Өсөр Эшматов, ырчы: «ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ МЕНЕН ООРУДУМ, БИРОК ЖАКПАДЫ»

№539 1-7-март, 2013-ж

«Жүрөгүм белек кылып сунсам дейм» деген ыры менен белгилүү болгон ырчы Өсөр Эшматов жүрөгүн сунуп бүткөнбү, эми «...кучактадым, мен сен жакка ыктадым» деп сыздап калыптыр. Бир бар болуп, кайра көрүнбөй кетип жаткан Өсөрдүн чыгармачылыгынан кабар алдык.

– Өсөр, кандайсың? Көптөн бери көрүнбөй кеттиң. Кайда, эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Рахмат, жакшы. 2009-жылы Москвадагы мекендештерибизге концерт коюп келебиз деп бир топ чыгармачыл адамдар менен барган элек. Ошол жакта бир кафеден сунуш түшүп, иштеп калгам. Ал жакта иштеп келгеним менин чыгармачылыгыма, жашоого болгон көз карашыма бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди.

Сен ырдаган ырларга айтылган сындарды кандай кабыл аласың?
«Мен сени сүйүп калдым, көргөн жерден күйүп калдым» деген жеңил ырлардан алысмын. Анчалык деле сын уга элекмин, балким, менде деле ошондой ырлар бардыр. Ыр жаратууда чоң акындар менен иштешкенге аракет кылам. «Бир сулууга» деген ырымдын сөзүн белгилүү акын Бактыгүл Чотурова жазып берген. «Кыздар, ай», «Жийде гүлү» деген ырларым жаш акын Аскат Турдашовго таандык. Буюрса, алдыда комуздун коштоосунда кыргыз жыттанган ырларды ырдап чыгам.

– Башка пландарың менен да бөлүшсөң...
– Кароо-сынактарга, фестивалдарга катышсамбы деген аруу тилектерим бар. Айтмакчы, Республикалык «Центральный Азиатский Альянс» жаштар сынагынан 1-даражадагы диплом алдым. Буюрса, эл аралык сынактарга катышам деген ниетте жүрөм. Акыркы кездерде ырчылар киного тартылып, таланттарын сынап көрүп жатышпайбы. Менде да ушундай ойлор жок эмес.

– Биз билген Өсөрдүн балалыгы кандай өттү?
– Ата-энемден эрте ажыраган үчүн бала кезимде өксүгөн күнүм көп болду. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын онунчусумун, бир тууган агаларымдын колунда чоңойдум. Эч нерседен кем кылбай багышса да, атам менен апамдын жоктугу билинчү.
Музыка сабагын жакшы көрчүмүн. Турмуш шартка байланыштуу мектепте 7-класска чейин эле окудум. Эки жыл бош жүрүп, 9-класстын базасы менен ОшМУнун искусство факультетинин музыкалык бөлүмүнө сырттан окууга тапшыргам.

– «Жылдыз оорусу» менен сен да оорудуң беле?
– Ооба, мен да ал «ооруга» чалдыккам. Жаңыдан чыгып келе жатканда эки-үч ырым абдан хит болчу. Эл оозунан «Өсөр, Өсөр» деп атым түшпөй калганда өзүмдү башкача сезип, асманда учуп калгам. Убакыт өткөндө баарын түшүнөт экенсиң. Бул «оору» мага жакпады. Сени эл сыйлап тургандан кийин угармандарың менен бирге болууга аракет кылууң керек экен. Бул «оорудан» айыгууга өзүм аракет кылдым.

– «Өсөр, Өсөр» деп сени жылдыз кылган кыздар көп эле болгондур. Кармап калганың барбы?
– Жок, негизи, бир кыздын образын түзүп аласың да, ошону издей бересиң го. Мен да мени багып чоңойткон инсандарды сыйлаган, адамгерчиликтүү, түшүнүгү кенен, ыймандуу, бою узун, көзү бакырайган кыздын образын элестетип алып, ошону издеп жүргөн убагым. Бирок таба элекмин.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(14)
04.03.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
molodec,yrlaryn jagat!
04.03.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өсөр Эшматовдун ырларын төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип уга аласыздар.
http://www.super.kg/media/?search_term=Өсөр+Эшматов&search_author=0&media_search=1&x=3&y=1
04.03.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur_meerim,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынат!
04.03.2013. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Osordyn Ata- ene degen klipin kaidan tapsam bolot aitkylachy kim bilet?
04.03.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец иним онорун оркундой берсин биз сен менен сыймыктанабыз!!!
04.03.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантына таазим тилеген максатына жет сенден дагы кооп ырларды кутобуз бар бол бай бол
05.03.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iigilik unyu bir kyzyktai bir ukkanga jarait.
05.03.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бабочканан ииий
06.03.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сенин бир эле ырынды уккам!ушуну менен ооруп калсан анда мирбектей болгонунда кандай болуп калат элен деймин да!
06.03.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
унунуз укулукту, мага аябай жагат! ийгилик сизге!
06.03.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тушунбой калдым кыз издеп журом дегенинизге мен москвадамын байыш момунов концерт койуп келгенде мен сиздин кызынызды ойнотуп отурдук окшойт алдынкы месталарда .озунуз билесизго бирок Ар бир инсанга ыйман берсинда аллахым
07.03.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин жердешим го ? ой азамат,ийгилик каалайбыз! пахта-абадта коп концерт берет элен ээ :)))
09.03.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Осор ийгилик,бирок баланды жашырганын кудайга жакпайт,тообо кыл укам
15.03.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбайт экенмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо