ТЕЛЕВИЗОР КӨРҮП ЖАТЫП ТАМАК ЖЕБЕ!

№539 1-7-март, 2013-ж

Телевизор көрүп жатып тамак жегенде ашыкча жеп алып, ашказанга күч келет. Биринчиден, адам телевизорго алаксып, тойгонун билбей калат. Экинчиден, тамакты майдалап чайнап жебей, чоң-чоңдон сугунат. Мунун баары адамдын ою тасма же мультфильмге багышталып, тамакка жана аны аш кылууга организмдин чолосу жок калгандан улам болот.
Ошентип чоң-чоң сугунуп, көп тамак жегенден акырындап ашказан оорулары жарала баштайт.
Эртең менен шашып-бушуп чай ичүү, түштө жана кечки убак бир иштерге же оюнга алаксып тамакты кеч ичүү, болбосо ичпей коюу да зыян. Адам организми калыптагыдай иштеши үчүн тамакты убагында шашпай отуруп, майдалап чайнап тамактануу кажет. Адам бир күндө 5-6 ирет тамактанышы зарыл. Эртең мененки тамак же чай, түшкү жана кечки тамак. Түшкү жана кечки тамактын ортосунда жеңил бир нерсе жеп алышты да унутпа. Ошондо ашказан, ичегилер оорубайт, өзүң да тың жү­рө­сүң, мээ жакшы иштейт.
Анан дагы муздак тамак ашказандын иштешин жайлатып, тамак кеч аш болорун эстен чыгарба. Андыктан тамакты ысытып жегин.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
06.03.2013. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шартка байланыштуу 5-6 ирет жеш кыйын
07.03.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-6 ирээт чынында шартка ылайыксыз, 4 ирээт туура деп ойлойм.
11.03.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ашказаным мага капа себеби убагында тамактанбайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо