Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЕПУТАТТЫН АЯЛЫНЫН АРМАНЫ

№539 1-7-март, 2013-ж

Бүгүнкү каарманымды бир кечеден кезиктиргем. Таптатынакай, кийингени тыкан, көздөрү карагаттай. Бирок ошол карагат каректерде кандайдыр бир муң катылгандай сезилген мага.
Ээгин таянып эки жакты карап отурган эжеге чай сундум.
– Чай ичиңиз!
– Рахмат, мен шире эле ичейинчи...
Ойлонуп отурганда оюн бузуп жибердим окшойт деп кыжалат болуп калдым. Тиги эже кабагын ачты. Кеченин күнөөкөрлөрүнүн атын айтып «тууганы болосуңарбы?» деди. «Ооба» дедим баш ийкей.
– Карачы, ак көйнөк айымдарга кандай сонун жарашат, ээ? Баары эле биз ойлогондой болсо кана? Эмне жумушта иштейсиң?
– Журналист. Сизчи?
– Мен депутаттын аялы болуп иштейм,- деп жылмайды. Айымдар ушундай болот окшойбуз, кээде тааныбаган адамга эле жүрөк сырыбызды айтып алган. Анын сыңарындай, бул эже да «журналист болсоң жазчы менин жашоомду» деп агынан жарылды. Каарманыма сөз бергем, күйөөсүнүн атын атабайм, кайсы кеңештин өкүлү экенин да айтпайм деп...
– Депутаттын аялы болуп иштейм десем күлдүң. Чын, мен өзүмдү ушинтип атап алганыма үч жыл болду. Анын кирин жууп, тамагын бышырып, кечке үйдү кайтарып, кээде аны колтуктап кечеге барып көргөзмөдөй болгон айымды ушинтип атайбы? Ата-энем, агам, сиңдим болуп көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турчубуз. Агам аскерден келип, мен жогорку окуу жайга өттүм. Атам дарыгер, апам техникумда сабак берчү. Сиңдим мектеп окуучусу. Окуу жай үйгө алыс болгондуктан, студенттердин жатаканасында жашачумун.
Бир күнү түнү менен кыйналып, бир кызыктай түш көрүп чыктым. Таң заардан туруп эле үйгө телефон чалдым. Эч ким жооп бербеди. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип үйдү көздөй жөнөдүм. Үчүнчү кабатта жашачубуз, коңгуроону бассам, эч ким чыкпаганынан ачкычты салдым. Эшик ачылбайт. Катуу-катуу бурап жатып ачканымда босогодо жаткан сиңдимди көргөнүмдү бир билем, калганы эсимде жок. Ошол күн өмүрүмдөгү эң каргашалуу күн болуп калды. «Тез жардамда» өзүмө келдим, атамдын кесиптештери мени айланчыктап эле сөз айталбай жүрүшөт. Көрсө, ата-энем, бир туугандарым газга ууланып, өмүр менен кош айтышып кете беришиптир. Куткаруу кызматындагылар «газды тамызайын дегенде газ жок болгон. Ошол боюнча кайра өчүрдүм кыязда эч ким өчүргөн эмес, түн бир убакта газ берилип, баары кызуу уйкуда болгондуктан, иске ууланып калышкан» дешти. Туугандарым сиңдимди айтып, «ошол кыз ойгонуп кетип эшик ачканга үлгүрбөй каза тапкан» дегенде ого бетер өксүдүм... Ошентип, чоң атамдын колунда калдым. "Баламдан калган жалгыз туяк" деп зарлап жүрүп окутту, бапестеди чоң энем экөө...
Окууну бүтөр жылы дипломдук иш жазып, китепканага байма-бай каттачумун. Бир күнү юридикалык бөлүмдө китеп издеп жүрүп, аны менен таанышып калгам. Кичи пейилдигине ичим жылыган ошондо. Дипломдук ишимди жазып бүткүчө ал да тынымсыз китепканага каттап жүрдү. Мен тууралуу баарын иликтеп-изилдеп коюптур, туулган күнүмдө күтүүсүз келген белекти көргөндө билдим. «Гүлүм, туулган күнүң менен. Күнүм, көп жаша!» деген катты көргөндө жүрөгүмдө ага болгон сезим ойгонду. Чоң атам айтчу, «түнөрбөй, дайым жаркылдап жүргүн, жарыгым» деп. Көкүрөктө канчалык муңум бар болбосун, жылмайып жүргөнгө аракет кылар элем.
Жараткандан суранганым – чоң атам менен чоң энемдин тирүүсүндө бүлө күтүп, бактылуу жар болсом экен дечүмүн. Ал тилегимди Тимур орундатты. «Сөз берем, кызыңарды кор кылбайм» деп колумду сурап, турмуш жолуна аттанганбыз. Алгач көзүмдү карап, ата-энесинин ачуу сөзүнөн коргоп, мен үчүн күйпөлөктөп күйчү. Балалуу болдук, анда сүйүнгөнүн айтпагыла. «Мен балалуу болдум» деп жер-сууга жар сала кубанган. Ушинтип турса кайсы аял бактылуу болуп, жүрөгү жылыбасын.
Убакыт учту. Тимур жумушунан көтөрүлүп отуруп акыры депутаттыкка талапкерлигин койду. Сөзүн таап сүйлөйт, сөзгө чечен. «Биздин бала, өзүбүздөн чыккан жаштарды шайлабаганда кимди шайламак элек?..» деп эли колдоп берди, эл өкүлү болду. Алгачкы эки жылды түшүнөм, түнбү-күнбү баш көтөрбөй иштеп эле отурчу. Андан кийинки жылы ал өзгөрдү. Мурдагыдай маңдайдан сылаган Тимур жок, балдарын да бакчага алып барбайт. «Бекерчиликтен бала караганды эптей албайсың» деп урушат. Удаасынан төрөгөндүктөн, университетте да иштебей үйдө отургам. Үн катпайм, урушпайм дагы...
Акыркы күндөрү ачуулуу болуп алды. Бир нерсе жакпай калса, баштайт урушту. Алгач мен жардам берип, кийинчерээк өзү иштин көзүн таап, каражат топтоп алган. Эч нерседен кем-карчыбыз жок, бизнеси деле жүрүшүп жатат, баары жайында. Бир күнү «Тимур, башкада көңүлүң барбы?» дедим. «Сен менден шекшийсиң, андай болсо сен иште, мен отурайын үйдө» деп чыкты. Ошондон кийин сурабас болгом, үйгө келет, тамак ичет, кабинетине кирет да, чыкпайт. Кээде минтип кечелерге барабыз. «Ушул кантип жашоо болсун?!» дедим бир күнү ыйлап. «Сага жыргал жашоо жакпаса, бошот үйдү» деп жумушуна кетип калды. Андан кийин өзүнө такыр байланыша албай, жардамчысына чалып «биз кеттик, үйдү бошоттук» деп айттым. Ал түшүнбөйт, «жеңе, каякка барасыздар, үй-бүлөдө мындай маселе болуп турат» деп. Анын акылына деле көнбөдүм, кетип калдым. Чоң атама "айылчылап келдик" дегем. Бала деген бала экен да, «папам мамамды урат» деп айтып салды. Колу көп жолу тийди, мен деле адаммын, алгач сөз кайтарчумун, кийинчерээк балдар көрбөсүн деп башка бөлмөгө кирип алып боздоор элем.
Бир жума өттү, келбеди, эки жума өттү, келбеди, үчүнчү аптада балдарыбыз деле күтпөй калды. Үйдөгү жеңеме деле жүк болдук окшойт деп тартынам. Атамдын иниси шаардагы батиринин ачкычын берди, «карындашым, бала багуучу таап, өзүң жумушка чык, Тимурду күтүп отура берсең болбойт. Ал эми депутат да. Чоң сүйлөп калыптыр» деди. Ошентип, агамдын батирине келип жашап калдык. Агамдын кызына балдарды каратып, өзүм жумушка чыктым. 3 ай өттү, атабыздан кабар жок. Балдар сагынганда «качан келет?» деп ыйлашат.
Сиңдим гезит окуп отурган, бир убакта балам «мына папам» деп гезитти жата калып өпкүлөп кирди. Көрсө, күйөөм гезитке интервью бериптир. Кабарчынын «ала жипти аттадыңыз беле?» деген суроосуна каткырып, «эмне десем» деп түйшөлүп, анан «жок» дептир. Андан да күлкүнү келтиргени «үй-бүлөдө кандай жолдошсуз?» деген суроого жооп бергени болду. «Биздин үй-бүлө ынтымакта. Ар айда келинчегим экөөбүз киного барабыз. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпайт, мен ага жол бербейм. Аялдын алсыздыгынан пайдаланып уруп-сабаган эркекти жинимден жек көрөм. Үй-бүлөдө гендердик укук деген болуш керек...» «Жалганчы» дедим жиним келип, телефонго кантип колум жеткенин билбейм.
– Алло, Тимур...
– Мен бош эмесмин, жыйындамын,- деп коюп салды. Кайра чалдым.
– Дем алыш күнү кайдагы жыйын сага?
– Көп жиниме тийбе, балдарды алып үйгө келип кал, болбосо кийинки интервью мындан жаман болот,- деди кыйкырып. Ошентип, арадан бир жума өткөн соң издеп таап келди. Мас экен, анчалык деле көп иччү эмес. Балдарын кучактаса алар ыйлашат.
– Силерсиз жашоо кызыксыз экен, мен жаңылдым, мен көптүм, мен сөзүмө турбадым...
Улам кечирим сурап отуруп үйгө алып кетти. Мурдагыдан бир аз өзгөргөн өңдүү. Балдарын бакчага жеткирип, «кийим сатып ал» деп акча таштап кетти мага. Көңүлүм эми жайына түшүп калганда кайрадан кагынып-силкинип баштады. Мен аны түшүнөм, жумушун да түшүнөм, бирок сүйүп алган соң кол тийгизбей, жаман сөз айтып көңүл калтырбай жашаса не?! Ар бир ийгиликке жеткен эркектин аркасында күчтүү аял турат дейт. Ошол чын, баш кошкон мезгилден баштап аны менен тең тайлаша иштеп, ач калып, ток калып, ысык-суукту бирге татып, акылдаш, санаалаш болгон аялды аяп койсо эле мен ага рахмат айтмакмын. Азыр минтип той-кечелерге барганда «баланча деген депутаттын аялы» деп тааныштырышат. Андайга көнүп бүткөм, жылмайып, колтуктап отурам. Бир күн болбосо бир күн мени түшүнөт деп ишенем...

Жаңыл Калыкова
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(34)
04.03.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабырдуу жана кечиримдуу сапаттар чанда аял затында кездешет, ийгилик сизге, бактылуу болунуз!
04.03.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эркектин колуна бийлик, байлык келсе козуна эч нерсе корунбой чылк кобот, аялынын кылган иши эмес балдарынын таттуу тили, наристе жыты да токтото албайт, бирок бир куну убагы келип тушунот эгер кичине болсо да эркектик сапаты болсо, бирок анда кеч болуп калат, баштагыдай аялынын жылуу мамилеси, ишеничи, суйуусу, балдарынын атага болгон бийик сезими жоголот. Эркектер мен эркекмин деп эле каалаганынарды кыла бербестен, журсонор да уй-булоонорго залакасын тийгизбей, жашырып жаап коргозбой журсонор
02.04.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunaitan, Erkekter dep baardygyn aitpanyz, ozunuzdun atanyz, baike, inilerinizder bar bolso kerek. Ui-bulosun jakwy karagandar dagy bar.
04.03.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Ахх эжешка аял амалкой болушу керек,эркек табиятынан ушундай болот...Эч нерседен кем кылбай багып жатканда балдарыныздын ыйманын тилеп балпайып отура бербейсизби!Уй булосун эч нерсе менен камсыз кыла албай,ичип,чеккен эркектерди коро элексиз го...5-6 ж чыданыз карылык келатат,доолотунузду кутуп алыныз,суйууну эмес.Балдарыныз аман болсун,катуу тийсе кечирим сурайм.
04.03.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сизден да кемчилик бар. Озунуз айтканыздай, айлар жылдар ото берета унчукпай журсонуз. Сизге айтарым депутат болсо жумушуна карап мамиле кылыныз. Куйонузго жагынуу жолдорун изилдениз. Дайым аракете болунуз. Качан мага жалынып келет дегенден пайда чыкпайт. Озунуз аракет кылбасаныз сизге эч ким жардамга келбейт. Оз жашоонуздуу жакшартам десениз ал оз колунда турат!
04.03.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Beka90,ооба мен да кошулам,эркектер стрееске тушсо ачуулуу болуп калышат,ал деле жылуу созго зар болот.Айлыдагы куйоосу бага албай ичип,балдарын эптеп окутуп кийиммге да жетпей жашаган аялдар менен байланышып алардын жашоосун коруп келгенде куйоонуздун таманын ооп,Кудайга шугур дейсиз,мениме эгоистиреек окшойсуз.
07.03.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
istina, Beka90 Cаламатсынарбы? Силерге айтарым "Чужая семья-темный лес"- деп коет эмеспи, анын сынарындай силер аларга кескин турдо андай кыл, же мындай кыл деп кенеш да, сын да айта албайсынар! А жанагы же озун, же уй-булоосун эптей албай ичип жургон акмактар "Эркек"- деген статуска татыктуу эмес деп ойлойм. Жана ошондой эле кагуу-силкуусу аз келгенсип, сабоосун да жеп келген аялзаты, жана ошондой эле энени ошол копкон куйоонун таманын обуш керекпи?!
04.03.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээхх..жашоонун жазылбаган жаза, закондору го бул деле...
04.03.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырдын оюуну да . . . ,
04.03.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Депутаттын аялы эмес жонокой эркектин аялы болуу абдан кыйын.Ал эми бир мекемени башкарган эркек бир уй-булоосун жондоп башкара албайт.Кыскасы аялынын баркын билген эркектер аз
05.03.2013. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Блиин кантип ушул 5-6 жылдайын каарыйсын доолотуну тосуп ал деп жазганга колунар барат аял киши адам эмесби аял деген назик жан алда татыктуу эркелегенге жолдошуна назданганга куклага окшоп той кечелерде коштоп анан уйго барганда токмок жебей ошол аялдын ордуна апанарды карындашынарды коюп коргулочу.
05.03.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх аялзаты баарына чыдамдуу асыл жансын.Дуйнонун тынчтыгын сен сактап турасын аялзат.Аман бол аялзаты
05.03.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эстей албай атам. бирок бир депутат точно ушинтип интервью берген ким эле????
05.03.2013. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Семиздикти кой которот деп бекер айтылбаган болсо керек. Мин стеске кабылганда да балдарынын энесине кол которгон эркек эркек эмэс. Уй було кичинекей мамлекет ошол бир кичинекей мамлекетке тынчтык,бакыт бере албаган депутат ыйык ата мекенибизге не жасап бермек элэ.
05.03.2013. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чогуу жашабасак биз алардын жашоосун кайдан билебиз ар нерсени айткандан Пайда жок. Кенешим уй булоо, балдарыныз учун баарына чыдашыныз керек. Бул кундор да отот кетет, ар кандай амал колдонунуз.
05.03.2013. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдын оозунан тушкон депутат болсо да кол которбош керек аял затына. Счастье не в деньгах.
05.03.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chicagogirl, Туура айтасын.Мындан коро карапайым уй булодо жарты нанды тен болуп жеп, ынтымакта жашаганга не жетсин.
05.03.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
as22,чын соз кошулам.аялга да конул болуш керек,бай болбосо да ынтымакта жашап аялын сыйлап турган жакшы да.
05.03.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ех жашоо??? Бир нерсе деш кыйын,оз башына тушкондо анан билесин. Менин деле жолдошум интерн.н бироолорго суйуу арнап журот,аны окугандан бери ичимен орттонуп баратам,билбейм емне кылышты???суйбойбу десем ...мамилеси,создору суйг.о еле окшойт.
05.03.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seni kyzgansyn dep atat
05.03.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
депутат емес азыр жонокой еркек кообуроок акча алса тусу озгоруп калат тугу бардан тунул деп илгеркилер бекер айтпаса керек
06.03.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да окудум эле бир депуттаттын интервьюсун..эстей албай жатам
06.03.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ата эне бир тууганын эрте жтготкону жаман болуптур,калганы баары жакшы коп наалыбай жашай бербейби элдин баары эле мындан да оор турмушта жашап келе жатат
06.03.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кем дуйно деген ушу да. Телегейи тегиз пенде жок болсо керек. Балдарыныз учун баарына чыдашыныз керек. Балдарынызга Аллах акыл берип журогуно ыйман салсын.
06.03.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйоонузду озгорто албайсыз.Унчукпай ушул жашоонузга шугур дениз.Азыр депутат эмес колуна кичине акча кармаган эркектер уй булосун таштап,жаш кыздарга кетип калышат.аларга караганда сизди балдарынызды багып жатпайбы?
07.03.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйонуздун онолушу бир АЛЛАХтын колунда намаз окуп тообо клтириниз,кечирим сураныз мамкун АЛЛАХым куйонузго хидоят береттир иншаллах
09.03.2013. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
duinodogu ayalzattary aman boluwsun!!!
09.03.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдап жашаш керекбалдарыныз учун дагы куйоонуз каттык копкон турбайбы
16.03.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыныз учун жашаганыныз онго, турмушта баары болот эмеспи.
25.03.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Богатые тоже плачут…
26.03.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jamalym, сайт кыргыз тилинде болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
08.04.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, жакшы экен))
10.06.2013. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр социалдык тармак дегендер кобоюп, депутаттарыбыз интернеттин башынан чыгышпай калган. Бир эки кыз суротторун коюп мактап жазып койсо эле уй булосун унутуп калышат. Бийлик менен байлык убактылуу нерсе.
22.10.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай куйоодон кудай сактасын менин болочоктогу куйом мени эркелетип суйуп турса эле мен баарына ыраазы болмокмун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо