№540 8-14-март, 2013-ж

Чүй облусунун Кемин райондук прокуратурасы Кемин РИИБинин тергөөчүсү Б.Мга кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 2012-жылы 1-декабрда аталган бөлүмгө М.М. аттуу айымды күйөөсү А.Н. мас абалында сабап салганын айтып арызданып келген. Натыйжада жабырлануучу оор соккудан улам ооруканага жатып чыккан. Тилекке каршы, жабырлануучу М.М. окуядан көп өтпөй 8-декабрда каза болуп калган.
Жогорудагы факты боюнча Кемин РИИБинин тергөөчүсү Б.М. үстүртөн жана жоопкерчиликсиз мамиле жасап, 9-декабрда кылмыш ишин козгоодон баш тартып койгон. Тергөөчүнүн мыйзам бузгандыгы көп өтпөй прокуратура тарабынан аныкталып, айыбы ачылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |