Улан Ташкожоев, ырчы:«ӨЗҮБҮЗДҮН ӨРҮКЗАРГА КОНЦЕРТ БЕРЕ ЭЛЕКПИЗ»

№538 22-28-февраль, 2013-ж

«Ыйлай, ыйлай», «Күтөм, күтөм», «Махабат», «Майда, майда», «Мадина» деген ырлары менен Кыргызстанга, өзгөчө түштүккө таанымал болгон «Улан» тобу бүгүн бизде конокто. Элдин калың катмары бул топтун ырларын сүйүп укканы менен, ошол ырларды ырдаган ырчыларды тааныбашы мүмкүн. Анда бул топтун ырчысы Улан Ташкожоев менен таанышып алыңыз.

– Улан мырза, кепти «Улан» тобу туурасында баштасак...
– «Улан» тобу 1998-жылы түзүлгөн. Алгачкы курамы Асылбек Исмаилов, Марип Карабаев жана мен болуп, 3 адамдан турган. Мен эң кенжеси болгондугум үчүн топтун атын менин атымдан аташкан. Чыгармачылыгыбыздын алгачкы кадамынан баштап 2004-жылга чейин үчөөбүз ырдап келгенбиз. Андан кийин курамдагы агаларым башка жолду тандап кетишти. Топто жалгыз калган учурда жеке ырчы катары чыгууну да ойлоп, бирок кайра эле топ боюнча калууну чечкем. Көп жылдар бою жалгыз ырдап келип, жакында эле өзүмө шерик кылып Ош шаарынан Чыңгыз аттуу ырчы жигитти алдым. Азыр эми экөөбүз ырдап жатабыз.

– Экөөңүздөр эки шаарда кантип бирге иштеп жатасыздар?
– Чыңгыз үй-бүлөсү менен Ошто жашайт. Концерт бергенде, ыр жаздырганда Баткенге келет. Жакында эле үйлөнүп, мен эки жашка өкүл ата болуп дайындалдым. Ал эми тойлордо жалгыз эле ырдайм.

– Топтун ырларынын сөздөрүн, обондорун ким жаратат?
– Белгилүү болгон «Күтөм, күтөм», «Махабат», «Майда, майда», «Мадина» деген ырлардын сөзү-обону өзүмө таандык. Ал эми «Ыйлай, ыйлай» ыры легендарлуу «Биз» тобунун жетекчиси Бактияр Токторовго таандык. Негизи, ырлардын баарын эле өзүм жаратам десем жаңылыштык болбосо керек. Бактияр Токторов устатым болгондуктан, анын ырларын да ырдайм.

– Репертуарыңарда канча ыр жана канча клип бар?
– Көп эле ыр бар, алардын арасынан белгилүү болгондору жогорудагылар. Ал эми клиптерибиздин саны азырынча аз, себеби ага каражат көп кетет. Анан да мыкты клип тартуу үчүн мыкты режиссёр керек. Баткенде андай адистер жокко эсе.

– Сизге талант ким тарабынан берилген деп ойлойсуз?
– Ар бир эле адамга талант Жараткан тарабынан берилет. Биздин бүлөдө менден башка чыгармачылыкта жүргөн адам жок. Жакындарым «сага талант чоң апаңдан өтсө керек» деп айтышат.

– А сиздин балдарыңыздан ырга жакыны барбы?
– Бир уул, бир кызым бар. Бактылуу атамын. Уулум 5 жаштан ашты, аябай жакшы ырдайт. Үнү тунук, өзү да ырдоого өтө куштар. Келечекте чыгармачылык жолду тандаса, аябай кубанычта болор элем. Балдарым кайсы кесипти, кайсы жолду тандабасын, аларды дайыма колдоп, тандоосун сыйлайм.

– Көбүнчө кайсы жактарга гастролдорго чыгасыздар?
– Өзүбүздүн эле түштүк жергесине жана Орусияга. Чет жактагы мекендештерибиз бизди колдоп, аябай жакшы тосуп алышат. Жакында эле концерт уюштуруучулар Орусиянын бир шаарына чакырышты. Азыр сен айтканда эстеп көрсөм, Баткен шаарында бир да жолу концерт бере элек экенбиз. Баткендин башка райондорунда эле концерт коюп жүрө бериптирбиз. Жаз айларында концерт берүүнү пландаштыруудабыз.

– Силердин топту ким каржылайт?
– Биздин аксаган жерибиз – каржы маселеси. Демөөрчүлөрүбүз жок болгондуктан, жакшы чыга албай жатабыз. Азыркы учурда көп нерсе келип акчага такалат экен. Кыргызстанда кыдырып концерт берүү да, ыр жаздыруу да каражатты талап кылат. Азырынча өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Бирок биз ишенебиз, келечекте демөөрчү табылып, биз да легендарлуу «Максат-Баткен», «Биз» тобундай кыргыз шоу дүйнөсүндө өз изибизди калтырабыз деп.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(45)
25.02.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик силерге Баткендик жердештер
25.02.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырдаганы жагат ийгилик каалайм
25.02.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлай ыйлай абдан жагат да
02.03.2013. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miraida2012, мага да ушул ыры аябай жагат
26.02.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенеш тобу деле Биз тобу деле Кыргызстандыкко эмне баарыныздар эле жердигине жабышкансыздар кыргызда ушул адат калабы?
26.02.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feroza,
Сизге эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар!
26.02.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, кечирип койгула!
26.02.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEDEROLLA,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
3 күн банга!
26.02.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлай-ыйлай деген ыры 3-4 жыл мурда аявай хит болгон эле биз тарапта.
26.02.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен Улан тобунун ырларын эс тарткандан баштап эле угуп келем анан дагы Орозбек Сапаров Мирланбек Давлатовтордун ырларын. Себеп мен Баткендин Бозадыр Айгул Таш айлында чонойгом ))) аталган ырчылар жашаган жерге жакынбыз))
26.02.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улан ташкожоев деген ырчыны биринчи жолу коруп атам. бул топтун ыйлай ыйлай деген ырын бир жолу уккам.
26.02.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул балдарга бир жакшы Аранжировщик Керек уундору жакшыле акчанын кучу м-н жаркырап жургондого караганда
27.02.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уландын озун ыры жоко эсе бут эле Орозбек сапаровтун ырларын ырдап журот го
27.02.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinar_13G, койсоң өзүнүн еле ырлары го
27.02.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улан ташкожоевдин женелер деген ыры жагат.
27.02.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Улан"тобунун ыйлай-ыйлай ыры жагат да,эн сонун ырдагансынар!Ийгилик сиздерге!
27.02.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Салам. Ырларынын арасында Уланбек Ташкожоев деп айтып койгону болбосо баары жакшы. Эгерде дагы жаны ыр жазсаныздар ырларыныздын ортосунда Уланбек Ташкожоев деп айтпай эле койунуздарчы сураныч.
28.02.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy-bala, эн туура сунуш жыргап угуп жатсан
28.02.2013. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy-bala, мен да ошону айтайын дедим эле.Уланбек Ташкожоев 2010 дей берип тажатат.болбосо ырлары жакшы.
28.02.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy-bala, :-))))))))))))))))))
кошулам
28.02.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлай ыйлай клипи жакпайтта озунчо эле секирип журушоберет. Кичине маанилуу клип тартсанар болмок ошондой ырга.
01.03.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу "Ыйлай Ыйлай " кимдин ыры баары эле ырдай беришет)
01.03.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койсонор ее туугандар буроону мазакташка эле койсо ушу бизди
01.03.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койсонор ее туугандар буроону мазакташка эле койсо ушу бизди
02.03.2013. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аззаматсынар!радиосуз,телевизорго чыкпай эле жылдыз булар! ырын ушунчалык суйом!!кутом деген ыры олло жагат Таластан салам Баткен Уланга..ммммааах красавчииик.
02.03.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mambo87kg боорду эздинерго.энкейтип туруп минип алып...Чынеле кызыккен...
02.03.2013. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Anda "enkeiyp" turup salam aityp koelu. Azamatsynar! Birok ozunor da yr jazgyla4y!
02.03.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар чыгармачылык ийгилик!!!
02.03.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улан тобунун клипптери барбы сиздерде супер инфо
03.03.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тууура,,ыйлай ыйлаааййййй калгам мендагы.....эх унунон гоооо...ушул бала ырдайт турбайбы...шоколад парен десе...сасыгым го менин...чмоки...
03.03.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо, Мирлан Абдуллаев, Самандар жонундо жазгылачы чоон сураныч!
03.03.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырчылардын ырдап жатканда Улан тобу деп кайра кайра кыйкыра бергенинер вообще жакпайтдаа.....
03.03.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Attokurov, Озу "Ыйлай Ыйлай " кимдин ырыбаары эле ырдай беришет)
Biz tobu Toktorovduku dep jatpaiby Ulan ozu ele.
04.03.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mambo87kg,
Биничиден, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!

Экинчиден, жеке маек үчүн купуя бар!
3 күн банга!
04.03.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoro21,
Жеке маек үчүн купуя бар деп эскертүү берилген!
3 күн банга!
08.05.2021. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улан Ташкожоев негизи таланттуу жигит өзгөчө ничке үнү бар бирок бул тойский ырлар менен жүрө берип көтөрүлө албай атат. Аранжировкасы да начар дешовый пср 510 менен эле ойной берет. Улан досум сен борборго келип күчтүү аранжировшиктер менен иштешип көрсөң, келечегиң бар жигитсиң ырларыңа бир аз заманбап аранжировка жетишпейт . Андай дейин десең өзүң мыкты ойнойсун клавишада [moderated]дан пср 510 деген каналындан дайыма көрүп келем Кыргызстандын желегин коюп аласың аның мыкты патриот
Изд
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо