№540 8-14-март, 2013-ж
Башталышы – 19:30 (30 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 350-550 сом
Алпаруучу – Рахман Разыков жана «Беш тапандын» балдары
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 100 пайызы (2-март күнү)
Эң мыкты номер – Абдылда Иманкулов катышкан тамашалардын бары
Куудулдардын алпы Абдылда Иманкулов быйыл 50 жылдык юбилейине карата март айынын башын ээлеп чоң концерт берди. Чү дегенде эле сахнага досу Рахман чыгып «мен деле, Жамбыл деле 50 жылдык юбилейди бергенбиз. Бирок мынча келбедиңер эле. Же Абдылданы 60ка чыкпайт деп ойлоп, биротоло коштошкону келдиңерби?» деп жылмайтты. Андан соң сахнага кеченин күнөөкөрү Абдылда чыкты, элге таазим кылып.
Куудулдар жүргөн жеринен тамаша табышат эмеспи. «Тур, бул менин ордум» деп жай талашып жаткандарга карап Абдылда «толтура орун бош калгандан көрө, орун талаштырып минтип эрмектеп отурган жакшы турбайбы» деп тийишип, аларды жайгаштырганга да жетишти. Чынында, Абдылданын «алтындарым, жаш эле экенсиңер, туруп эле көргүлөчү» дегенине болбой, улуу адамдардан орун талашкан 5-6 жаш кыздын жоругу куудулдун гана эмес, элдин да кыжырын кайнатты.
Куудулду куттуктап «Беш тапан», «Жоролор» куудулдар тобу, достору Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев, Күмөндөр Абылов, ырчылардан Токон Эшпаев, Канымжан Жаманбаева жана башкалар келишиптир. Күмөндөргө кеп кезеги келгенде «куудулдардан Абдылда экөөбүз гана бир аял менен жашап келе жатабыз. Бул деле 1-2 жолу «попытка» кылган. Бирок ишке ашпай калды» деп досунун короосуна таш ыргытып өттү.
Концерттин жүрүшүн эл кандай баалады билбейм, мен «жакшы» деген баа бердим. Ооба, Абдылданын турушун көргөндө эле 32 тишибиз көрүнгүчө күлөбүз. Анткени ал турган турпаты, куйкум сөзү менен элдин тамырын кармай билет. Айрым белден ылдый түшүп кеткен тамашалары элди күлдүрбөй эле, аз да болсо кооптондуруп койду, сыягы. Рахман менен Абдылда маркум сахналаштары Манас Бердибеков менен Дөөлөт Мадумаевдин элесине арнап аткарган ыры таасирдүү болуп, көпчүлүктү жашытып да жиберди. Куудулдун көпчүлүк күйөрмандары Абдылданын дал ушул концерти үчүн эмес, 30 жыл сахнада жүрүп чогулткан аброю үчүн келишсе керек деген ой менен үйгө кайттым.
Толик сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Концерттин биринчи бөлүгү
http://www.super.kg/media/?type=video&id=84111
Экинчи бөлүгү
http://www.super.kg/media/?type=video&id=84109 Ушул шилтемелер аркылуу кирип көрсөңүз болот.