Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айбек Карымов:«ТАНТЫРАГАН ДЕПУТАТТАРГА КАРАГАНДА ЖАКШЫ СҮЙЛӨЙМ»

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Биз маек кылчу бул мырза 2000-жылдары "Боз торгоюм", "Ооруп турат жүрөгүм", "Дил кайрык" деген популярдуу ырлары менен ошол кездин Киркоровуна айланган эле. Кезинде кыздарга арнап ыр жазып, билектерин балыктай туйлаткан ырчы Айбек Карымовдун чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүнө быйыл 20 жылдын жүзү болуптур.

– Саламатсызбы, Айбек мырза? Акыркы жылдары Гүланда экөөңүздөрдүн аткарууңардагы дуэт ырларды укпай калдык?
-Саламатчылык. Дуэт эмес, азыр жалгыздан ырдаганга да убакыт жок. Туура айтасың, акыркы жылдары бизнес менен алектенип кеткениме байланыштуу чыгармачылыгым бир аз солгундап турат. Мурункудай тез-тезден ыр жазбай калдым. Бирок ырчы болгондон кийин сахнаны таштай албайсың, баары бир кайтып келесиң да.

– Жашыруун болбосо, эмне бизнес менен алектенесиз?
-Биздин «Бейне» деп аталган медиа-борбор, курулуш компания жана фильмдерди тартуучу студиябыз бар. Азыркы тартылып жаткан кинолордун көпчүлүгү биздин студиянын техникалык жабдыктарын колдонушат. Ал эми медиа-борборубуз көбүнчө чет өлкөлүк кардарлар менен иштешет.

– Өзүңүз да бир нече тасмага продюсерлик кылып калган жайыңыз бар эле...
-Ооба, «Эгиздер тагдыры-1, 2», «Шайтан араба», «Анар жолу», «Жашынмак» жана башка бир топ тасмаларды каржылап, продюсерлик кылдым. Алдыңкы 2-3 жылда өзүмдү режиссёр катары да сынап көрсөмбү деген максаттарым бар.

– «Анар жолу» тасмасы сиздин өмүр таржымалыңыздан алынганы чынбы?
-Ал тасманын сюжети менин тагдырыма окшоштугу бар, бирок толугу менен менин жашоомдон алынган эмес. Ушул тасма мен продюсерлик кылган эң ийгиликсиз эмгектердин бири болду. Көп чыгымга дуушар кылып, бирок аны актабай калды.

– Сиздей ар тараптуу адам кандай үй-бүлөдө чоңойду экен?
-Чабандын үй-бүлөсүндө туулгам. Ак койдун артынан сая түшүп кой кайтарып, жылкы айдап, бээ саап кыштоодон жайлоого, жайлоодон кыштоого көчкөн чыныгы кыргыздын нукура көчмөн үй-бүлөсүндө чоңойгом. Өзүм чоң ата-чоң энемдин колунда өсүп, чоң энемдин жомокторуна сугарылып тарбияландым. Чоң энем баштан өткөн окуяларын айтып бергенде неберелери отуруп алып ушунчалык таасирленгенден көзүбүзгө жаш алып ыйлачубуз. «Болор бала богунан» дейт эмеспи, мен 6 жашымда эле комуз черткенди үйрөнүп алып, мектепке барганда кадимкидей комузда кол ойнотчумун. Окуучу кезде мектептин жылдызы болдум.

– Ал эми студент кездечи?
-Менин артист болушума атам караманча каршы эле. «Артист болбойсуң, ашпозчу болосуң. Ашпозчу болсоң ачка калбайсың, ашканадагы ашкан тамактарды үйгө алып келсең, балдарың да ачка калбайт» дечү. Мен Таш-Көмүр шаарындагы Политехникалык окуу жайга атайын эле өтпөй калып, Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырдым. Жайкы каникулда бизди чөп чапканга, жүзүм тергенге жиберсе, беш-алты бала чогулуп айылды кыдырып концерт коюп кетчүбүз. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын искусство факультетине тапшырып калдым. Бир эмес, эки музыкалык билимим бар, бирок ушул деле мага жетишсиздей сезиле берет.

– Сиздин өкүл атаңыз генерал Молдомуса Конгантиев экенин билебиз. Өзүңүз да аскер адамысыз...
-Ооба, мен өзүм аскер адамымын, мектепти аяктаарым менен Чехословакияга аскер кызматымды өтөгөнү кеткем. Азыркыга чейин чек ара кызматынын алдындагы ансамблдин мүчөсү болуп келем. Кокус өлкөдө бир нерсе болуп кетчү болсо, биринчилерден болуп ырдаган бойдон кете тургандарданмын. Ал эми Конгантиев менен Гүландага үйлөнгөнгө чейин эле Жалал-Абадда жүргөндө бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Уулумдун атын да ушул адамдай эркек, генерал болсун деп анын ысымынан койгонмун. Мындай адамдар бир кылымда бир эле жолу жаралат. Мен бул кишини патриот, эли-жери үчүн келтек жесе да качып кетпей туруп берген эркек катары билем. Аны бүт милиция, кыргыз эли сыйлайт.

– Өзүңүздүн саясатка аралашайын деген оюңуз жокпу?
-Менин чечендик жайым бар, азыркы айрым тантыраган депутаттарга караганда жакшы сүйлөйм. Саясатка кызыгам, бирок бизде учурда саясат туруксуз, бүгүнкү эле жакшы адамдын эртең бетине көө сүйкөлүп калышы мүмкүн.

– Гүландага үйлөнгөнүңүздө туш тараптан айтылган сындар сиздердин үй-бүлөнүн ынтымагына залакасын тийгизген жокпу?
-Тийгизген жок. Мен өзүмдүн принциптерим менен, өзүм каалагандай жашайм. Сындардын жакшысын кабыл алам, калгандары кулак сыртынан «шуу» деген бойдон учуп кетет. Ушак айтпасам, уурулук кылбасам, адам өлтүрбөсөм, бирөөнүн эмгегин жебесем болду, калган жакшылыктардын баары мага буюрсун.

– Жубайыңыз ырдаганга уруксат бересизби же балдар менен үйдө отуруп калабы?
-Чыгармачылыгын улантып кетишине бөгөт койбойм, албетте. Мына төрөгөнгө чейин 8-9 айында ичи челкейип ыр жаздырып, төрөгөндөн бир айдан кийин тойлорго барып ырдап жүрдү (күлүп), ага эч кандай каршылыгым жок.

– Мурунку никеңиздеги балдарыңыз менен азыркы балдарыңызды катташтырасызбы?
-Алар эмнеси болсо да бир тууган, катташкан күн да келет. Бирок азыр балдарым кичинекей, андайды али түшүнүшө элек.

– Апаңыз менен бир жылдары араздашып жүрдүңүз эле, азыр мамилеңиздер жакшыбы?
-Менин апам жок. Мен чоң апамдын колунда өскөм. Ошол чоң апам атамдын учурдагы жубайына «Айбекти сага тапшырдым, сени Кудайга тапшырдым» деп кеткен. Мен ошол эле апамды билем.

– Сахнада жүргөнүңүзгө 20 жыл толуптур. Мындан ары сизден кандай өсүүлөрдү күтсө болот?
-Сахнада 20 жыл иштеп, Айбек Карымов деген брендди түптөдүм. Мындан ары мени Майкл Жексон же Филипп Киркоров кыла алышпайт. Мени сөз кылбай коюшса деле күйөрмандарым издеп табат, ырларымды радиодон угушпаса, дисктен угат дегендей. Мага мындан артык нерсенин кереги деле жоктой.

– Учурда боло турчу концертиңизге катуу даярданып жатыпсыз...
-Ооба, 22-23-февралда Улуттук филармонияда жеке концертимди берип жатам. Концерт 4 бөлүктөн туруп, анда мен тууралуу тартылган «Обондуу жашоо» деген даректүү тасма көрсөтүлөт. Концертте 100 пайыз менин чыгармаларымды аттуу-баштуу ырчылар аткарышат. Өзүм эки-үч ыр ырдап коюп эле, 20 жылда эмнени кыйраттым экен деп сахнада көрүүчү болуп отурам.

– Анда концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алыңыз. Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Тагдырымды өзүм чечем" дейт Айбек Карымов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
25.02.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ ошол муздак коздор менен канча кыздын башын айлантып алды бул байке. Бою бир карыш сакалы мин карыш деген ущул да.
25.02.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбектин ритмди карабай, каалаган жеринен каалаганча созуп коймой жери бар.
SUPER.KG видео
25.02.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул ырчыны мажбурлап интервью алгандай болуп калыптыр го
25.02.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айбектин ырлары аябай уккулуктуу!Ишинизге ийгилик!
06.03.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, ой туура эмес жерге жооп жазып алыптырмын
25.02.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"апам жок" дейт го, кийин балдарыныз "атам жок" дешпесе эле болду да
06.03.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurai92, оппа таамай айтылган соз
SUPER.KG видео
25.02.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне бул озунун тагдырын озу чечкидей бул Аллахбы биз баарыбыз алсызбыз аллахтын алдында тообо кылыныз кеч боло элегинде
SUPER.KG видео
25.02.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негедир мага озу жакбайт ырлары кичине жагат.
25.02.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дил кайрыка убагында оло валъска тушчулек да чиркин, айбек карымов негизинен таланттуу мырза обондору жан сергитет тимле ,жеке жашоосунда "баатыр ата" деп уккан жайым бар неси болсо да ишинизге ийгилик
25.02.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны эргуулорду каалайм
26.02.2013. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым алга карай талпынып, жагымдуу ыргактардын коштоосунда журо бериниз.
SUPER.KG видео
26.02.2013. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Слишком гордый го?!
SUPER.KG видео
26.02.2013. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырчы мага таптакыр жакпайт кемпирлерге окшоп. гуланда экоо пара башында аябай эле жашырышкан уйлонгондорун кылмыш минтип торт жылда билинет
26.02.2013. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай кана конул оорутарлык нерсе кылбасын ата-энени куноолоп акарат кылууга болбойт. Акыл касат деген бар, сиздин да эки никедеги балдар дегендей. Акыл уйротуудон алысмын кечирип койос бирок жумшак тилдин азабын тарткан жаман. Ошондой эле Гуландага уйлоно электе мурунку аялынызды суйорунузду аны эчкимге алмаштырбашынызды, Гуланда жон гана чыгармачылыктагы шеригим деп ушул эле газетага маалымдаганс бирок уйлондунуз. (Баары биз ойлогондой болбойт экенда аттин)
SUPER.KG видео
26.02.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз негизи ырчылардын мунозун билбейбиз,минтип интервью беришкенде кимдин ким экени чыга келет.Айтаарым Айбек мырза эл адамы болгондон кийин кичине сылыктык менен жооп бербептир суроолорго.Гуланда жонундо сураганда ачуусу келип кеттиго...
26.02.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апа баа жеткис байлык,кол жеткис алтын казына дейт бизде.Апана жасаган нерсени балдарынан коросун дейт Алла Таалам.Кечиримду болу адам болунун жолу,ошон учун кечиримду болун.Бул жашоодо копту эле коргон инсансызго?
SUPER.KG видео
26.02.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неггизи бир чыкан да хит болуп бир ыры ошондон бери толку жок ырларды ырдайт озунчо эле жылдыз ии чиркин кыйнсынба биринчи ыр жаз Айба брат анан каттысан болот все давай ийгилик
26.02.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында аябай эле кадырлуу эле апасы менен урушуп Гуландага уйлонгондон кийин баары тушуп кетти ошончо жыл чогулткан атан данкын баары
27.02.2013. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ты кто такой давай до свидения :))
28.02.2013. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayaly takyr ele bashyn ailantyp salgan da,oshonduktan "apam jok" dep atsa kerek.Kaisy normal'nyi adam ushintip aitsyn?!T'fu!
28.02.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oilonup suilosh kerek da,soz taranchy emes,uchup ketse karmai albai kalasyn.Apasyn changan adamdy birinchi jolu korup atam
28.02.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakpait birda yrylary,emi myntip apam jok degenin,anda Aibek asmandan tuwkongo tooba kyldym,uwu jaman peilin ozun m.n ketsin. Gul9ndanyn emnesin suiduken bul? Tili 4yga elek jaw balaga okwop imeno uwu AIBEK yrdait.
28.02.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам жок дегени кызыкго мунун,эгер ошончолук эле апаныз жакпаса,жон эле апам тууралу маалымат бере албай деп койгон он элего,чын-чынында кыйратаарлык деле ырынызды уккан эмесмин.
28.02.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апаныз жок болгондо сиз кайдан жаралмаксыз?Апаныз жок болсо сиз минтип кайдан сайрап ырдамаксыз?Апаныз бар болгон учун сиз барсыз да,элге таанымал чоон эле киши ушинтип турса калганы кайда барат.Апаларды урматтай билеличи.
01.03.2013. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким,апасы тороп таштап кетип калгандыр?Ошол учун жини келип,апам жок деп айткан го?
02.03.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасы жок болсо анда Айбек байкебизди капустанын астынан таап алса керек чон-энеси менен чон-атасы...адамдык сапаты тууралуу эч нерсе дей албайм бирок ,талантын сыйлайм...
03.03.2013. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
astafur Allah aybek brat kantet , buyursa 1 chi nikesindegi baldari jakshi jumushtarda Ishtep elge taanilip Kalsa alardan da atan dep suroo berse atam Jok dep aytsa kanday boloor eken ? Aga da ubakit kelet, koz achip jumgancha . siylabay kaldim voobshe.
04.03.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун апасы эмес огой апасы окшойт. дайыма ушинтип айтатго
SUPER.KG видео
05.03.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан качан Кыргыз элим бирин бироо жамандап сын такканды токтотобуз?Эмне сын таксанар женилдей тушосунорбу?андан коро суйунбойсунорбу ушунча жылдан бери ырлары элдин оозунан тушпой келе жатканына!
SUPER.KG видео
21.03.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 жыл,чыгармачылыкта журо берип,аябай чарчаган кези окшойт!
22.05.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек мырза мурда чыгармачылыгынызды аябай сыйлайт элем а азыр бирок Гуландага уйлонгондон бери аброюнуз жоголду.Албетте бул сиздин жеке тандоонуз бирок апаныз менен урушканыныз аябай жаман корунуш болду.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо