САЯСАТТЫ САТИРАГА САЛГАН ТАЛАНТ

№540 8-14-март, 2013-ж

Концерттин өткөн орду – Спорт Ордосу, 6-мартта
Башталышы – 19:30
(1 саатка кечикти)
Көрүүчүлөр – Амфитеатрдагылардын баарын кууп түшсө, партер толмок
Мыкты номерлер – «Эшек менен эчки» тамсили, «Шайтан жана периште» тамашасы
Алып баруучулар – «Талант-шоунун» жигиттери Аскат жана Бека
Билет баасы – 300-400 сом

Концерт болбоду дегенде жарым саатка кеч башталарын билип калган жаным, атайын бир аз кечигип бардым. Сахна «ТАЛ-ШОУ-АНТ» деген жазуу менен кооздолгон. Билбейм, мен ушинтип окудум. Эл болсо отурат, ай караган текедей болуп күтүп, улам-улам сахна тарапка моюнду созуп, «баштабайбы» дешип. Бир убакта астынкы катарда отурган келин күтүүдөн тажадыбы, күйөөсүн түрткүлөп «сен бир кол чаап койчу, балким, башташар» десе, телефонун чукулап отурган анысы «эл толсо башталат да» деп койду. Күлкүм келди, саат 19:25 болду, кайдагы эл?
Көп өтпөй эле жарык жалп деп өчтү. Көрсө, концерттин башталып жаткан кербези экен. Сахнага «ИКС» бийчилер тобу чыгып, өнөрүн тартуулады. Бул топту «ИКС» деп өзүм эле атап алдым. Анан эмне кылам, аларды эч ким тааныштырбаса. Алардан соң «Талант-шоунун» эки жигити чыгып, эл менен саламдашып, устатыбыз деп Талантты сахнага чакырышты. Талант үкөмдүн кабагы бир аз салыңкы,  «настыры носкисинде» жүргөндөй туюлду мага. Эми түшүнүктүү да, Спорт Ордосуна ээ боло албай, улам-улам жылдырып отуруп концерт койсо, анан минтип зал толбосо...
Чындыгында, куудулдун концертке даярдыгы мыкты болуптур. Талант бирде арак ичкен күйөөсүнөн тажаган келиндин, бирде кымыз саткан абышканын, бирде индия кызынын ролун аткарып элди күлдүрүп жатты. Айымдардын жаз майрамына карата жазылган жаңы тамашалар, жаңы пародиялар аткарылды. Бирок көрүүчүлөрдүн «мурдагы президенттерди, саясатчыларды туураган тамашаңызды аткарып берсеңиз» деген мүдөөсүн аткаруудан баш тартты. «Мен элге «жаңы программадагы концерт коём» деп сөз бергем. Андан көрө жаңы тамсил окуп берейин» деп эшек, эчки, текелерди саясатчылардын үнү менен сүйлөтүп, залды кыраан-каткыга бөлөдү.
3 сааттан ашык убакытка созулган Таланттын концертине жалпы жонунан 8 киши катышты. Конок катары жаш ырчылар Данияр Эрматов, «экс-кыз-буракчы» Мирана Мамытова, Санжар Бердибеков чакырылыптыр. Санжар куудул эмеспи, элдин боорун эзсе керек деп ойлоп жаткам. Кайдан? Бир интермедияда эпизоддук роль жаратты да, баягы «Сени мен жарым деп жүрсөм...» деген ырын ырдап тим болду.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
11.03.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик брат аябай кылдаттык менен карап отурган экен, жакшы сындаптыр. Талант Анарбаевге боорум ооруп кетти. Жакшы даярданып келсе, киши аз болсо жаман го.
11.03.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талант Анарбаевге ийгилик
11.03.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Толик Сынчы кандай адам болду экен, Супер Инфо чыгып ага жогорку инсанды сын-пикири жазылгандан бери ушунчалык кызыгып келем, ким жана кандай адам деп))). Эми Анарбаев да аракеткылып жатат, Спорт ордосун толтуруш учун продюссерлер мн иштеш керек го дейм менимче.
11.03.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талант акенин аракет жакшы))бирок...элдин вкусун табитин билбейт окшойт..Толик сынчы ал аял,эркек эмес..)))а баса супер инфо Назира айтбекова тынчыдыбы Бахиана не болду????
12.03.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо мумкун болсо Толик Сынчыны элге тааныштырып койгулачы. Мага кызык ким экени. Ар дайым концерт тууралуу сын жакшы айтат.
12.03.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул аркимди чукуганды жакшы корсо керек да андан кору сындашпай бири бирибизди колдобойлубу,Талант Анарбаевтин концертине эл толбой калса кийинки концертеринде эл батпай калышы мумкун,бир концерти менен токтоп калбайт да.зачем кереги бар чукулап укулап бироону толик сынчынын башка кылаарга не иши жок бекен.
18.03.2013. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik9090, Иши ушул болсо керек да.
19.03.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында мыкты куудул
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо