Абдымалик Шерматов:«ШАЙЫР МЕНЕН ДИНАРА СЫР КАТА АЛЫШПАДЫ,ОШОН ҮЧҮН АЖЫРАШКАМ»

№539 1-7-март, 2013-ж

Мен ал кезде кичинекей элем. Бул кишинин ырдаганы, популярдуулугу ошол учурда жогору болчу. Жылдар өтүп, бүгүн минтип ал инсан бет маңдайымда маек куруп отурду. Адатта, атактуулар сөздөн жаңылбаганга аракет кылып, аябай аярлап сүйлөшөт журналисттер менен. Каарманым Абдымалик Шерматов «мүмкүн болсо, айтканымдын баарын кыскартпай берсең» деп жан дүйнөсүнүн сырын жашырбай ачты.

– Абдымалик мырза, маегибизди чыгармачылыкка таштаган алгачкы кадамыңыздан баштасак...
-Бала бакчабызда Жамшид деген музыкант агайыбыз бар болчу. Ошонун музыкалары талантымды ойготкон десем болот. Эсимде, кандай иш-чара болбосун, «Малик ырдайт» деп мени чыгарып коюшчу эле. Мен «я играю на гармошке, у прохожих на виду» деп ырдап, уялып кирип кетчүмүн. Эми анда актёрлук боюнча түшүнүк жок кез.
10-классты аяктагандан кийин аскерге кетип, ал жакта 2 жыл айдоочу болуп иштедим. Аскерден келсем, апам мени юрист кылам деп чамынып алыптыр. «Э, апа, кайдагы юрфакты айтасыз?» деп мен каршы болгонума карабай окуу жайга алып барды. Бактыга жараша, окуу жай жабык болуп, тапшырбай калгам.
Ошол жерден Абакан деген эжеге жолугуп калдык. Тиги эже «Балаңызбы? Оо, какой красавчик?! Азыр Москвадагы Щепкин атындагы Искусство институтуна ушундай балдар тандалып жатат, тапшыртпайсызбы...» деп калды. Апамдын болсо «кайдагы театр?! Бул юрист болот» деп жини келип алган. А мен Абакан эженин сөзүнө кызыгып калгам. Ошондо «тапшыра берейинчи» деп апама эки күн ыйладым окшойт. Акыры макул болуп, документтеримди тапшырдык.
Аталган окуу жайга тапшырып жаткандардын саны 2000дей экен. Алардын ичинен 13 гана абитуриент тандап алышарын, эң жашы мен экенимди билгенимден кийин өтпөйм го деп ойлогом. Калгандары Бишкектен 2 жылдык студияны бүтүп барышкандар экен. Ошентип, комиссиянын «ырдайсыңбы?» деген суроосуна ырдап, «бийлейсиңби?» дешсе бийлеп берип сынактан өтүп, аталган окуу жайда 4 жыл окудум. Ал жерден таланттуу актриса Шайыр Касымалиева менен таанышып, экөөбүз 1-курста эле баш кошуп алганбыз.

– Шайыр эже экөөңүздөрдүн үй-бүлө очогуңуздардын бузулушуна эмне себеп болду?
-Биздин таттуу, бактылуу күндөрүбүз студенттик убакта болду. Тагдыр экен, окууну аяктап келгенибизден кийин ажырашып кеттик. Айлана-чөйрөдөгүлөр чоң таасир этти окшойт, «бул оштук» деп Шайырды бузгандар көп болду. Чынында, Шайыр жакшы адам, күчтүү актриса, таланттуу аял. Бирок үй-бүлөнү кармай алган күчтүү жар боло албады. Динара да ошондой болду. Күчтүү менен күчтүү гана жашайт, алсыз адам жашай албайт.
Апам Шайыргүлдү аябай жакшы көрчү. «Шайыргүлүм, Мээримим» деп турар эле. «Жараш, жаша» деп канча айтты. Ошондо мен ага «апа, тү деген түкүрүк, кайра алсаң макүрүк. Мен аны кайра албайм. Эгер Динара менен да ажырашсам, кайра жарашпайм. Бала белде, катын жолдо. Бул боюнча экинчи айтпаңыз» деген элем. Чынында, мен өзүмө «ажырашкан аялым менен кайра жарашпайм» деп сөз бергем. Негизи, эркекти туруктуу кылган, бүлөнү сактап калган аял болот да.

– Динара Акулова жөнүндө да кеп козголуп калды, сурабай кетпесем болбос. Экөөңүздөр кантип табышып калгансыздар?
-Шайыр менен ажырашкандан кийин концерттик программам менен Ош, Жалал-Абад, Баткенди кыдырып чыккам. Ошондо тагдыр Динара экөөбүздү жолуктурду. Ага үйлөнөм дегенимде ыраматылык апам «кой, бул сени өлтүрүп коёт, көзү жаман экен. Жашаба муну менен, сени сатып кетет, алдап кетет» деген болчу. Апамдын тилине кирбей, Динараны жакшы көрүп, «мен сени көтөрөм, «Динара» деген топ түзөбүз» деп ага продюсер болдум. «Динара» тобун, «Динара» бийчилер тобун, «Динара» фирмасын түптөп, концерттерибиз аншлаг менен өтүп турчу. Ошентип жүрүп баш кошконбуз. Бирок бат эле ажырашып кеттик. Буга менин душмандарымдын мага түз эмес, келинчектерим аркылуу келиши себеп болду.

– Келинчектериңиз сиздин кайсы сапатыңызга чыдай алышпады?
-Алар сыр ката алышпады. Кантип жатып, кантип турганыңдан бери сыртка ташыган аялды ким жактырсын?! Үй-бүлө – кичинекей мамлекет, анын да өзүнө тиешелүү сыры болот. Мамлекеттин сырын саткандар өлкөдө тынч жашай алабы? Жок, жашай албайт, куулат. Аял да ошол сыңары.

– Үй-бүлөңүздүн урашы, балким, сиздин чыгармачыл айымдар менен турмуш курганыңыздадыр?
-Жок. Динара мага турмушка чыккандан кийин чыгармачыл болду. Негизи, кандай аял болбосун, анын кайда, эмне кылып жүргөнүн сезесиң. Сезбейт деп жаман иш жасабаш керек. Жеңил ойлуулук чоң жаңылыштыкка алып келерин эске алуулары зарыл. Мени менен түтүн булаткан аялдардын баары менин атак-даңкыма кызыгып туурума конушат. Мени «ух, эркек экен» деп ойлошот. Мен алар ойлогон Геракл же суперсексуал эмесмин. Жөнөкөй гана Алла Тааланын жараткан пендесимин.

– Кыздарыңыз апаларынын колунда өсүштү. Сиз айтып өткөн сөздөр аларга катуу тийбейби?
-Кыз балабы, эркек балабы, атанын тарбиясын көргөнү жакшы. Ата тарбиясын көргөн кыз сестенип турат. Менин турмушумду эл билбей койбойт, билет. Мен алардын күзгүсүмүн. Мээримим – акылдуу кыз. Ата деп ал-абалымды сурап, тынбай байланышып турат. Неберелеримди да жакшы көрөм. Бул апасынын берген тарбиясынан. Малика менен деле сүйлөшүп тургум келет. Аракет кылам, бирок негедир ал мага жакындагысы келбейт.

– Балдарыңызга кандай тарбия берип, канчалык деңгээлде аталык милдетти аткардым деп ойлойсуз?
-Балдарымдын санын айтпай эле коёюн, көп балалуумун. Баары менен эле катташып турам. Чыгармачыл адам болгондуктан, ар биринин жанында болуп, тарбия бере албадым. Бирок тарбиялуулук алардын канында бар.

– Өзүңүздүн балалыгыңызга кайрылсак, кандай күндөрдүн коштоосунда чоңойдуңуз?
-Өзгөн районунун Куршаб айылында, 1965-жылы 29-январдан 30-январга өткөн түнү саат 24:30да Жараткандын буйругу менен апамды кыйнап бул жарык дүйнөгө келгем. Көз тийбесин, канча бир тууган экенимдин так санын айтпай эле коёюн, көп бир тууганмын. Жыртык шым, жыртык көйнөк кийип, айылдык бала болуп чоңойгом. Бала бакча, окуу, тамеки тизүү, пахта, чөп менен күнүбүз өтөр эле. Апам кайраттуу, көрөгөч жан болчу. Төрөп да, иштеп да, тарбия берип да жетишкен. 40 жылдай мугалим болуп эмгектенген. Ал аркылуу аялзатынын туңгуюгуна кирип, ал аркылуу аялзатынын ким экенин тааныгам. Энени энедей сакташ өтө кыйын экен.

– Аялзатын тааныгам деп калдыңыз, аялдарга кандай мүнөздөмө бере аласыз?
-Бул зат купуя, өтө сырдуу, көп кырдуу. Аялга тийиштүү болгон сырды таанып бүттүм деп айта албайсың. Аны канча казсаң да, түбүнө жетпейсиң. Алла Таала аларды океан кылып жараткан. Ошол үчүн Жараткандын амирине гана тан берем, башка эч нерсеге тан бербейм, берген да эмесмин.

– Көп жыл дайыныңыз билинбей кетти. Кайда, эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
-5 жыл Орусияда жүрүп, анын 195 шаарына концерт койдум. Жакшыны да, жаманды да көрдүм. Ал жакка качып же бир нерсе издеп барганым жок. Элдин табитин билүү үчүн гана бардым. 2010-жылы, Орусияда жүргөнүмдө кыргыздарга фестиваль уюштуруп, ага Маликаны чакырган элем. Динара «мен да барайын» дегенинен макул болгом. Ошондо Динара кызуу болуп сахнага чыгып алып мени жамандап жатат. «16 жылдан бери кызын багып чоңойтуп койдум, бул болсо кабар албайт» деп. Кабар алгым келген үчүн чакырдым да.

– Сиз жөнүндө көп кептер айтылып келген, угуп да жүрсөңүз керек. Аларга кандай карайсыз?
-Карга карганын көзүн чокубашы керек, чокуса аягына чейин чокушу зарыл. Мени Динара бардык ырчыларга жамандап бүткөн. Мен жөнүндө ушакты менден корккондор айтышат. Ошолордун бири – мени жалганчы кылган, «карызы бар экен», «тигиндей, момундай» деген куудул Борончу Кудайбергенов. Борончунун айткан кебинен эч нерсе болбойм. Бирөөгө карызмынбы, карыз эмесминби, ал менин ишим. Бул дүйнөдө ар бир адам бири-бирине карыз. Мен биринчи же акыркы эмесмин... Мен жөнүндө, менин жеке жашоом жөнүндө айтып жатышабы, анда алар аябай төмөн адамдар. Аларга Борончусуңбу же башкасыңбы, сен өзүңдүн турмушуңду, ишиңди билчи деп айтар элем. Сен мага эч ким эмессиң. Мени «аферист, жалганчы» деп гезитке интервью бергендерге чоң рахмат, силерге бир гана жакшылык, ийгилик каалайм. Алла ыраазы болсун! Абдымаликти жоготом деп өздөрү жок болуп кеткендер көп болгон. «Асабадагылар» менин интервьюмду бурмалап, жалган жазышкан. Мына ошол гезит жетекчилиги менен кошо жок болуп кетти. Таба кылбайм, тобо кылам, бул чындык.

– Жашоодо өкүнгөн учуруңуз болдубу?
-Апам катуу ооруп калды. Ошондо ага «Таласка, Манастын күмбөзүнө барып зыярат кылып келели» десем, «кантип бармак элем?» деп болбойт. «Барсаңыз, Кудай буюрса, дагы 5-10 жыл жашайсыз» деп эптеп көндүрүп алып баргам. Күмбөздү айланып зыярат кылды. «Кароол- Чокусуна чыксаңыз» дегениме болбой койду эле, көтөрүп, моюнума асып алып чыгардым. Ошондо апам мага ыраазы болуп, эмизген. «Апа, эмне кылып жатасыз, сүтүңүздөн кантип кечип жибересиз?» десем, «сүтүмдөн кечкеним жок, сага ыраазымын. Алла ар тарабыңды кыбыла кылсын» деп батасын берген. Мен айткандай эле, апам ошондон 5 жыл өткөндөн кийин каза тапты. Азыркыга чейин өкүнөм, ошондо 5-10 жыл эмес, «20-30 жыл жашайсыз» деп айтсам болмок экен деп.

– Сизди кинодон да, театрдан да, сахнадан да көрбөй калдык...
-Эл арасындагы таланттуу жаштарды тарбиялоодомун. Ошондой эле элдин жакшылык күндөрүндө кызмат кылып, тамадалыкты да аркалайм. Ставкам жок. Той өткөрүп жаткан адам алына жараша берет. Кыйнап «мынча бер» деп эч качан айтпайм. Мындан сырткары Ош шаарында 8-Март – Айымдардын эл аралык майрамына карата бийик деңгээлде концерт өткөрүп, анда 5000 сомдук белектерди ойноткону турам. Бул да болсо элге кылган эмгегим. Эл туура бааласа болду.

– Азыркы үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
-Чоң уулум Темурлан 10, ал эми Альфайиз 3 жашта. Келинчегим Анара Шерматова ар дайым 18 жашта. Анарам башка келинчектериме окшобой, ар дайым ыйманынан жазбасын.

– Сөз соңунда окурмандарга эмнелерди айта аласыз?
-Кудай мага көп сыноолорду берди. Мени жоготом, каматам, өлтүрөм дегендер да көп болду. СИЗОго отургузушту, ар жакка түртүп да, тартып да көрүштү. Биз, адамдар, чыныгы сапат, чыныгы мүнөз менен жашаш керектигибизди, жасалмалуулуктун келечеги жок экенин унутпасак. 48-49 жашымда Алла мага жакшы нерселерди берди. Жетимдерге, мечитке зекет берип турам. Азыр көп убактымды окуучуларды тарбиялоо менен өткөрөм. Мен баскан каталарды алар басышын каалабайм.

 

Уулбү Каныбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(71)
05.03.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаманбы-жакшыбы убагында чогуу тутун булатып,бир уй-булоону тузгон аялдарын жамандаганы эркектин иши эмес да....Тан калдым окуп алып,ушакчы аялдар бул жакта эле калыптыр го.
05.03.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки интерьвюсунда кайсы аялы менен таанышат болду экенбиз?
05.03.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо,эмнеге ушундайбыз.бир кишини бирообуз жамандасак аягына чейин ии ооба бул ушундай да деп буткончо жамандап,жакшы комент калтырса аягына чейин жакшы деп жаза беребиз.ар бирибиздин жакшы жаман сапаттарыбыз бар да негизи.агай откон отту конул чоктурбой ийгиликтерди жарата бериниз,ал эми Малика бир кун ата керек болгондо байланышат болуш керек,эгер окуган болсо жаманбы жакшыбы атасы бироо жакшы атасын бербейт мумкун суйлошоор.динара эжекебиз кызына айтаар.бирок кийинки санда чын эле чыгат.
05.03.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боорончу эмне деер экен эми
05.03.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Касиеттуу Кара-Кулжага жылына жок дегенде 2 жолу келип концерт берип кетчуу эле окуучулук кезде калтырбай барчуубуз ,а бирок сиздин оозунуздан мынчалык жаман создор калптар чыгат деп ойлогон эмеспиз!Жакшылык гана каалайм сизге ал эми Шайыр эде менен Динара эжелер эркек аялдар аларга таазим!!!
05.03.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдималиктей азаматка кор болгон аял заттары силерге ачынам.Тышкы сулулука,ички сулулук топ келишпей,эр жигиттин созу озуно эп келишпей биягы жаман болду го.Динараны атын Абдималик чыгарган деген соз дайыма айтылып келет эгер ошондой болсо эмдигиче ДИНАРА эчак очмок.Баласынан баласын айрып бирин жакшы деп,бирин жаман деп айтыштын озу эле кандай ата экенин айтып койду.Энени сыйлаганын го жакшы,атаны бир ооз созго албаганын эненин тарбиясы кандай экенин билгизип койдун.Кайтар дунуйо дейт...
05.03.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достор,а дейбиз,бу дейбиз,муну деген турмуш деп коет.Эмнеси болсо да эми ыйманына келип,ушинтип жашоосу отуп атыптыр.Турмуш-муштта жанылбаган жаак,мудурулбогон туяк болбойт.Жанылдын-калдын,мудурулдун-куладын!Бироону сын айтып эмне эми,баары откон сон,мен жон гана Абдумалик байкенин иштерине ийгилик айтмакмын жана кичинекей Гульмира менен куушуп ойногон клибинизди инеттен кантип тапсам болот деп сурамакмын.Абдаан жакчу.Рахмат!
05.03.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ушул атактуулардын ушагы тугонбос болду го....
05.03.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мда, аман эле болсун. Динара эжени алсыз деп койбодубу. Динара эже эн бир кучтуу аялдардын бири!! Все его разводы значит из за жён да его? А сам он белый и пушистый. Малика жакындагысы келбейт мага дептир. Да кто захочет, когда её мать такой грязью обливают.
06.03.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарыма санак жетпейт деген эле кеп экен. айтайынбы абдымалик кукук сыяктуу экен балдарын ар бир аялга таштап кете берген кандай пас адам озумчул, аялдарды жон эле эксперимент кылат окшойт жамандайт да анан кайра башка менен жашайт.
06.03.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага э н жакпаган созу катын жолдо бала белде деген созу болду аттин эркек башы менен аялдарын жамандаганы жарашпай калыптыр
06.03.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр эже демеп мыкты аял экен да кызыныз менен катташып турсаныз
06.03.2013. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарыныз тарбиялууулугунан жазбай,сиздей болуп 5-6аял албаса экен!канындагы коп аялдуулук аларга да отуп кетпей!!!
06.03.2013. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайыр эже абдан жакшы экени корунуп турат!таланттуу акылдуу эже!
06.03.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек эмес экен. Эркек деген майда-чүйдөсүнө чейин ойноп кетти, ичип чыкчу дегендерди айтпай эле сөздү кыска сүйлөмөк деп ойлойм. А бирок Динара Акулова Шерматовду сызга отургузуп кеткен экен. Аны да өзүм бирөөлөргө арызданганынан уккам. Аман эле болсун иши кылса!
06.03.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахаха болдуго биягы,катынчасынан ушактап.Бул жуманын эн мыкты пиары,сизге беш Абдималик байке
06.03.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок,чын эле Динара айымдын сырты жалтырак болгону менен,ичи калтырак!Абдумаликтин апасы туура эле айткан экен.Ошондо эле апасынын созун угуп койсо болмок!
07.03.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
негизи аялдарын жамандабай эле койсо болмок эркеккче откон ишти козгобой туурабы
09.03.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leili, туура!
07.03.2013. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдималик шематов. Ото жалганчы адам экен... Москвада кастинк откозуп элди алдап, акчаны алып еткен. Кудай сактасын мындай адамдан
04.08.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altysh_Boldush, кой
07.03.2013. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ммм даа куйгондо айтам бир арман деген болуптур. Малик мырза аял киши жеткен жаман адам болгон ченде да аял затын жамандоо туура эмес го.Бул жерде баягы вазир жакшы хан жакшы,аял жакшы эр жакшы деген макал да эске келбей койбойт экен.Анан да эркек адам уйдо жылуулук жок болсо аны сырттан издейт деген кеп да бар.Билесинерби достор,мен эн урматтаган аял озу жалгыз,баласын канаттууга кактырбай,тумшуктууга чокутпай турмуш жугун жалгыз озу аркалап,бапестеп баккан энелерге ар дайым таазим деп келем.
09.03.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
best-life, туура айтасын, озу ая кишиден артык айтыптырго, эл кошулбаса керек ойуна, бул адам айтып откон эки айым кыргыз эли сыйлаган улуу адамдар!
07.03.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбостур,кандай гана оор тагдырлар бар бул жашоодо.Эми сиздин жашоонузду(жогорку) биз комментчилер коргон жокпуз, ошондуктан чын-тогунун билбей туруп ал,бул деп айтуу кыйын.Айта кете турган нерсе сиз айткан эки жаман аял тен сиздин каныныздан жаралган тукумунузга татыктуу тарбия беришти.Шайыр эже акылман адам, ал майдаланбайт деп ойлойм.Баарын АЛЛАХ билет,жалганчыбы,жалаачыбы,эки жуздуубу.Турмушунузду эми таапсыз, туболуктуулугн берсин.
07.03.2013. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге эле баарын Демиурга менен жашап коргондой жамандай бергенсинер. Каяктан билесинер чындык ким тарапта экен, мумкун бул мырзанын деле айтканы тогундур. Корот элем силердин башынарга да ушундай тагдыр туш келгенде. Бул менин жекке оюм, куноо бир тараптуу болбойт эки жакта тап барда.
07.03.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдымалик Шерматов:«ШАЙЫР МЕНЕН ДИНАРА СЫР КАТА АЛЫШПАДЫ,ОШОН ҮЧҮН АЖЫРАШКАМ»
Мумкун алар сиз сыр ката албай ушинтип элге жайгандыктан катынпоздуктан тажап ажырашкандыр ...
08.03.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Абдымалик Шерматов азаматсын !
08.03.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектен кудай сактасын.
08.03.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушакчы аялдар рядом не дышит го
09.03.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже ийгиликтерге жетишип жылдыз да ошого ичи тарланып жатат деп ойлойм эркектер ажырашкандан кийин аялынарды жамандабагылачы уят да эркек эркектей болгону жакшы го
09.03.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
натури прикольшикго бул, кучтуу адам м.н кучтуу жашаш керек деп, озун айбай кучтуу акылдуу сезип алды окшойт,
09.03.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдималикти актер дешсе кулкум келет,аял алып-кетирген жагынан актер экени талашсыз, а бирок экранда анча-мынча эле жылт этип бир кинодо эпизод аткарганы болбосо,болок дегеле роль аткарган эмес.Даа.. жаман карып баратыпсын....
09.03.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдумалик байке чыныгы эркексиз,жаман аялдарды кетирип салуу жагынан башкаларга улгу болчудайсыз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо