АТАМБАЕВ ӨМҮРКУЛОВДУ СЫНГА АЛДЫ

№538 22-28-февраль, 2013-ж

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Иса Өмүркуловду мугалимдердин айлык акысын өз убагында бербегендиги үчүн сынга алды. «Шаардын бардык мугалимдери айлык акысын алгандан кийин гана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана мэриясынын кызматкерлери айлык акысын алышы керек деп эсептейм»,- деп баса белгиленет мамлекет башчысынын тапшырмасында.
Казына берген маалыматка караганда, шаардын мугалимдерине декабрь айынын айлык акысын төлөө үстүбүздөгү жылдын 21-январына чейин созулган. Ал эми Бишкек шаарынын райондук администрациялары, мэрия айлык акыларын өз убагында толук алышкан.
Эске салсак, 2011-жылы мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системи киргизилген. Бирок өлкө башчысы белгилегендей, систем борбор шаарда дээрлик иштебей калган. Ушуга байланыштуу президент Бишкектин мэрине «шаардык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн приоритеттүү багыттарын кечиктирбестен аныктап, ага мугалимдердин айлык акысын өз убагында финансылоо маселеси киргизилсин, мугалимдердин айлык акысын төлөө маселеси жеке көзөмөлүңүзгө алынсын» деген тапшырма берди.  Мэр Иса Өмүркулов март айынан тартып алгач мугалимдер менен саламаттыкты сактоо кызматкерлерине айлык акы берилип, кийин гана чиновниктер өз маянасын алышарын маалымдады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
26.02.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surotun ukmuw jazap koigon go
28.02.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан боюнча мугалимдер айлыкты кийинки айдын он бешине барып алышат, анда баарын бир сынданыз урматтуу президент
28.02.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майда чүйдө нереселеди коюп конкиреттүү иштегилечи.
01.03.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кылган, керек болсо Исаны алып салыш керек, ошол туура болот
01.03.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
президент эки жакка тартпай ачык туура иштеп жатканынын белгиси бул.
03.03.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Иса мырза!!! озунуз эле отставкага беринизчи,кеч болуп кала элегинде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо