Данияр Эрматов:«СУЛУУ КЫЗ КӨРСӨМ, КӨЗҮМ ТОКТОП КАЛАТ»

№540 8-14-март, 2013-ж

«Ырчылык менин кесибим болгондуктан, бул ишти жан дилим менен аткарышым керек. Азырынча эл эсинде калчу чыгармаларды жаратпасам да, келечекте талантымды далилдеп, атым эл артисти катары тарыхта калышын каалайм»деген аруу тилеги менен бөлүштү бүгүнкү маектешим. Ырчы Данияр Эрматов «Токто, жаным», «Аярым»деген ыр-клиптери менен жаштардын купулуна толуп, күн санап популярдуулугу арта баштаган кез.

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Туулган жылы – 1989-жыл, 1-февраль
Бою – 175 см
Салмагы – 66 кг
Кумири – Атасы
Фобиясы – Жер титирөө
Учурда – Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүндө окуйт

– Данияр, кандайсың? Чыгармачылыкта эмне жаңылык?
– Жакшы. Эң башкы жаңылыгым, жакында эле «Сагындым»деген аталыштагы алгачкы ыр жыйнагым жарык көрдү. Дал ушундай аталыштагы ырым мени элге таанытып, хит ырлардын катарын толуктай алган десем болот. Жыйнакта элге тартуулана элек да чыгармалар орун алган.

– А жеке жашоодочу? Мындан бир жыл мурун бизге берген маегиңде «жүрөгүм бош, жаз менен кошо сүйүүнүн келишин күтүп жүрөм»деген элең...
– Тилекке каршы, ал көктөм мага махабат тартуулай албады. «Сага эрте»деди окшойт (күлүп). Дагы деле сүйүүмдү издөөдөмүн. Кээ бири ойлошу мүмкүн, «Данияр күйөрмандарын жоготуп албаш үчүн сүйлөшкөн кызын жашырып жатат»деп. Андай эмес, болсо бар деп эле айтмакмын. Күйөрман деген ырчыны эмес, анын чыгармаларын сүйүшү керек.

– Аз убакытта көп күйөрман топтой алдым деп ойлойсуңбу?
– Сахнанын босогосун жаңы аттаган учурга салыштырмалуу азыр күйөрмандар жакшы эле көбөйүп калды. Мисалы, көчөдөн өтүп баратканда таанып, же болбосо ырдап чыкканда кыйкырык-сүрөөнгө алып колдогондор болот. Эми укмуш популярдуу болуп кеткен жокмун, чынында. Бирок чыгармаларымды сүйүп уккан белгилүү бир чөйрө бар экенин билем.

– Ырчы жигит кимдердин чыгармаларын сүйүп угат болду экен?
– Менин оюмча, ар бир ырчынын жакшы да, жаман да ыры болот. Мисалы, Гүлнур Сатылганова менен Рыспай Абдыкадыровдун кайсы бир чыгармаларын жактырып уксам, кай бирлери табитиме туура келбеши мүмкүн. Ал эми чет элдик ырчылардан Энрике Иглесиастын чыгармачылыгын баалайм, ырларын угуп, интернеттен концерттерин көрүп турам.

– Иглесиас демекчи, «Сага»деген клибиңдин ушул ырчынын «Do you know?»деген ырынын клибине окшоштук жайы бар. Дегеле плагиат ыр-клиптерге көз карашың кандай?
– Аталган клиптин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыковго таандык. Ал сценарийди өзү жаздыбы же ошол клиптен алдыбы, ким билсин? Албетте, чыгармачыл адам идеяга бай болушу кажет. Ошондуктан ар кимдин эмгегин уурдабай, жеке өзгөчөлүккө ээ болушу керек. Плагиатты «алма, быш, оозума түш»деп отура берген жалкоолордун жоругу деп түшүнөм.

– Кино тармагына аралашып, продюсерлик кылып да жүрөсүң...
– Досторумдун кеңеши менен «Салам, Бишкек!»аттуу тасмага продюсерлик кылдым. Көптөгөн сындар менен катар оң пикирлер да айтылды. Эң негизгиси, эмгегибиз акталып, кеткен чыгым эки эселеп кайтты. Бул да менин көптөн бери ойлоп, бирок ишке ашпай келген тилектеримдин бири болчу. Эми аталган тасманын экинчи бөлүгүн тарталы деп ниеттенип турабыз. Келечекте кыргыз киносун өнүктүрүүгө салымымды кошсом дейм.

– Продюсерлик кылуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул үчүн капчыгы калың болуш керек дегендей...
– Жалгыз эмес, досум менен чогуу тарткам, каражаттын жарымын ал, жарымын мен чыгарып. Жеке бизнесим жок. Кино тартууга ырчылыктан түшкөн акча эле жетиштүү болду.

– Чыныгы таланттуулар өмүр бою элдин эсинде калат эмеспи. А сенин сахнадагы өмүрүң узун болоруна ишенесиңби?
– Жашмын. Ырларым да ошол жаш баланын деңгээлинде. Ошондуктан азыркы ырларым элдин эсинде калбашы мүмкүн. Бирок мезгилдин өтүшү менен олуттуу ырларга басым жасай баштайт эмеспизби, мына ошондо муундан муунга өтчү шедеврлер жаралат деп ишенем. Өчүп калуудан бир чети корксом, бир чети уялам. Андыктан ырчылыктын кайыгына түштүмбү, жээкке сүрүлүп калбашым керек.

– Продюсерсиз, өз алдынча чыгуу колдон келбейби?
– Башында өзүм продюсер менен иштеген ырчыларга таң калчумун, «өзүнүн колунан келбейби? Аны менен тил табышабы, жокпу?»деп. Кийин концерт берүүнүн түйшүгү, сахнадагы форма, күйөрмандар менен жолугушуу деген көйгөйлөргө туш болуп, күнүмдүк режимди түзө албай кыйналганда бул ойдон кайтып, продюсерге кайрылууга аргасыз болдум. Азыр Канат Кадыржан менен иштешип жүрөм. «Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы» дегенге эми ынандым.

– Пикир келишпестиктер болбой элеби?
– Бизде кагаз түрүндөгү келишим бар. Эки тарап андагы өзүбүзгө тиешелүү талаптарды толугу менен аткарабыз. Ошондуктан кайчы ойлор жаралбайт.

– «Футболго кызыкпаган эркек – эркек эмес»дегенге кандай карайсың?
– Мм, буга кошулбайм. Мен, мисалы, дайыма футбол ойноп турам, бирок бир дагы футболчу, футболдук команда жөнүндө маалыматым жок. Таймаштарды да жата калып көрчүлөрдөн эмесмин.

– Бирөөгө таарынсаң бат эле жазыла­сыңбы же көгөрүп туруп алмайың барбы?
– Эгер бирөөгө капа болсом, «бул эмне кылганың?»деп бетине эле айтып, мындай жоругунун себебин сурайм. Түшүндүргөндөн кийин кайра эле күлүп сүйлөшүп калам. Көк эмесмин.

– Сени мактанчаак бала деп угабыз, чын эле ошондойбу?
– Жок, андай эмес. Бул мени көрө албаган досторумдун эле айтканы болсо керек.

– «Көрө албас достор» дегенди кандай түшүнсө болот?
– Аттарын атабай эле коёюн, бирок чыгармачылыкта дос деп аталгандардын ичинен бут тоскондор четтен чыгат. Ошон үчүн жоро-жолдош күтүүдө алды-артыңды карай жүрүшүң керек экен.

– «Чыныгы эркек карышкырдай. Жалгыз же өмүр бою бир гана түгөй менен»деген кеп бар. Сага мындай сапат мүнөздүүбү же ар кайсы «юбканын»артынан ээрчигендерге киресиңби?
– Кийинчерээк токтолормун, бирок азыр, чынын айтсам, кыз жандуумун. Кызды сөзсүз бутунан башына чейин карап, аябай сынайм. Сулуу бийкечти көрдүмбү, дароо көзүм токтоп, таанышуунун амалын издей баштайм. Эгер баш тартса, тынчын албай эле акырын артынан чуркап жүрүп, акыры ал кыз меники болот.

– Ошондо өзүңдү кыздардын жүрөгүн бат багынтып алчу жигиттердин катарына кошосуңбу?
– Антип мактангым келбейт. Бирок кызды өзүмө багынтып алып жаткан соң сурооңузда кандайдыр бир деңгээлде чындык бар.

– Идеалдуу адам жок. Кандай учурларда өзүңө нааразы болосуң?
– Бирөөгө убада берип, көп учурда аткара албай калам. Ооба, бул нерсе шартка байланыштуу болуп калат деңизчи, бирок бул адаттан такыр арыла албай койдум.

Асел Асанова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Кыз жандуу Данияр Эрматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
09.03.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамды жакшы деп айтыш керек.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба данияр туура айтты достука бекем данияр мени менен да дос жакшы мамиле кылат!
SUPER.KG видео
10.03.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam Daniyar sen en jonokoi balasyn oshol sapatyndy baalaim.
SUPER.KG видео
10.03.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер эн мыкты менин акем.
11.03.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озун мактап эле жатып калыптыргоо...:) кыз жандуу болгону жаман экен хе хе. " Салам бишкек"киносу мыкты тартылган чындыгынд...
SUPER.KG видео
11.03.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр байке ырларыныз мыкты... дагы жакшы чыгармаларды жарата берин! ийгилик
SUPER.KG видео
11.03.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сагындым деген ырынызды кайдан кочуруп алсак болот? мага аябай жакты супер...
SUPER.KG видео
11.03.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана алга демекчимин! Соз жок. Азаматсыз.
11.03.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы таныбайт экенмин. Бирок ”юбка”лардын артынан чуркаганынды токтотуп жакшы ырчы аталганын онго дейм.
SUPER.KG видео
11.03.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец братишка алгаааа
SUPER.KG видео
11.03.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын досум чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Ардайым алга умтулабер...)
11.03.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
daniar molodets azamatsyn yrlaryndy suiup ugam klipterin da super.iygilik kaalaim
SUPER.KG видео
11.03.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dan akoooooouuu sizge iygiliiik kaaalaim ar daiym 1likte bolup.juro beriniz.sizdin yrlarynyz klipteriniz maga rassa jagat)))))jakyn aiash kyzynyz)))))men))))k
11.03.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуну коро албаган рокфеллердин баласы бекен...
SUPER.KG видео
11.03.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!! талантын ташкындай берсин, сага ийгилик Данияр
SUPER.KG видео
11.03.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакындан тааныбасам да кооп жылдан бери тааныгандай болдум майегин угуп.Даниярдын суйлогон создору кулгону бут эле адамдык саппатары озуно жарашыктуу экен!!!Бир эле мезгилде токтоо жана шайыр экен.Маегы кызыктуу болуптур.Жумушуна ийгилик.!!
SUPER.KG видео
11.03.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам! супер маек!Ошко концерт бергилечиии!!!талантыныз ташкындай берсин!!Данияр ийгилик жылмайсын!!!
11.03.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун,маегинер да мыкты!Данияр кээ бир создорду,уйундогу иттин ургонуно теней бер!!алга..супер ырчы наамына татыктуу иш жасагын..макулбу уят кылбагын бизди.
12.03.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошондо бул ким?
12.03.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asmandago ozuncho ele janagy kim Daiyr ekon okshosh ele ekensiner..
Модератор admin_media түзөттү 07.10.2014 16:12
12.03.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anash - эскертүү!
Комментарийиңиз түзөтүлдү, аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүккө тыюу салынат!
12.03.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таанысам өлөйүн
12.03.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озгондон болсо не экен. бироону сындаардан мурун озунорду билгиле макулбу
12.03.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sapfir86 Калп эле тантырабагын.ичи куйгон ырчы пырчы окшойсун сен.
13.03.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4ygarma4ylygynyzga iygilik Daniyar baike.sizden koptogon kinolordu jana yrlardy kutobuz.sizdi urmattap Nursultan degen ini4eginiz ))))))
15.03.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын, талантту баласын. чыгармачылыгына ийгилик. мындан да супер ырларды,кинолорду жарата бер.
15.03.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
MMMM молодец сосед. Но в жизне ты красивый чем...
16.03.2013. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ким озу? Дагы ырчыбы?!!!((((( Кандай ырларды ырдайт бул??
16.03.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Три жизни уккан эмесмин
17.03.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен иштеген жерде окуйт, бирок аны зачеткадан гана кором сессия маалында.
20.03.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавчик эн мыкты алга дони алга сен жакшы иштеп жатасын таалыкпа
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо