ГРЕЧКА – АРЫКТООГО ӨБӨЛГӨ

№540 8-14-март, 2013-ж

Гречканын мекени – Индия. Бул азыкты эң көп өлчөмдө экспорттоочу өлкө – Кытай (1 жылда 61 миң тонна), ал эми эң көп импорттоочу өлкө – Япония (1 жылда 70 миң тонна).
Керектүү заттардын кампасы болгон гречка даны темир, кальций, калий, фосфор, йод, цинк, фтор, молибден, кобальт жана ошондой эле В1, В2, В9, PP, Е витаминдерине бай. Курамында крахмал, белок, кант, органикалык кычкылдар жана тиамин бар. Башка дандарга салыштырмалуу гречканын организмге сиңимдүүлүгү жогору.

ДЕН СООЛУК САКЧЫСЫ

  • Гречка ашыкча салмактан арылууда (диеталарда) колдонулат.
  • Кант диабети менен жабыркагандар үчүн баалуу азык.
  • Жүрөк, кан тамыр ооруларын алдын алууда жана дарылоодо мыкты жардамчы.
  • Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтып, кан басымды нормалдаштырат.
  • Сөөктөрдү бекемдейт.
  • Ашказан, ичегилердин иштөөсүн жакшыртат.
  • Боорду тазалоочу касиетке ээ.
  • Жөтөлдү басаңдатат.
  • Булчуңдарды чыңдайт.

ГРЕЧКАДАН КОТЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:
Гречка – 400-500 грамм
Жумуртка – 1 даана
Пияз – 1 даана
Сарымсак – 1 чоң тишче
Майонез – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 200-300 грамм
Кургатылган нан – 3-4 кесим (көөлөтүү үчүн)
Туз, калемпир, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Гречканы сууга жакшылап бышырып алуу зарыл.
2. Ага майда тууралган пияз, жанчылган сарымсак, жумуртка жана майонез кошуп аралаштыруу керек.
3. Кезек кургатылган нанды майда күкүмгө айлантууга келет.
4. Даяр болгон боткону алаканга салып тоголоктоп, кургатылган нан күкүмүнө оонатабыз.
5. Эми кызытылган майга салып, эки бетин кызарганча бышырабыз. Даяр болгон котлеттерди шорпо менен берсе туура.

ГРЕЧКА ДИЕТАСЫ (АРЫКТОО ҮЧҮН)
Түндө жатар алдында 6 аш кашык гречканы тазалап, ысык сууга жууп, анан 400 грамм (1 стакан) айранга чылап коюңуз. Жибип калган данды эртеси бир нече ирет тамак ордуна колдонуп, суусундук ордуна 1,5-2 литр газдалбаган суу ичүү керек. Бул диетаны 3-4 күндөн ашык кармоого болбойт. Бир жылда 4-5 жолу кайталоого мүмкүн.

КУРГАК БЕТ ҮЧҮН МАСКА
2-3 аш кашык гречка унун өсүмдүк майы менен аралаштырып ботко жасап алабыз. Аны таза териге жаап, 5-10 мүнөт кармоо керек. Андан соң бетти жылуу суу менен жууп коюңуз. Бул маска терини керектүү витаминдер менен азыктандырат.

Майлуу бет үчүн маска
Жогорудагы ыкмадай даярдалат, бирок майдын ордуна айран кошулат.

СУЮК, АЛСЫЗ ЧАЧКА МАСКА
1 даана жумурткага 4-5 аш кашык гречка унун жана бир аз лимон ширесин кошуп маска даярдап алуу кажет. Аны ным чачка тегиз сүйкөп, 30 мүнөт целлофан менен байлап кармоо керек. Андан соң шампундап жуу керектелет.

КЫЗЫКТУУ

  • Белгилүү аскер башчы А.В.Суворов гречканы «бай азык» деп атаган жана аскер адамдарынын күнүмдүк тамагына коштурган.
  • Медицинада кан тамырлардын жарылышына каршы колдонулуучу «Рутин» каражаты гречканын гүлүнөн даярдалат.
  • Орусияга алгачкы ирет Грециядан алынып келингендиктен, аталышы "гречиха" же "гречка" деп аталып калган.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Гречка ашыкча салмактан арылтат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
08.03.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун кенеш бердиниз рахмат!
SUPER.KG видео
08.03.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип салмак кошсо болот ошол жонундо да кенеш бериниздерчи
SUPER.KG видео
08.03.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин курбум 2 ай жеген бир гана гречканы. Дагы 1 ай жалан гана куруч жеген ))
SUPER.KG видео
09.03.2013. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гречканы сууга кайнатып ботко жасап 3 маал жесем арыктаймынбы я же сутко кайнатамбы жообун айтыныздарчы.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
grechka aryktatsa emne semirtet?owol jonundo kenen maalymat bersenisder.men kamyrdan degenge iwenbeim sebep praktika jusundo tekwerip kordum
SUPER.KG видео
09.03.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичти кенен кылыш керек(тамаша)хе-хе.татуу коп жесенер жана камыр тамак,макарон басып жесенер жакшы эле толуп каласынар.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту супер инфо кененирек маалымат берип койунуздарчы арыкташ учун кандай кылып дайардаш керек
SUPER.KG видео
09.03.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун маалымат экен мен кантип арыктоону билбей жаткам.Гречканы просто обожаю
SUPER.KG видео
10.03.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы маалымат, дагы ушундай коптогон маалыматтарды ар кандай курактагы адамдарга да ылайыктуу кылып даярдасаныздар. Кыргызым дени мак улуттун келечеги да ар кандай нерселерден сак болот, андыктан ден-соолугунуздарга кам корунуздор!
SUPER.KG видео
10.03.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi maalimat eken,turktor bunu kara buuday deyt eken,bizdin tilge jakin bolgonu uchun biz da kara buuday dep koldonsok bolot
SUPER.KG видео
11.03.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты!
11.03.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiom da gre4kany)
SUPER.KG видео
11.03.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечээ гречка-котлетин жасап кордук- формасы тоголок эле болбосо, кадимки басылган эле гречкадай болуп калат экен)) майонез кошуп коюп ото майлуу болуп калып жей албадык.
11.03.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат
SUPER.KG видео
11.03.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм гречка
12.03.2013. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт тамагы
SUPER.KG видео
12.03.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун гречка алып келдим магазинден.Эми аны кантип бышырып жеп арыктасам болот.Аш кылып демдеп жесеби же сууга кайнатып жесемби?
15.03.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гречканын унун кайдан табам?....
31.03.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин агам оло жек коротда гречканы,анткени армияда жалан гречка жей берип конулуно кок таштай тийгенго сыягы
16.04.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат
SUPER.KG видео
17.05.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууга бышырып жеш керек.
20.08.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гречка жеп арыктаймын деп оозумдан сары суум агып жатып калгам жумушумда 2010чу жылдары:)
09.02.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо суперсинер❤️❤️
09.02.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээээн жаман коргонум гречка болчу корсо витаминдин баары ушул гречкада турбайбы эми жей баштаймго жакшы коруп
15.02.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ супер инфо катачылык кетти,таакыр окшободу менин кылган гречка катлетим(((не кылсам эч бир-бирине жабышпай койду
28.05.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
girlzat,жумуртка кошконду унутуп койгонсузго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо