейт. Ар ким эле озунун мекенин акчага алмаштырып отурса, анда мекендин эмне кереги бар.
27.02.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jim, Эми катту кетип куноосун котрбогуло.Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет, ал жака кеткенинин да чон себептери бардыр.Балким байыса, аты чыкса Кыргызстанга спорт жаатына жардам берип калаар. Валентина, Кыргызстан сизди кутот:)
28.02.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jim, биз анын оокатына жардам бербегенден кийин ага куноо коюу туура эмес го,ал маселе Атамбаевге тиешелуу.ага керектуу каражаттар болунсо президент тарабынан мумкун кетпейт болчу ал жака,эми да кеч эмес дагы да болсо жардам болсо келип кыргызстандын атын алыска чыгараар.
28.02.2013. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jim, Валя Шевченко Кыргызстандын атуулу, алдыда коптогон мелдештерде кыргыздын желегин желбиретет, аны жайына кой, Россияда миндеген кыргыздар гражданство алып журушот ко????
01.03.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде спортко конул бурган адам жок бизде спортчулар коп,которгон адам жок аларды,!
02.03.2013. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., tuura aitasyn, tolugu m.n koshulam! Al emi Shevchenkonun iygilikterin okup turup bir jagynan kubansam, bir jagynan kaigyruu sezimi da bolboi koigon jok! Balkim jakshy shart tuzup bergende ne tol'ko Val9 andan bawkasy da Kyrgyzstandyn jelegin dalai iret jelbiretmek!
02.02.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйурса чемпион болот Кыргызстанды дуйного таанытат. Азаматсын Шевченко биз сени менен сыймыктанабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо