ИНЖЕНЕРЛЕР ОШТОГУ ҮЙЛӨР КУЛАБАЙТ ДЕП КЕПИЛДИК БЕРИШЕТ

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Маалымат булактарында Ош шаарында Июнь окуясынан кийин курулган үйлөр тууралуу сөздөр акыркы учурда көбөйүп кетти. «Кулап түшөт экен» деген тургундардын чочулоосунан улам бул багыттагы тиешелүү адистер түшүндүрмө беришти.
"Ош шаарында, өзгөчө 16 кабаттуу үйлөр кыйрап түшүшү мүмкүн" деген сестенүүлөр соңку кезде күч алды. Көп кабаттуу үйлөрдүн чиймесин чийген жана эсебин чыгарган, курулуш тармагына эмгеги сиңген, техника илимдеринин кандидаты, Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин эксперти Мидин Исмаиловдон төмөндөгүдөй жооп алдык: «Өйдө-төмөн сөздөрдү түшүнүгү тар ушакчылар чыгарып, таркатып жатышат. Кыргызда «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» деген сөз бар. Бул 16 кабаттуу үйдүн эсеп-чиймеси эң акыркы технологиянын негизинде чыгарылган. Эгерде Ош шаарында 8-9 баллдык жер титирөө болуп калса, ал үй толугу менен ага туруштук берип, тескерисинче, анын тегерегиндеги үйлөр кыйрап калышы мүмкүн. Мен буга кепилдик бере алам. Анын чиймеси Японияда жана башка өлкөлөрдөгү тажрыйбадан алынган»,- деди.
Анын айтымында, 16 кабаттуу үй курулуп жатканда бүт факторлор эсепке алынып, компьютер менен анализденип чыккан. «Анын пайдубалы жерден 6 метр тереңдикте башталган. Жерди казып, ага суу толтуруп, анан сууну сордуруп, 2-3 жыл эс алдырып коюу деген – эң чоң катачылык. Мындай сөздөрдү көп кабаттуу үйлөрдүн эсеби жана чиймеси тууралуу бир дагы түшүнүгү жоктор гана айтат. Үйдүн тургундары коркпой жашаса болот»,- деди М.Исмаилов.
Тажрыйбалуу инженер жана конструктор Марлен Амановдун баса белгилеп айтуусунда, 16 кабаттуу үйдүн жер тилкеси да толугу менен бардык талаптарга жооп берет. М.Аманов бул тууралуу мындайча ой бөлүштү: «Ал жерде геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Үйдүн пайдубалынын калыңдыгы 1,5 метрди, ал үчүн казылган жердеги шагылдын калыңдыгы 20 метрди түзөт. Пайдубалга Орусиядан сатылып алынган эң жогорку сапаттагы 154 тонна арматура иштетилген. Бул деген ал үйдүн өтө бышык экендигин билдирет».
Ал маалымдагандай, бүгүнкү күнү Бишкек шаарында 16 жана 18 кабаттуу үйлөрдөн ондон ашыгы курулду. Ошондой эле борбор калаабыздын Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 26 кабаттуу үй курулуп жатат.

Айбек Сагынбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
25.02.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пескоблок менен да кылабы ошондой коп кабатту уйду менимче шлакоблок иштетчуу
25.02.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot929312. менимче пескоблок эмес пенаблок менен курулган болуш керек
26.02.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык квартиралардын сатылган баалары канчадан болду экен?
28.02.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ким билсин кыргызды бир гана Кудаа сактабаса адамдар адамды сактабай калды го
28.02.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баасы канча экен айтып койо албайсынарбы
01.03.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 комната квартираны 32мин долларга алышты жаны курулган уйдон.


01.03.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
киев-Исанов кочолорунун кесилишинде кандай 26 кабаттуу уй курулуп жатат? Же RubyPark ушунча кабаттуу болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо