Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛДАМЧЫ АЯЛДАР ТОРГО ТҮШТҮ

№538 22-28-февраль, 2013-ж

«МАГА КЫЗЫМ ЖАНА КУРБУМ ЖАРДАМ БЕРЧҮ»
Жакында Ош шаарында уурулуктун өзгөчө түрү менен алектенген аялдар кармалды. 2013-жылдын 8-февралында Ош шаардык ИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмү жана ушул бөлүмдүн мүлктөргө каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 5 айдан бери алдамчылык жолу менен алтын зер буюмдарын уурдап келген ДИЛФУЗА ТУРГУНОВА аттуу айым кармалган. Ал өзү жана бул «өзгөчө өнөрү» тууралуу буларды баяндап берди:
– Жалгыз эле кызым бар, аны Өзбекстанга турмушка бергем. Күйөө балам кумар оюнун ойноп неберемди уттуруп жиберди. Биз элек жасап сатчубуз. 400дөй элегибизди да бир кызга алдырып жибердик. Ал кыз бизди алдап, акчабыздан куру жалак калтырып, Өзбекстанга өтүп кетти.
Кийин чайканада иштеп жүрүп ооруп калдым. Мени алдаган кыз кайра келгенинен акчамды доолап барсам, мага бере турган акчасы жок экенин айтып, ушинтип алтын уурдаганды үйрөттү. Менин товарымдын өтүшүнө кызым менен курбум бейтааныш кардар болуп жардам беришчү. Кылган ишиме бушайманмын, мени кечиргиле...

Бул аялдардын үстүнөн бүгүнкү күндө 21 арыз түшкөн. Арыз ээлери 50-60 жаштан ашып калган аялдар. Аталган кылмыштын бетин ачып, ууруларды кармаган Ош шаардык ИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опери АЗАМАТ АТТОКУРОВ буларга токтолду:
– Алдамчылык фактысы боюнча октябрь айларында арыз түштү. Кийин бир аял бизге кайрылып, анын жардамы менен фоторобот түзгөнбүз. Ошондон көп өтпөй эле ошол аял телефон чалып, «сөйкөнү уурдаган аялды Ош шаардык ооруканасынын жанынан көрдүм» деп кабарлап калды. Фотороботтун негизинде Дилфуза Тургунованы кармадык. Анын бул ишти жалгыз жасабаганы, Феруза Мизамурадова жана Алмакан Мизамурадова аттуу шериктери бар экени маалым болду. Учурда булардын үстүнөн 21 факт аныкталды.

«СӨЙКӨНҮ КУЛАГЫМА ТАГЫП КОЙДУ»
Биз бул иш боюнча Ош шаардык ИИБине барганыбызда алдамчылардын курмандыгы болгон апалардын бири отурган экен. Андан сөйкөнү кантип алдырып койгондугу туурасында сурадык.
– Менин неберем сарык болуп калган экен. Ош шаардык ооруканасына келип кезек күтүп отурсам, жаныма бул аял (Дилфуза Тургунова) келип бир аз отурду да, «бул жер аябай сасып кетиптир, жүрүңүз, сыртка чыгып отуралы» деп калды. Мен аны жөнөкөй эле аялдай көрдүм да, макул болуп аны менен сыртка чыктым. Ары жакта эки аял отуруптур, ошолор жакка ээрчитип барды.
Бул аял колуна жалтыраган жез сөйкөнү алды да, «Мобу сөйкөнү алып койбойсузбу?» деди. «Жок, албайм, неберем ооруп жатат, өзүмө да акча керек» дедим. «Ой, ала бериңиз, кийин муну 25000ге сатып саласыз» десе, жаныбыздагы аялдар да аралаша калып, «эже, биз билебиз, бул аябай кымбат сөйкө. 25-30 миң сом турат, ала бериңиз. Келиңиз, кулагыңызга тагып көрөлү» деп менин сөйкөмдү алып, өздөрүнүн сөйкөсүн кулагыма тагып койду. Мен «кымбат болсо алып коё берейин, сатып туруп балдардан акча сурабай неберемди дарылатып алам» деп ойлоп кеттим. Кулагыма тагып, кезегим келип калбасын деп ооруканага кирип баратып «кой, кыздар менен кеңешип, анан алайын» деп артка кайрылсам тиги аялдар дикилдеп оорукананын дарбазасына жетип калышыптыр. Неберемди таштап коюп артынан чуркай албадым. Ошентип, бирөөгө айтыштан уялып отуруп калдым.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
25.02.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир пендеге Кудайым ыйман берсин.
25.02.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно сак бол,кошунанды ууру тутпа-дейт:-)
25.02.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба эми ушул эле калды эле ынсап берсин адамдарга
26.02.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonka89.,
Сизге эскертүү!
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга, сарт, ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү жазууга тыюу салынат!

26.02.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам келбетиндеги айбан го, тообо! Кыныр иш 40 жылда билинет! Билинбей калса, оо дуйнодо азабын!
26.02.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон эле аялдын бул кылганы..ужас!
26.02.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлогон ойду кыстаган турмуш женет дегендей.баарыбыз эле акылдуу болуп чыга келебиз ужас деп.заман карапайым элдерди ушул нерсеге туртуп жатат да .
26.02.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча адамды сыздатты. башка жол жокбу жан бакканга? кылгылыкты кылып коюшуп колго тушкондо байкуш болуп калышат мындай адамдар.
27.02.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууру тойгончо жеп ,олгончо карганат.Алдатып коюу коз ачып жумганча.
27.02.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelbeti korkyny4tyy eken aaaaaaaaaaaaaaaa
27.02.2013. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ, жокчулук эмнеге гана алып барбайт ээ.. Кудайым ынсап берсин да., Тооба ...
27.02.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turgunbek,
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга, сарт, ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү жазууга тыюу салынат! деп эскертүү берилген!
3 күн банга!
28.02.2013. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толтура да крда мындайлар бул кармалганы а кармалбаны милион!
01.03.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кабыма тушо турган аял экенби а....
03.03.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илгери кылган иши 40жылда билинсе. Азыр 40кундун ичинде билинет.
03.03.2013. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allahim baaribizdin jurogubuz go iyman bersin. Arki duynogo barganda da joop bergendi unutpayli.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо