ИДЕАЛДУУ МЫРЗА АЙЫМДАРДЫН КӨЗҮНДӨ

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Эркек менен аял бир коломтодон түтүн булатып келсе да, бири-бирин сындаганын койбойт. Замандын өзгөрүүсүнөн уламбы, акыркы учурларда эркектерге болгон айымдардын нааразычылыгы күч алууда. Чынында, айымдар кандай мырзаны идеал тутушат? Сурамжылоонун негизинде сурообузга жооп издедик.

БОЮ УЗУН, КЕҢ ДАЛЫЛУУ
Эмнегедир кыздардын баары эле кең далылуу, узун бойлуу мырзалар жөнүндө кеп кылышты. Биринен да «мага жапалдаш жигиттер жагат» деген жооп уга албадым. Албетте, кең далыда көшүлүп жаткан ар бир айымга эле жагат деңизчи. Бирок кыргызда «чырайын чылап ичесиңби?» деген накыл кеп бар. Дене мүчөсү келишкен, бирок үй-бүлөлүк жашоого туруксуз жигиттен жан дүйнөсү таза, сизди эч кимге алмаштырбаган жапалдаш мырза артык эмеспи...

КОЛУ АЧЫК, ТАМАШАКӨЙ
Майрамдарда аялына күтүлбөгөн белек даярдоону билген, үй-бүлөсүнө таандык бардык даталуу күндөрдү эсинен чыгарбаган, маал-маалы менен кафеде же ресторанда романтикалык кече уюштуруп турган мырза – идеалдуу, айымдардын айтуусунда. Мындан сырткары отуруштарда эл менен чогуу бийлеп, ырдап-чоордоп, тамашалашып отурган жигиттерди да баалашат экен. Кыздар, моюнга алышыбыз керек, кээде мырзабыздын бирөө менен тамашалашып же бийлеп жатканын көргөндө ичибизде ит өлүп, тултуюп калмайыбыз бар.

ТАЗА, ТЫКАН
Айымдар таза, тыкан, жарашыктуу кийинген, сылаңкороз мырзаларга оой турганын билдиришти. Чынында, кимдин эле тамеки, ичкилик, тер жыттанган эркектин жанында жүргүсү келсин?!

СЫЛЫК-СЫПАА
Айымдар «ичпеген, чекпеген, керектүү жерден жол берип, орун бошотуп же болбосо эшик ачып сылык-сыпаа мамиле жасаган эркектерди көбүрөөк баалап, сыйлайбыз. Мындай эркектерге «даңк!» дегенден башка сөзүбүз жок» дешет бир ооздон. Андай болсо, эркектик күчкө салып жөөлөп өтүп, сөгүп, кол көтөргөндөргө эмне дейбиз?

ЧАРБАЧЫЛ, АЯЛЫНА ЖАРДАМЧЫ
Аялзатынын кыялында идеалдуу эркек ашканадагы бычактардын мокоп калышына жол бербей, маал-маалы менен курчутуп турат. Аялы бир нерсе жасап жатканда телевизор көрүп отуруп албай, «кел, кемпир, жардамдашайын» деп кобурашып кол кабыш кылуудан качпайт. Жумуштан келгенде аялын өөп, күнү кандай өткөнүн, кандай жаңылыктары бар экенин сурайт. Балдарынын сабагын карашат, алар менен чогуу ойнойт, спорт менен машыктырат. Мүмкүн болушунча аялы менен бир маалда уктайт.

УБАДАГА БЕК
Мырзаларга алданган айымдар көп окшойт арабызда. Анткени «убадага бек мырза – идеалдуу» дегендер көп болду. Ал тургай эркектердин убада берүүсүнүн эки мезгилин бөлүп коюшуптур. Үйлөнгөнгө чейин, үйлөнгөндөн кийинки дешип. «Үйлөнгөнгө чейинки убадалары эми укмуш, жомоктогудай, айтпасак да белгилүү. Үйлөнгөндөн кийинки убадалар дал турмуштун өзүндөй, ачуу-таттуу» деп кеп салышты.

ИШЕНИЧТҮҮ, АЛА ЖИПТИ АТТАБАГАН
Ооба, аялзаты ишеничтүү, көзгө чөп салбаган, жумушта кармалып жатса телефон чалып, алдын ала айтып койгон эркектерди идеалдуу деп эсептешет. Бирок калп айткан менен болобу, кандай эркек болбосун, сулуулукту баалайт. Айрыкча ичке «жинди суу» киргенде. Андайда «бул менин «вкусумдагы» кыз эмес» дегенди унутуп, кылыктуу кыялга, шыңк эткен күлкүгө арбалып, башы тумандап, дароо «бойдокмун, жүрөгүм бош» деп чыгышат. Буга элибизде айтылып жүргөн «эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок» деген сөз далил боло алат.

ЭР ЖҮРӨК, КҮЧТҮҮ
Кудай мунун бетин ары кылсын, капыстан согуш башталчу болсо, «Манас атанын урпактары, алга!» деген ураан менен алдыга чыкчу жигиттерибиз четтен чыгат. Албетте, атасы военкомго акча берип же жарым жолдон өзү качып, айласы кеткенде чет өлкөгө өтүп кетпегендерди кошпогондо.

КӨП ИШТЕП, КӨП ТАБАТ
Идеалдуу мырза аз эс алат, көп иштейт. Бул айымдардын эркектерге койгон талабы. Аялзатынын биринчи парзы – эне болуп, бала төрөш болсо, эркектики – үй-бүлөсүн эч кимдин көзүн карабагыдай кылып багып кетүү. Эркек ошонусу менен эркек. Акча таппаган эркек – эркек эмес…

Чын чынына келгенде, ааламда эркек болбосо аялдар сулууланбай, кооз жасалга тагынбай коймокпуз. Шыңгыр күлкү, таттуу сөз, жагымдуу кылык аялзатында жашабай калмак. Баарынан да дил серпкен ырлар жазылмак эмес. Анткени жоктон барды, коркоктон баатырды, өңү сууктан сулууну, байкуштан кайраттууну жараткан керемет сезим – сүйүү жашамак эмес. Ошон үчүн эркек жаралган, ошон үчүн аял жаралган. Бар болгула, кыргызымдын жигиттери! Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайбыз!

Венера Камалова
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ӨЗҮҢҮЗДҮ ИДЕАЛДУУ МЫРЗАМЫН ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗБИ?

Бакыт Мукул, куудул:
– Мактанчаактар гана идеалдуумун деп айтышпаса... Эми турмуш-шартка, жагдайларга жараша кемчиликтер кетип калат. Ошондуктан мен өзүмдү идеалдуулардын катарына кошо албайм.

Арслан Ибрагимов, «Тамашоунун» редактору:
– Мм... Азыр идеалдуу мырза бар бекен? Менимче, жок. Өзүм тууралуу айтсам, кемчиликтерим көп эле. Андыктан идеалдуумун деп айта албайм. Ошол кемчиликтерди жоюунун үстүндөмүн.

 

Азиз Мурадиллаев, актёр:
– Эми төгөрөгү төп келишкен адам жок болсо керек бул дүйнөдө. Өзүмдү идеалдуу эркекмин деп санагандан алысмын. Ар бирибиздин кемчилигибиз бар дегендей. Мен деле кемчиликтерден куру эмесмин.

Сабырбек Жумабеков, профессор:
– Билбейм, кандай адам өзүн идеалдуумун деп айта аларын. Адамдын идеалдуу же идеалдуу эместигин кылган эмгегине, жүрүм-турумуна карап, эл гана баалап, эл гана айта алат. Анткени эл – тараза, эл – сынчы эмеспи.

 

Керим Турапов, КРнын Эл артисти:
– Өзүн-өзү идеалдуумун деп атаган кишини өсүүсү токтоп калган адам деп билем. Алдыда мен жасай турган жакшы иштер бар. Өмүрүм өткөнчө бир нерселерди үйрөнүүгө аракеттенем.

Азамат Болгонбаев, төкмө акын:
– Чыгармачылыгымды туура алып кетип жатам, үй-бүлөмө карамдуумун деп айтканым менен, башка тармактагы нерселер колумдан келе бербейт. Мисалы, машина оңдой албайм дегендей. Ошентсе да үлгүлүү болгонго аракет кылам.

Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:
– Чынында, ар бирибиз идеалдуу болгонго аракет кылабыз. Эң идеалдуу адам катары Мухаммед пайгамбарды (САВ) эсептейм. Албетте, мен да идеалдуу эркек, идеалдуу адам болууга аракет кылып келем.

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(37)
25.02.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен озумдун жолдошума ыраазымын. иштеген иши бар,бизди багат,айткан убадаларын аткарганга аракет кылат,ичпейт,чекпейт.Кудайыма миндеген рахмат, шугурлорду айтам жана айта бермекчимин.кап этпесенер кен далысы мн узун боюн кошо кетейин.
25.02.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактаныптыр деп ойлоп калбагыла мен оюмду жаздым.Ал эми эн идеалдуу адам Пайгамбарыбыз Мухаммед(С.В.С.)талашсыз чындык.
27.02.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
INailia,эн туура мен да кошулам Чубак ажынын айтканына Ааламдын мырзасы жана идеалдуу адамы Пайгамбарыбыз Мухаммад(САВ)кумонсуз



27.02.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
INailia, кошулам Мухаммед пайгамбарыбыз идеалдуу болгон!
25.02.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеалдуу эркек болбосо керек ар бир эркектин славый жагы да бар.Мисалы согунгон адам идеалдуулукка жатпайт.
25.02.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда идеалдуу адам жок екенда
БААРДЫК эркек аттуу согунот
25.02.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sogunbogon erkekter de bar
25.02.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сурамжылоого жооп берген эркектердин баарысынын жообу жакты. Ушундай аракет менен кетишсе кийин бул омурдон кетишкенде идеалдуу деп айтат элек деген урпактарыбыз калышы ыктымал.
25.02.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адам идиалдуу болууга умтулуш керек.Согунгон боюнча деле эмнеге озун озу ондогонго болбосун.Кыргызымдын толгон токой нарктуу создору бар,согунбой суйлогонго толук мумкунчулук бар.Жада калса ачуун чукул келип турса да сабырдуулук кылып, согунуу создорун башка создор менен алмаштырып алса болот.Ал эми согунгун келсе,тилде соок жок,ар бир адам согунгондун турлорун билет.
25.02.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеа́л (лат.тилинин которгондо idealis образ, идея) — жогорку баалуулук,баарынан өзгөчө личностук жөндөмдүүлүктөр; нравалуулуктун жогорку нормасы личностук идеал;социалдык идеал. демек Идеалдуу болуу абдан кыйын!
25.02.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колунарга кузгу алып"Кузгу кузгу,айтчы,ким (сулуу)идеалдуу?"-десенер:-).Анда кузгу:Ой айланайын!Ар бир адам оз-озуно айдай сулуу (идеалдуу)-деп жооп берсе кереек:-)))))
тамаша...
25.02.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми албетте ар бир адамдын эле кемчилдиги болот да.Мен ойлойм эч бир акыл эси ордундагы инсан "Мына мен идеалдуумун,менен улгу алгыла"-дебесе керек
25.02.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен идеалдуумун:-р
26.02.2013. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбардан башка эч ким идеалдуу эмес. Ар бир пенденин кемчилдиги, куноосу бар. Муну педечилик дейт, кыздар болобу балдар болобу идеалдуу адам издебей эле койгула анткени озубуз да идеалдуу эмеспиз.
26.02.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы жолдошумду идеалдуу деп айта албаймын бирок боюу узун болбосо дагы оозунан жаман соз чыкпайт уй буломду багайын деп жан талашып иштейт жакшы созун аябай балдарын багып жатат ушунусуна шугур
26.02.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа бирок аялдарга только коп тапкандарды идеал тутса керек азыркы заманда
28.02.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalpakbai, овада кийем дегенди кийгизсе жейм дегенди жегизсе анан имне сага
26.02.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Идеалдуу мырза жок бул заманда. Бирок эркекти идеалдуу кылууга аракет кылган айымдар коп. Туурабы, кыздар?
26.02.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Датка кыз, эн туура!!!!!!!!
26.02.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Датка кыз, Озун озу мактагандан оло кач деген соз бар беле?:-)))))
28.02.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Датка кыз, кеп эркектер жонундо болуп жатат
26.02.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул темага ылайык бир окуя бар. бир заманда туш тарабы келишкен, идеалдуу деген эркек болуптур. ал уйлоноорго убакыт келгенде, айылындагы кыздарды тенине албай, озуно идеалдуу аялды табуу учун, жер кезип издеп кетет. арадан бир топ жыл отуп, баягы эркек айылына жалгыз кайтып келет. айылдаштары андан сурай башташат, эмне идеалдуу аял тапкан жоксунбу деп. анда аларга мындай деп жооп берген экен. мен идеалдуу адамды таптым, бирок ал идеалдуу адамды издеп кетти деген экен
26.02.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чет олкодо жургондон башкасы деген жакпады; чет
олкодо жургондор аялын багып, мамлекетти да багып жатат.
27.02.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеалдуулукка умтулган адам гана идеалдуу...
27.02.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Динибизге шек келтирген болбоюн бирок силер эмне Мухаммед (САВ) пайгамбардын идеалдуу экенин коруп койдунарбы? Жазылып калган бирок башка эркектер тууралуу бироо ошентип жазган болсо да ишенет беленер? Идеалдуу адам жок и болбойт дагы Адам атанын урпактарынын баарында кемчилик бар(Мухаммед пайгамбарда да), себеби Адам атанын кемчилигинен биз жерге келгенбиз кошуласынарбы?
27.02.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Voin.teni, ойноп суйлосон да ойлоп суйлогонун он!Алланын элчисине шек келтиргенин туура эмес гооо!!!
28.02.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Voin.teni, Пайгамбарыбыз ааламда бироо эле аны аллах бизге улгу болсун деп атайын идеалдуу кылган
ошол себептен идеалдуу дегенге болот
28.02.2013. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba idelduu myrza jokko ese
28.02.2013. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakal murutchan adamdy emnege jek korosunor kyzdar?
28.02.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир окуя бар, падышанын кызы болот экен жигиттер жакпай журуп бир кун атасы чакырып айтат экен "-Кызым бул узун гул бакты кордунбу,ошол бактан озуно бир гул тандап чык бирок отуп кеткен гулго кайра кайрылбайсын дейт экен.Кыз бакка кирип тандап жатып бактын акырына келип калат экен аркага кайтып алайын десе болбойт анан ошол жердеги гулдон айла жок бирди алат экен. Демекчимин идеалдуу адам жок бирок ар кимдин озуно жараша шериги бар
01.03.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй мусулман пайгамбарыбыз бироо эмес кооп эле, Мухаммед пайгамбарлардын акыркысы гана. Анан силер аны идеалдуу деп кудайга тенесенер мен учун ал адам(пайгамбар болсо дагы). Кудайга ишенем жана шек келтирейин деген оюм жок, бирок ал гана идеалдуу дегенинер адамды ашыкча коколотуп ийгенинер деп ойлойм...(сайттан четтетип салбагыла ээ))...)
01.03.2013. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Voin.teni,идеалдуу мырза деп теманы тушунсонуз.Адамзатындагы эркектердин идеалдуусу деп Пайгамбарыбызды айтып жатабыз.Кудай жонундо же Кудайга салыштырган эч ким жок сизден башка.Аллахтын идеалдуулугу жонундо жаза турган болсок ал башка тема.
02.03.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voin.teni. siz muhammed s.a.s.paigambarybyzdyn taryhyn okuwunuz kerer eken. men da idealduu myrza dep aita alam paigambarybyzdy.
02.03.2013. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул мырзаларыбыздын баары орундуу жооп беришиптир.демек куйормандар учун идеалдууле таланттууларго.
02.03.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да кандай болсун ушундай.ар бир экинчи эркек идеалдуу.идеалдуулук баардыгында бар,бирок кобу ойлошот идеалдуу болсом бир жамандык келиши мумкун мага деп.ошондуктан идеалдуу болуштан кээ бирлери коркушат.
12.03.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катын жакшы болсо эле ээри идеалдуу болот 89.9% эгер 10жыл курошсонор идеалдуулукка 99% идеалдуу болот айымдар
13.05.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура, идеалдуу адам жок болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо