Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асема:«ЖАМГЫРДА ТОКМОК ЖЕГЕНИМДИ УНУТПАЙМ»

№539 1-7-март, 2013-ж

Жаз – жаңылануунун белгиси. Бак-дарактарды бүчүр байлатып, адамзаттын көңүлүнө шаң тартуулаган, эң бир өзгөчө ынтызарлык менен күткөн жыл мезгилдеринин бири. Жадыраган жаз айы менен кошо кирип келген айымдардын 8-Март майрамын утурлай актриса, ырчы Асема экөөбүз айымдар тууралуу маек курдук.

«АПАМДЫ КУЧАКТАП ЭРКЕЛЕП АЛАМ»
-Кичинекейимде мени катуу кармашчу. Айрыкча апам. Эсимде, окуучу кезимде сабак бүтөрү менен кыздар менен убакытка маани бербей, жолдон апамдын жумуштан чыгып келе жатканын көрүп, атайын жашынып калчу элем, бир аз да болсо ойноп алайын деп. Бирок, бир күнү, тилекке каршы, жаан жаап кирсе болобу (күлүп). Албетте, кийимдерим суу, колу-бутум муздак болуп келгенде апамдан таяк жедим. Апам мени чыбык менен кубалап сабады. Азыр ойлосом, апам кийимимдин суу болгонуна эмес, эртең ооруп калат деп кабатырланганынан сабаган экен. Бала ооруса энеге эле кыйын экенин өзүм балалуу болгон соң билип-көрүп жатпаймынбы. Азыр да апам балдарымды каралашканга жардам берет. Кээде эч ким жокто, үйгө түшкү тамактанууга келгенде уялбай эле апамдын тизесине отуруп алып өпкүлөп, кучагыма кысып, жыттап эркелеп алам. Мен кандай тарбия көрсөм, ошол тарбияны балдарыма бергенге аракет кылам.

«КАЙНЕНЕМ – ИДЕЯГА БАЙ АДАМ»
-Жашоомдо мен үчүн дагы бир ыйык аялзаты бар. Ал – өмүрлүк жолдошумдун апасы. Мен келин болгондон бери апам мага бир да буйрук берип, бир да кайненедей болуп урушкан жок, чынында. Тескерисинче, менин чыгармачылыгыма идея кошуп, дайыма колдоо көрсөтөт. Жадакалса гастролдо биз менен чогуу келген ырчыларды конокточу. Билими күчтүү, даанышман аял. Ошондуктан балдарына билим берүүгө умтулуп, окуткан экен. Бирөөнүн көңүлүн ооруткусу келбеген абдан жумшак сапаттарын баалайм.

«БИЙ МУГАЛИМИ МЕНИ ТУЗУ ЖОК БИЙЛЕЙСИҢ ДЕЧҮ»
-Мени 3 жаштан баштап «бальные танцы» бий ийримине апам алпарып турчу. Шартка байланыштуу башка жакка көчүп кеттик. 8 жашымда Зинаида Мамасалиева деген эженин колуна келдим. Мен үчүн ал адам бүт тарабы төп келишкен, идеалдуу мугалим. Бизге бий үйрөтүүдө башкача «подход» кылчу. Көрсө, мугалим болуш өтө кыйын экен.
Учурда өзүм «Асем» бий тобунда 70тен ашуун баланы тарбиялап, Зина эженин тарбия жаатындагы ыкмаларынан колдонуп келем. Зина эже мени кээде «тузу жок бийлейсиң» деп урушчу, айрыкча «Саринжи-Бөкөй» бийинде. Жылдар өтүп чоңоюп, өзүмдү бышырып жатып, ал бийди жалгыз бийлеп калдым. «Чолпон» бий ансамблинин бийчиси болдум... Айтарым, катуу бир нерсени кааласаң, анда ага жетесиң. Ал эми бийдеги дагы башка кызды «кечикпесең башың ооруйт» деп айтып калар эле. Азыр мен ошол сөздөрдү сыймыктануу менен окуучуларыма айтам.

«БӨЛӨМ – ЭҢ ЖАКЫН КУРБУМ»
-Самара – жүрөгүмө жакын, сырдаш бөлөм. Экөөбүз студент кезде далай кызык күндөрдү баштан өткөрдүк. Кээде окууга баратып «жүрү кеттик, паркка» деп эле кетип калчубуз. Сүйлөшүп, балмуздак жеп, ар нерсени кыялдана берер элек. «Кыздын барар жери – күйөө» демекчи, учурда жолубуз эки башка. Экөөбүз тең «эне» наамына татыдык.

«КЫЗЫМ АЙЛИН – МЕНИН ЖӨЖӨМ»
-Өзүм балалуу болуп, эненин кадырын жакшы түшүнүп калдым. Менин жашоомдун дагы бир керемети – кызым Айлин, 4-февралда 1 жашка чыкты. Жумуштан үйгө дайым ошол кызым үчүн шашып барам. Себеби аны койнума кысып, кучактап, жытын искегенде кадимкидей чарчаганым жазылып кетет. Билбейм, менде ушундайбы же баарынын эле баласы көзүнө айдай көрүнөбү. Учурда тили чыгып, кылык-жоруктары менен атасы экөөбүздү кубантып жүрөт. Аны жөжөм деп эркелетем. Кол телефонумда дайыма кызымдын сүрөтү жүргөндүктөн, эстесем эле үйдөгүлөргө чалып калмай жайым бар. Балекеттей сүйлөшөбүз. Үйдө уулум Адахан экөө чырдашып, мүнөздөрү анча келише бербейт, бирок экөө тең өтө энергиялуу балдар.

«КӨРӨ АЛБАГАН АЙЫМДАР БОЛОТ»
-Көрө албастык айтпаса да байкалат эмеспи. Шоу-бизнеске аралашкандан бери таң калычтуу окуялар болуп келет. Мисалы, бир тасмада «художник по костюмам» болуп иштеп жүргөндө актёрлорго ролуна жараша кийим тигип же сатып алчубуз. Ошондо жакын көргөн курбу кызым мага «дайыма эле сен жакшынакай, сулуу боло бересиңби? Мен дагы жакшынакай болгум келет» деп оозумду ачырган. Кинодо биринчи планда мода эмес, жеткире ойногондук турат. Жан дүйнөмө адамдарды бат эле киргизип алып, жолдошумдун эскерткен сөздөрүн эстеп, кийин кейип калам. Бир жолу «мне тебя жалко, тобой пользуются, кечке эле адамдарга ишенип тартылып жүрө бересиңби, тартылбай эле кой» деп улуу эле эже айткан. Театрда ойноп жүргөндө мага чейин ойногон айым «ии, көрөйүнчү ушу Асемаңардын ойногонун, кандай кыз болду экен ошоңор» деп сын таккан экен, кыскасы, баарын айта берсем сөз көп.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Асема: "Жамгырда токмок жегенимди унутпайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
02.03.2013. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асема аябай сулуу, жакшынакай, назик айым. Мага аябай жагат. Боз салкын киносунда озунун ролун жогорку дегээлде ойногон. Албан ийгиликтерди каалайм!
SUPER.KG видео
02.03.2013. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема сага уй булоолук бакыт каалайм чынында эле кереметтуу келин экен,
SUPER.KG видео
02.03.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сынака катышпай калганына ичим ачышып калды.
SUPER.KG видео
02.03.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ата энесин ыйык туткан,акылдуу айым экен.апасы жонундо айтып жаткан мезгилде,ыйлагысы келип козуно жаш толуп кетти.байкадынарбы?
SUPER.KG видео
02.03.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыргал Шакира эмнеге мындай кылды сынакада катышпай калды даярданды да бул сынака !!!
SUPER.KG видео
02.03.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурункудан башкача болуп калганбы? уйгур кыздарына окшошуп калыптыр.
SUPER.KG видео
03.03.2013. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобо кылдым уюштуруучулар олоюн деп калганбы? Кичине акча берип корбопсунорда)))
SUPER.KG видео
03.03.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асеманын кареги башкача ээ?...Аябай жагат, чырайына жараша акылы да. Бактылуу болушсун ылайым!
SUPER.KG видео
04.03.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сынактын башчысы твар экен,эмне тушунуп тушунбой эле чететип салды ушундай акылды и тушунукту аял затын чететип,или башка кыз бардырда Асеманын ордуна олтуратурган ошол акча берсе керектир да.
SUPER.KG видео
04.03.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акылдуу айым мээримдуу эне корунот. Бар болунуз бактылуу болуп Чырайынызга коз тийбесин. Сынака катышпай калганы жаман болуптур кыжалат болбонуз баары алдыда.
04.03.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сагындым мектебимди мах мах
SUPER.KG видео
04.03.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын сулуу,акылдуу айымы деп айтам. Ийгилик сизге,уй булоолук убакыт каалайм. Тиги чампайган киши чететкенго а?
04.03.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
баары эле бий мектебин ачып жиберишкенго сыягы. Жакында бийчилердин парады!
SUPER.KG видео
04.03.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eki duinodo ten Baktyluu bolushun kaalaim!!!!!
04.03.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми салон качан ачат болду экен ? ? ?
04.03.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асема эженин озгочо уну жагат мага,ырлары да жаман эмес.Балдарыныздын жакшылыгын корунуз,мээримдуу жузунуздон кулку кетпей аман болунуз!
05.03.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненеси чынында аябай мыкты аял.
05.03.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфого нормально интервью бердиртпедиби ошондо?
SUPER.KG видео
05.03.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден, кабарчы кыз созунун аягын бутурбой ит кууп келаткансып шашып суйлоп жудотту. Экинчиден, тиги Жыргал дейби ошону мынча эмне коп айттынар, андайларга олуп кет деп кол шилтеп кутулуш керек да, тем более асема озу тылтыйып айтпаган сон. текебаев айтмакчы кээде итбай чотбайларды кантип жылдыз ийгенибизди билбей калабыз, бул асемага эмес, берки кишиге тиешелуу
05.03.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай сулуу кызда,анан да назииик экен,ийгилик сага....
07.03.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охо,Асема бир аз онолгон го интервью жакшы бериптир кыргызда кеп бар го"балам балалуу болгондо билесин"-деген турмуш тез эле бышырып койот Туркиялык баткендиктер да кыйын го хи хи
07.03.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асема айымды актриса катарында аябай баалайм, тим эле ийине жеткирип аткарат. Жасалмалуулук жок. Жолдошу экоо тен бирине-бири топ келишкен жуптардан, балдары менен бактылуу болшсун. Эненин тарбиясынан, кайнененин камырынан деп коет го элибизде, демек бул айым да мыкты эне болот дегендик. Назик, татына жана бактылуу айым, Кудайым ушунусун кут кылсын.А ичи куйгондорго кудай ынсап берсин, демек алардын таланты сеникине жетпейт.
08.03.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асема эжени абдан баалай абдан татынакай эже
09.03.2013. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
асема боз салкындагы рольун жакшы аткарган таланты кучтуу кыз. Ийгилик сага!
11.03.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
асеманы мен ырчы катары корбойм,бирок актрисалык жагын баалаймын.....
11.04.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асема мен сени боз салкындан көрүп аябай жактыргам, ушунчалык таланттуу кызыбыз бар экенине сүйүнгөм.Бакен,Таттыбүбү,Сабира Күмүшалиева эжекелерибиз тирилип келгендей эле болду, азаматсың.Сенин актрисалык чеберчилигиңе баа жеткис эч качан сахнадан алыстаба.Кыргыздын сыймыгы боло турган кызсың,сенде баардыгы бар. Ак жол....
SUPER.KG видео
03.05.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жыргал деген киши тушунуксуз манкурт экен.Асемага ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
02.06.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо Асема жонундо кобурок маалымат бериниздерчи жаны маэгин качан коробуз? Асемага ийгилик каалайм жеке жашоосунда да чыгармачылыкта да!!!
Медиа-портал
29.07.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асема Баткендикпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо