Дария Санташева: «БАР ЖИГИТИМДИ ЖОК ДЕП ТАНБАЙМ»

№539 1-7-март, 2013-ж

Бала кезинде мээрман айым болуп адамдарга жардам берүүнү эңсеген ою орундалбаптыр. Анын тилегин тагдыр башкача нукта ишке ашырып, телерадио айдыңына алып келген. Бүгүнкү кеп төрүбүздүн коногу – Дария Санташева.

Туулган жылы – 1992-жыл, 4-ноябрь
Бою – 160 см
Салмагы – 50 кг
Учурда – КУУнун журналистика факультетинин 4-курсунун студенти
Мүнөзү – өжөр, айтканынан кайтпайт
Өзүндөгү баалаган сапаты – боорукерлик

– Дария, кепти сенин кандайча радио дүйнөсүнө аралашып калганыңдан баштасак...
– Бул жаатта эмгектенип калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кичинекей кезимде үйдөгүлөр «чоңойгондо ким болосуң?» дешсе, «врач болуп элди оорудан айыктырам» дечүмүн. Чоңойгуча эле ушул ой менен жашадым. Анан 1-курста окуп жүргөндө апам «радиодо ди-джейлерге кастинг болуп жатыптыр, барып көрбөйсүңбү» деп калды. Кастингге келген күн азыр да эсимде. Кишинин көптүгүн көрүп, «кандай жерге туш келип калдым, бул мага керекпи, жокпу?» деп эки анжы ойго кептелгем. Бирок 150 талапкердин ичинен жетекчилик мени тандап алган.

– Сени телеалпаруучу катары да көрүп калдык. Кайсы тармак сага жакын?
– Радио – менин эң башкы жумушум. 2010-жылдын ноябрь айынан тарта "Кыргызстан Обондорунда" эмгектенип келем. Бул жай мага өзгөчө жакын. Анткени бул жерден нанымды таап жейм. Бирге иштешкендердин баарын бир тууганымдай көрөм. Өзүмдү эркин алып жүрө алам. Ал эми телеге чыкканыма 4 ай гана болду. Ошондуктанбы, өзүмдү ыңгайсыз сезип, кысыла берем. Балким, убакыттын өтүшү менен бул адатым калат чыгар.

– Алгачкы эфириң, дегеле андагы кызыктуу жагдайлардан эске салсаң...
– Эсимде, алгачкы жумуш күндөрүмдүн бири болчу. Менден мурун Нурзада Жолдошованын эфири болгон. Билбейм, микрофонду ал өчүрбөй кеткенби же мен күйгүзүп алганмынбы, айтор, түз эфирде жаңырып жаткан ырдын үстүнөн 12 мүнөт сүйлөгөм. Жаңылык окуп, ырдап, күлүп, айтор, өзүмчө эле жыргай бериптирмин. Жетекчилик муну байкап, мага эскертүү берген.

– Ди-джейлердин көпчүлүгү ырдап жүрүшөт. Сенде мындай ой жокпу?
– Мындан жарым жыл мурун ырчы болуп кетсемби деп ойлогом мен дагы. Бирок "Радио-той" долбоорунда Ильяз Абдыразаков менен дуэт ырдап чыкканда ыр жаздыруунун, ырдоонун түйшүгүн жон терим менен сездим. Ырчы болуш үчүн талант, анан дагы талыкпаган эмгек кылыш керек экенин түшүндүм.

– Устаттарым деп кимдерди айта аласың?
– Кесиптештеримдин бардыгын айтар элем. Анткени аларга атаандашып, мен дагы устаттарымдын деңгээлине жетишим, жакшы жактарын алышым керек деп тынбай аракет кылып жүрүп азыркы ийгиликтерди багынттым.

– Элге тааныла баштагандан тарта жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?
– Мурун мени жакындарымдан башка эч ким таанычу эмес. Азыр элдин көзүндө, сынында болгондуктан, жакшы сөздөр менен катар «Дария бой көтөрүп, кыйын болуп кетти», «бул кыздын обу жок» деген кептер айтыла баштаганына күбө болуп жатам. Бой көтөрөт дегендерге кошулбайм. Эми жумушка байланыштуу бирде убактым бар, бирде жок дегендей. Кээде бирөө бир нерсе суранып калса баш тартып коюшум мүмкүн. Ал эми обу жок экенимди танбайм. Анткени үйдүн эрке кызымын. Чектен ашпайм, бирок каалаганымды жасайм.

– Журналистикада канча убакыт кармалам деп ойлойсуң?
– Кээде жумуштан ар кандай пикир келишпестиктер болуп кеткенде же болбосо аябай кыйналганда өзүмчө ойлоном. «Эмнеге толгон кесиптен ушуга токтолдум экен, ызы-чуу, интрига... Андан көрө банк кызматкери болуп жумушумду так аткарып отурганым жакшы эмес беле?» деп кейип калам. Бирок баары бир жан дүйнөмдө журналистика өзүнө тартып турат. Билбейм эми, келечекте жеке бизнес ачып, ишкер айым болгум келет. Бул оюм ишке ашканча радио менен телевидениенин казанында кайнай берет окшойм.

– Балалыкка көз чаптырсаң...
– Нарында төрөлүп, Көлдө окудум. "Кичинекейиңде аябай ыйлаак болчусуң" дешет үйдөгүлөр. Баланын алгач маңдайкы тиштери жарылат эмеспи, меники элден айырмаланып, азууларым чыгыптыр. Жиним келсе эле эжемди тиштеп алчу экенмин. Мындан улам таятам мага «карышкыр кыз» деген ат коюп алган. Азыркыга чейин мени ушинтип чакырат.

– «Камырды тегиз жайган кыздын келечекте жолдошу да тың болот» деп коюшат. Ди-джей кыз ашканада кандай болду экен?
– Мындай ырымдарга абдан ишенем. Тың эле болот окшойт анда. Анткени камырды жакшы жаям. Тамактын баарын катыра жасабасам да, жакындарым дымдамамды мактап жешет.

– Эми жеке жашооң тууралуу сөз кылбасак болбос...
– Башкалардай болуп бар жигитимди жок деп тана албайм. Мени ар тараптан колдогон жүрөгүмдүн ээси бар.

– Маегиңе рахмат.

Асел Асанова
star@super.kg


Обу жок экенинен танбаган Дария Санташева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(61)
SUPER.KG видео
04.03.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасалма сүйлө деп үйрөтүшөбү? Жасалмалуулугу өтө эле көзгө түшүп туруп алды. Өзү татынакай кыз экен, ийгилик!
04.03.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай кыргыз кызы! Чачы да сары эмес))))
SUPER.KG видео
04.03.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негедир жасалма суйлогондой сезилип туруп алды да,Нурзада Жолдошева да башында атайын жазап суйлогонун мойнуна албай журуп,акыры озу айтты эле...Эми Дарья да ошентип суйлоп атат ээ?
04.03.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камырды мен общим нормально жая албайм, бирок, куйоом тын эле.. Демек, калп! Мен ырым жырымга ишенбейм!
SUPER.KG видео
04.03.2013. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кабарчы кыз Сиз менен кандай байланышсак болот?я
04.03.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasivaya
04.03.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хехе мен камыр жайсам гулдоп кетет чекелери негедир, бирок жигитим тын еле!
04.03.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калемин дагыда курчуй берсин чыгармачылыгына ийгилик ен башкысы обондорунда талыкпай иштей бер корбосокда унунду угуп журо берейли дуйнодо сени суйгон бир жигит бар
05.03.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дария, унун укмуш сенин, уккан сайын уккум келет. Бактылуу бол садага
SUPER.KG видео
05.03.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коздору сулуу экен.
05.03.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм жакшы экен,
SUPER.KG видео
06.03.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Обондорундагы" ди-дижейлерден Назира Кадыевадан башка баары бир. Баарын бирдей жасалма, айрымдары маанисиз сүйлөп орду жок күлө беришет. Кимдин-ким экенин ажырата албайсың. Дария да өтө эле жасалма сүйлөйт экен. Ыыы, бесит голос!!!
SUPER.KG видео
06.03.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эчкандай сулуу да эмес уну да жок бут жасалма кочо шыпыра турган кыз экен
07.03.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу кыз экен, эфирди дагы жакшы эле алып барат мурдагы калжактаган анча-мынчаларга салыштырмалуу )))).Ийгиликтер болсун.
07.03.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай кыз экен.Бактылуу бол.
07.03.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунчоле эркелеп суйлогон ди-джей окшойт. телеге бир чыгып алыпле обу жокмун ооба деп калыптыр. Узакка барбайт го бу кебетеси менен. балким бараттыр ким билет "жигитинин" жардамы менен
SUPER.KG видео
07.03.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дария чокуна бир коем жолуксам..эфтрге аран чыксам байланыш узулуп калды деп койгонсун ктр сендейлерди кантип иштетип журот билбейм
07.03.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эфирде Кыргызстан обондорунун "обонуна" салып суйлойт. Жасалма суйлоп жатканы билинип калат. А он-келбети,
алып барганы жакшы.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыздын унун уксам эле кыжырым келе берет негедир, баары жасалма...Озундун ким экенинди билип журчу.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыны жакшы,жаманды жаман деш керек.Чындыгын айтканда ушул радионун жеткечиси касыл жакты карап журот билбейм.Жазып алганын да тынгылыктуу окуй албайт, элге сын такканды жакшы корот, шылдындайт анан калса.КТРден корсон кыжырым эле келе берет.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эфир-бул баары карап.угуп турган жер болгондуктан,маданияттуу,жанылбай,жасап суйлой турган жер. Жасалмалуулук керек. Бул кыз ишин жаныдан баштап жаткандыктан,адашып калгандан корокчо,даяр нерсени окуп бергени туура эле.Дария!"-"комментарийлерге конул бурба. АЛГА!Ийгилик каалаймын!
SUPER.KG видео
09.03.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар качанкыга чейин бири бирибизди чукулаганды токтотобузб андан коро кемчилиг айталы, эл тараза эл сынчы деген бар... ишине ийгилик кыз кылыгы менен деген соз бар бирок сеники аябай коп экен кылыгын... жазадма эмес жонокой болсон копторго жагасын...
SUPER.KG видео
09.03.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин досум бар аты шаймерден... кааласан тааныштырам... соооонун парочка болуп каласынар... кандай дейсинер анын ак боз аты жок... ак лексусу бар...
SUPER.KG видео
22.03.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кагаздан окуп атканын каерден кордунор, туугандар?? Алдында данкайган микрофон турат го, эчкандай кагаз эмес эле! А кагаздан болсо Дария тизмедеги ырчыны коруп атат.
28.03.2013. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тыпыйган тын кыз экен
SUPER.KG видео
29.03.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коройун деген козум жок
SUPER.KG видео
23.04.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam,
Gajynarga koiso, kozum gumup alyp da suiloit turbajby deisnerbi,Mektepte dele Mugalimder Kitepti karap anan sabak otkonun korgon emes belener?albette gazyp plan tuzup anan kyzmat kylat da. kyzyk .
Kyrgyzymdyn en tatynakai,suluu kyzdarynyn biri eken,20 Gawynda typyldap oz ordun taap,iwtep gatkanyna RESPEKT.Uni en sonun eken.
Ijgilik...
SUPER.KG видео
19.06.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун кыйын сезгендей сезилди мага озунду кыйын сезсен копко узабайсын андан коро жонокой болсон баардыгын женесин
SUPER.KG видео
19.06.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жасалма эмес жапжакшына экен
SUPER.KG видео
03.10.2013. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albette jonokoi kyz eken, agentten suilowchumuun. Kyrgyzstan obondorunda iwtei dese iwenbegem. Birok Chyngyz myrzaev owol syiaktuu adamdar tuwkon surottoru bar ele. Azyr bul jaktan interviyusun korup. Iwenip jatam. Azamatsyn Dariya iwine iygilik. Unun da ayabai soonun eken. Agentke kirbei koidungooo.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо