-

Былтыр өлкөбүздө
8678 ҮЙ-БҮЛӨ ажырашкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
-
Кыргызстандагы жеңил унаалардын 74 ПАЙЫЗЫ КМШ өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттерде чыгарылган.
-
Ош шаардык мэриясы март айында 2500 БАК-ДАРАК көчөтүн отургузууну пландаштырууда.
-
«Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарынын 90 ПАЙЫЗЫ ЭРКЕКТЕР жана алар өнөр жай ишканаларында иштешет»,- деп Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев билдирди.
-
Соңку 22 жылдан бери 200 МИҢГЕ ЖАКЫН мигрант Орусия жарандыгын алган, учурда аталган өлкөдө 1,5 МИЛЛИОН кыргыз мигранттары эмгектенет.
-
Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин бөлүм жетекчиси Алымкан Сатарованын айтымында, аталган окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 80 ПАЙЫЗЫ иш менен камсыз болушат.
-
Өлкөдө алкоголь ичимдиктерин өндүргөн 42 ИШКАНА бар экендигин Мамлекеттик салык кызматы айтты.
-
2013-жылга карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 54 МИҢ 295ТИ түздү. Мындай маалыматты КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов билдирди.
-
2011-жылга салыштырмалуу былтыр кылмыштуулук аялдар арасында республика боюнча 115 окуядан 145КЕ өскөн.
-
Өлкөдө 61 007 ЖАРАН жумушсуз деп катталгандыгын Улуттук статистика комитети маалымдайт.
-
«Жер үй» алтын кенинин социалдык пакети 50 МИЛЛИОН долларды түзөт»,- деп тиешелүү агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуев кабарлады.